КЫТАЙ ЭЛЧИСИ ДУ ДЭВЭЕНЬ: “№69 ГИМНАЗИЯНЫН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ”

  • 22.01.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын директору Сайрагүл Атаеванын  чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ду Дэвэень  мектептин “Конфуций класстары” менен таанышып чыкты. Айтмакчы,  №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы быйылкы жылы дүйнөнү дүңгүрөтүп, “Конфуцийдин эң мыкты классы” наамына татыктуу болгонун буга чейин жазганбыз. Бул сыйлыктын берилиши мектептин гана эмес, ата мекендик билим берүүдөгү жыл ичиндеги чоң ийгилик катары бааланып, ошону менен бирге Кыргызстанга да кадыр-барк кошуп отурат.  Кытай элчиси Ду Дэвэень  дагы бир жолу “Конфуцийдин эң мыкты классы” сертификатын шаардык мектеп директорлорунун, окуучулардын, ата-энелердин катышуусунда  гимназиянын директору С.Атаевага тапшырды. Ошондой эле кытай календары боюнча белгиленип жаткан жаңы жыл менен куттуктап, гимназияга  телевизор, компьютер жана окуу китептерди белекке тапшырды.  

КЫТАЙ ЭЛЧИСИ ДУ ДЭВЭЕНЬ:  “№69 ГИМНАЗИЯНЫН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ”

Чакырылган конокторду мектептин кире беришинен №69 ОТКнын комузчулар жана темир комузчулар ийриминин окуучулары тосуп алып, өнөрлөрүн тартуулашты. Андан соң Кытайдын маданияты боюнча өтүп жаткан сабактарга катышып, окуучулардын каллиграфия, маска боёо, түймө өнөрү, кесүү өнөрүн көрүп, ыраазы болгону жүзүнөн көрүнүп турду. Ошондой эле HSKге даярдоонун жүрүшү менен дагы таанышты. Ал эми 9-класстын окуучулары “Кытай жаңы жылы” темасы боюнча угуп-түшүнүүсүн көрсөтүштү. Кыргыз мугалимдери менен катар кытай мугалимдери да  сабактарды өтүштү.

Окуучулар бири дагы такалбай кытай тилин так жана даана сүйлөп жатышканына элчи айым абдан ыраазы болду.

Андан соң, келген коноктор үчүн окуучулар чакан концерт тартуулашты. “Бактылуу Кытай жаңы жылы” бийин, “Бакыт” тууралуу жаңы жылдык жомокту 5-класстын окуучулары абдан чеберчилик менен кытай тилинде аткарышты. Ал эми “Кызыл гүл” ыры менен чыккан 9-класстын окуучусу Ырыскелди Майрамбек уулу кесипкөй ырчыдай аткарып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. “Тарыхты айткан адам”, “Эң жакшы доор” деген кытай бийлери да кызыгууну жаратты. Ал эми 7-класстын окуучулары “Кытай жүрөгүмдө” аттуу хорду аткарганда кытай элчиси кошо ырдап отурду.

Концерттин аягында мектеп директору Кытай элчиси Ду Дэвэень  айымга сөз берди. Ал таптак орус тилинде сүйлөп, “Биз кыргыздар менен кылымдар бою дос болуп, кошуна мамлекеттер катары ынтымакта жашашыбыз керек. Мен жана менин кесиптештерим үчүн №69 гимназияга келүү чоң сыймык. Баарын көрүп чыктык, аябай таасирлендик.  Бизди чакырганы үчүн мектеп директоруна, жаңы жылдык концерт уюштуруп берген бардык окуучуларга, мугалимдерге терең ыраазычылык билдирем. Пекин чет тилдер университетинде кыргыз тили кире баштады. Эми биздикилер дагы кыргыз тилин үйрөнүшөт. №69 гимназиянын окуучулары кытай элин, маданиятын жакшы түшүнгүлөрү келип кытай тилин окушат экен. Мени таң калтырганы окуучулар таптак кытай тилинде сүйлөп, ырдашты. Бул жагынан алганда №69 мектептин келечеги кең. Мектеп мындан да өнүгүп-өссүн. Балдардын жашоосу абдан бактылуу болсун! Кытай тилин мугалимдер жакшы окутушат экен, ошондуктан жыйынтыгы жакшы.

Өткөн жылы дүйнө  жүзү боюнча үч гана мамлекетке: Кыргызстан, Италия, Непалга  “Конфуцийдин мыкты классы”  наамы ыйгарылган. Ошол сертификатты дагы бир жолу тапшырып коеюн”.

Иш-чаранын жыйынтыгында элчи айым келген коноктор, окуучулар менен эстеликке сүрөткө түштү.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер