ДҮЙНӨ ТААНЫМДЫ ӨСТҮРГӨН КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ

  • 31.10.2022
  • 0

Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинен  22 мугалим профессор Д.Шаматовдун “Билим – бакыт канаты” аттуу китеби боюнча тестке катышып, мыкты окурман-мугалимдер  жеңүүчү деп табылды.

ДҮЙНӨ ТААНЫМДЫ ӨСТҮРГӨН КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ

2017-жылдан бери салтка айланып калган китеп окуу сынагы бул мектепте быйыл 28-октябрь күнү Д.Шаматовдун «Билим — бакыт канаты» китеби боюнча 40 суроолуу тестти аткарууга 30 мүнөт убакыт берилген.

ДҮЙНӨ ТААНЫМДЫ ӨСТҮРГӨН КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды: 1-орун — 3000сом, 2-орун — 2000 сом, 3-орун — 1000-сом, 4-орун — 700 сом, 5-орун — 500 сом.

Бул өзгөчө жарышка дилгирлик менен катышкан мугалимдердин сөзүнөн келтирели: «Мен бул китепти окуу менен  чет өлкөгө барып келгендей болдум. Билим сандыгымды толтурдум, дүйнө таанымымды өстүрдүм. Менин алкышымды Дүйшөн Шаматов агайыма жеткирип коюуңузду суранам».

«Өтө сонун жазылган агайымдын китебине, мугалимдерге дем берген идеяларына ыраазымын. Агай ишиңизге ийгилик каалаймын! Чет жерде жүрсөңүз да бизди колдоп жатасыз, рахмат! Бар болуңуз!»

«Китеп мага аябай жакты. Бул китептен көп сабак алдык. Ийгиликке жол ачкан ажайып сунуштар бар экен».

«Сиз чет өлкөгө барып өзгөрүп келсеңиз, биз сиздин китепти окуп өзгөрдүк».

Ушул сынакты уюштуруп, мектепти өнүгүүгө сүйрөгөн директор  Салимбай уулу Адилет.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер