ДАҢАЗАЛУУ МЕКТЕПТЕГИ ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУНУН МААРАКЕСИ

  • 14.12.2018
  • 0

7-декабрда Аламүдүн районундагы Иманали Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясында «Жарыгы тийген кыргызга, таазим кыл улуу Чыңгызга!» аттуу кызыктуу иш-чара өтүп, анын алкагында Чыңгыз Айтматовдун окуу бөлмөсү жана галереясы ачылды.

Сөз башында айтып койсок, Иманали Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясы Аламүдүн районундагы байманалуу тарыхы бар мектептердин бири. Ошондой экендигин мектеп короосуна орнотулган эстелик тастыктап турат. Мында Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, кан майдандан кайтпай калган мектептин мурунку агай-эжейлеринин ысымдары жазылган.

Аалам алпы Айтматовго арналган иш-чараны да баатыр аталардын өткөн согуштагы эрдигин даңазалоого өзгөчө маани берген бул мектептин директору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Күлбүбү Искакова ачып,  Айтматов окуу бөлмөсү менен Айтматов галереясынын ачылышы ириде келечек муундарды адептик жактан  тарбиялоого багытталганын белгилеп, бул ишке  кимдер кол-кабыш кылганына токтолду.

—  Бул кабинетти ачуу оңой-олтоң болгон жок. Далай ойлонуп, пайда болгон көйгөйлөрдү убагында чечип, оюбузду ишке ашырдык. Биздин демилгени баарынан мурун  ата-энелер комитети, өнөктөштөрүбүз, демөөрчүлөр, Аламүдүн райондук Мамлекеттик админстрациясы, райондук билим берүү бөлүмү, Лебединовка айыл аймагынын жетекчилери колдоого алышты. Учурдан пайдаланып, аларга чын жүрөктөн чыккан алкышыбызды айтабыз, — деди Күлбүбү Искаковна.

Урматтуу окурман, быйылкы мааракенин бир өзгөчөлүгүн белгилей кетсек,  өзүңүз байкагандырсыз, учурда Айтматовдун 90 жылдыгы – «Дүйнө Айтматовду окуйт» деген ураандын астында өтүп жатат. Бул күнкү иш-чарада да Айтматов чыгармаларынан үзүндүлөр байма-бай окулду. Мунун себебин Күлбүбү Искаковна өз сөзүндө абдан туура белгиледи.

— Айтматовдун ар бир чыгармасын окуп жатканда анын каармандары менен аралашып жашайсың, окуяларга жан дүйнөң менен сүңгүп киресиң, бирде ыйлайсың, бирде күлөсүң, бирде кыжырың келет. Мына Айтматовдун өз окурмандарына тартуулаган чыгармаларынын көркөмдүк бийик деңгээли! Тилекке каршы, акыркы кездерде жаштар китеп окубай калды. Бирок, мааракеге байланыштуу көпчүлүгү китеп окуй баштаганы бизди, тарбиячыларды, кубандырат, — деп айтты мектеп жетекчиси.

Анан мааракеге улай башталган улуу салтты улап, Күлбүбү Искаковна Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинен  үзүндүнү көркөм окуп, класстагы окуучуларга суроо узатты.

— Балдар, сөз ким тууралуу болуп жатат?

— Биринчи мугалим Дүйшөн тууралуу болду.

— Кимдин баяндоосу деп ойлойсуңар?

— Алтынайдын.

— Туура! – деп Күлбүбү Искаковна көркөм окуу боюнча кезекти   Аламүдүн райондук «Жылдын мыкты мугалими – 2017» сынагынын жеңүүчүсү, №1 Лебединовка мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими Красовская Оксанага  берди.

Оксана Анатольевна улуу жазуучунун «Саманчынын жолу» повестинен Майсалбектин фронттон апасына жазган катынан окуду. Андан кийин  мектептин англис тили мугалими Таалайбек уулу Автандил эл алдына чыгып, Айтматовдун «Жамиля» повестинен  жатка айтты. Аткаруучулук жагынан айырмаланган мындай көркөм окууларга шатырата кол чаптык. Ушундан соң, «Айтматов жана адабият» деген темадагы ачык сабак өтүлдү.

— Мен силерди адабият сабагынан саякатка чакырам. Алдын төмөнкү сөздөргө көңүл буруп, бүгүнкү сабактын темасын аныктап алалы, — деп кайрылды Рыскүл эжей окуучуларга. Балдар-кыздар ватманга жазылган сөздөрдү окуп чыгышкан соң, бул күнкү сабактын темасын  аныктоого киришти.

Кыргызды дүйнөгө тааныткан айтылуу Шекер айылы тууралуу видео көрсөтүлүп, андан окуучулар Шекер айылында Чыңгыз Айтматовдун 50 жылдыгына арналып ачылган музейи бардыгын, анда бир топ баалуу экспонаттар, мисалы өспүрүм Чыңгыз  селсоветте секретарь болуп иштеген маалында көтөргөн сумкасы, кийген кийимдери, жазып чыгарган китептери коюлганын, ошондой эле «Биринчи мугалимдеги» Дүйшөндүн нагыз болгонун билишти.

Видеого улай мектеп-гимназиянын 10-11-класстарынын окуучулары Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» повестинен Найман эне менен Жоламандын жолугушуусун аткарып беришти.

— Жоламан! Уулум, кайдасың? Сен мени тааныдыңбы?

— Жок! Сен мага жолобо! Атып салам! Жолобо дейм!

— Сенин атың манкурт эмес, Жоломан! Атаң эсиңдеби? Атаңдын аты — Дөнөнбай! Найман уруусунан болосуң!

— Жакындаба дейм!  (Жоломан өз апасын жуан-жуандар берген жаа менен атып салат)

Сахналык көрүнүштөн кийин бул күнкү салтанаттын катышуучулары Айтматов галереясына баш багышты. Ошентип, залкар жазуучунун мааракесине багышталган иш-чаранын экинчи бөлүгү ушул жерде уланды. Анын максат-мүдөөсү тууралуу олтургандарга Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Э.Н. Сейталиева айтып берди.

— Сентябрь айында райондун бардык билим берүү мекемелеринде «Айтматов менен бирге оку» деген аталыштагы үч айлык иш-чаралар өнөктүгүн жарыялаганбыз. Бүгүн ошонун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылмакчы, -деди Элида Насипбековна райондогу билим берүү мекемелеринин жетекчилерине кайрылып.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын куттуктоосунан кийин, жеңүүчүлөрдүн ысымдары аталып, аларга Ардак баракчалар, баалуу белектер берилди. Сыйлангандардын арасында «Мыкты сүрөт» номинациясы боюнча 1-орун Кашка-Суу орто мектебине, Кара-Жыгач орто мектебине – 2-орун, Б.Бейшеналиева атындагы орто мектепке – 3-орун; «Мыкты бөлмө» номинациясы боюнча 1-орун №1 Лебединовка мектеп-гимназиясына жана Таш-Дөбө «Нур»  бала бакчасына; «Мыкты сабак» номинациясы боюнча 1-орун — №1 Васильевка орто мектебине жана «Алтынай» бала бакчасына; «Жетекчилердин көркөм окуусунда» Кашка-Суу орто мектебине – 1-орун,  «Айданек» бала бакчасына – 2-орун; «Окуучулардын көркөм окуусунда» Аламүдүн орто мектебине – 1-орун, көмөкчү Ала-Арча орто мектебине 2-орун ыйгарылды.

ДАҢАЗАЛУУ МЕКТЕПТЕГИ ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУНУН МААРАКЕСИ

Номинациялар боюнча 2-чи жана 3-чү  орунду ээлегендер да көп болду. Башкысы, район мектептеринде, бала бакчаларында Айтматовдун 90 жылдыгын татыктуу майрамдоого зор күч жумшалганы көрүнүп турат. Иш-чаранын соңунда мотурайган кичинекей балдар «Ак кеме» повестинен баланын монологун зор чеберчилик менен аткарышса, мектеп-гимназиянын  ата-энелер комитетинин төрайымы Садыкова Рахиля Айтматовдун «Ак кеме» повестинен бир  үзүндү окуп берди.

— Мектебибиздеги ийгиликтерде директорубуз Күлбүбү Искаковнанын эмгеги зор. Ал иштегенден бери, биз окуучулардын билим сапатын жогорулатууда, мектептин материалдык базасын чыңдоодо көп жетишкендиктерге жетиштик, — дейт Рахиля Мамедовна иш-чаранын жүрүшүндө.

Жеңүүчүлөрдү, жалпы эле бул күнкү салтанаттын катышуучуларын ардактуу коноктор – Агартуу кызматкерлеринин республикалык профсоюзунун төрагасы Асылбек Токтогулов, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү –  Салтанат Умралиева, Аламүдүн райондук Мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Айбек Кулубаев, Лебединовка айыл аймагынын жетекчиси А.Ш. Солтоноев  кызуу куттукташты.

— Биздин айыл аймакта 4 орто мектеп. 4 бала бакча бар. Булардын ичинен азыркы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясы тогуз жылдан бери гимназия статусуна ээ. Үч-төрт жыл мурун инновациялык 100 мектептердин катарына кирген. Биз мектеп-гимназиянын бардык демилгелерин колдоп турабыз, — дейт Лебединовка айыл аймагынын башчысы Алкан Шайлообекович.

Ал эми Агартуу кызматкерлеринин республикалык профсоюзунун төрагасы Асылбек Токтогулов өз сөзүндө учурда Чыңгыз Айтматовдун мааракеси бүтүндөй дүйнө жүзүндө, айрыкча түрк тилдүү өлкөлөрдө бийик деңгээлде майрамдалып жатканына токтолуп:

— Айтматов дүйнө жазуучуларынын арасынан мугалимдин коомдогу абалына өзгөчө маани берген көркөм сөз чебери десек жаңылышпайбыз. Ал мугалимдин коомдогу абалын көтөрүү керектигин дайыма баса белгилеп келген. Биз Айтматовдун бул мурасын сөзсүз аткарууга тийишпиз.  –дейт агартуучулардын кесиптик кошуун жетекчиси.

— Айтматов бир гана жазуучу эмес, ал Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошкон мамлекеттик ишмер болгон. Мен Европада билим алып жүрүп, Айтматовдун үйүндө үч сааттай болгонумду ар убак сыймыктануу менен эскерем.  Ошондо Айтматов  бизге республиканын жетекчилиги кошуна мамлекеттер менен  маселелерди чечүүдө  андан жардам сурап кайрылышканын айтып берди эле, — дейт аким орун басары Айбек Доолотбекович.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер