ДҮЙНӨНҮ ДҮРБӨЛӨҢГӨ САЛГАН КОРОНАВИРУС

  • 18.03.2020
  • 0

Дүйнө боюнча маалыматтарга көз чаптырсак, 18-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 197 миң 139 болсо, алардын ичинен 7 миң 916 адам каза болду. Ал эми сакайып, ооруканадан чыккандар 81 миң 738 киши.

Коронавирустун жайылышы

Коронавирус оорусу эң көп катталган беш өлкө: 1. Кытай (81 миң 58 адам жуктурган, 3 миң 217 адам каза болгон); 2. Италия (27 миң 980 адам жуктурган, 1 миң 809 адам каза болгон); 3. Иран (14 миң 991 адам жуктурган, 724 адам каза болгон); 4. Түштүк Корея (8 миң 320 адам жуктурган, 75 адам каза болгон); 5. Испания (9 миң 942 адам жуктурган, 292 адам каза болгон).

Бүткүл саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус коронавируска байланыштуу абалга пандемия деп мүнөздөмө бергенин брифинг учурунда айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Пандемия — дүйнөлүк масштабда адамдан адамга оңой жугуу аркылуу тараган оорунун жаңы түрү. Буга чейин кара тумоо (чума) жана холера пандемия деп жарыяланган. Инфекциялык оорунун жаңы түрү пайда болуп, ал бүтүндөй мамлекетке жайылып жана анын аймагынан чыгып кеткенде пандемия жаралат.

Тедрос Гебрейесус жакынкы күндөрү жана апталарда коронавирусту жуктуруп алгандар жана андан каза болгондор дагы көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.

— Мен бардык өлкөлөрдү төмөндөгү кадамдарга барууга чакырам: чукул кырдаалга реакция кылууну күчөтүү жана кеңейтүү, коронавирустан коргонуу тууралуу элге маалымат берүү, аталган инфекцияны жуктуруп алган ар бир адамды табуу, изоляция кылуу, текшерүү жана анын башка адамдар менен болгон байланышын карап чыгуу, — деди уюмдун башкы директору. — Коронавирус катталгандардын 90 пайыздан ашууну төрт өлкөгө туура келет, анын ичинен Кытай менен Түштүк Кореяда ооругандардын саны бир топ азаюуда. 81 мамлекетте коронавирус жуктургандар жок, 57 өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 10 кишиге жетпейт.

Кыргызстан

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус менен катталган үч кишиден ооруну кантип аныкташканын айтып берди. Анын айтымында, учурда илдет жугузгандар Жалал-Абаддагы инфекциялык ооруканада.

— Кыргызстанда бүгүн түндө коронавирус менен ооруган үч учур катталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиясынан умрадан келишкен. Биз алгоритмди иштеп чыгып жатканда бул өлкөдө ооруга кабылгандар аз болчу. Ошол күндөн тарта алар үйдө медиктердин көзөмөлүндө болуп келген. 16-мартта Жалал-Абаддын Сузак районунда умрадан келген адамдардын биринин дене табы көтөрүлгөн. Аны менен биргеликте сегиз адамдын ден соолугу текшерилип, лабораториялык изилдөөлөрү Бишкек менен Ош шаарынан каралган. Тастыктоо үчүн кечээ кечинде да анализ алынган, — деди Чолпонбаев.

Коронавирус аныкталгандар 70, 61 жана 46 жашта экендиги белгилүү болду. Эми медиктер алар кимдер менен байланышта болгонун тактап жатышат.

Үч киши менен биргеликте учакта 135 киши келген. Ошол рейстеги 90 киши табылып, анализ тапшырууда. Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Маалыматка ылайык, райондук администрация башчысы Эрмекбай Омошевдин буйругунун негизинде төмөнкү иш-чараларга убактылуу чектөөлөр киргизилди: коомдук тартипти сактоону, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объектилерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объектилерди коргоону жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү; эл көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу; Сузак районуна кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары транспорттун бардык түрлөрүнүн чыгуусуна чектөө киргизүү.

Министрдин  айтымында, Кыргызстанда иштеп жаткан лабораториялар жана андагы тесттердин баары дүйнөлүк стандартка жооп берет.

— Учурда коронавирусту аныктоо боюнча алты лаборатория иштеп жатат. Алардын ар бири күнүнө 150 анализ жасай алат. Тесттер жетиштүү, азырынча Россия, Түркиядан жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы менен келүүдө. Тесттердин тактыгы 95-99 пайыз. Бул өтө жогорку тактык болуп эсептелет, — деди министр.

Маалыматка караганда, ушул тапта өлкө боюнча бир нече оорукана жана аларда 500дөн ашык орун резервде турат. Оорулууларды кабыл алчу негизги жай — Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы. Андан тышкары, Ош облустук бириктирилген ооруканасы да ыңгайлашкан. Ошондой эле аймактардагы ооруканаларда жогорку даярдыкта иштечү атайын бөлүмдөр бар.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун буйругу менен  өлкө боюнча билим берүү уюмдары мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгышкан.

Мөөнөтүнөн мурда каникул убагында билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы сакталат. Мындан сырткары жогорку окуу жайлардын ректорлору каникул мезгилинде күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө билим алган студенттер үчүн окуу процессин дистанттык окутуу технологияларын колдонуп жүргүзүү жагын караштырууга милдеттендирилди.

Кыргызстандагы ата-энелерге балдарды эл көп чогулган жерге, соода жайларындагы көңүл ачуучу, ойнотуучу жайларга алып барбоого чакырык жасалды. Бул тууралуу Коронавируска каршы иш алып баруу боюнча түзүлгөн республикалык штаб өзүнчө билдирүү таратты.

— Бардык кыргызстандыктарга каникул учурунда же мындай күндөрү балдарын соода жайларындагы көңүл ачуучу борборлорго, кичинекейлер ойногон аянтчаларга, оюн залдарына алып барбоого кеңеш беребиз. Дегеле эл көп топтолгон жерлерден оолагыраак болууга жана жогоруда айтылган жайларга чоңдорду да барбоого чакырабыз, — деп айтылган таратылган маалыматта.

Коронавирус жаш балдарга кандай таасир этет?

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус жаш балдарга жукса, алардан COVID-19 вирусунун жеңил түрү гана байкалат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кытай окумуштууларынын берген маалыматына таянып жазып чыгышты.

Кытайлык окумуштуулар коронавирус жуктурган жаш балдарда вирустун жеңил белгилери гана болорун аныкташты. Ошол эле учурда айрым балдарда коронавирустун көрүнүктүү белгилери байкалбагандыктан, инфекциянын жашыруун алып жүрүүчүлөрү болуп жаткандыгын айтышкан.

Коронавирусту токтото турган дары табылды

Нидерландынын «Erasmus» медицина борбору жана Утрехт университетинин окумуштуулары коронавирус оорусунуна каршы антитело табылды деп эсептеп жатышат. Бул тууралуу профессор Франк Гросвельдин сөзүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, бул — инфекцияны токтото турган биринчи антитело. «Бул сатыкка чыгып, дары катары колдонулушу мүмкүн», – деди профессор.

Маалыматка ылайык, антителаны адамдарга колдонуп, байкап көрүү керек. Буга бир ай убакыт керектелет. Ошондой эле изилдөөгө башка окумуштуулар тарабынан баа бериле элек. Эгерде алар жактырышса, изилдөө иши жарыяланат.

Изилдөөнүн жетекчиси Беренд-Ян Бош: «Бул көп нерсеге сөз берген биринчи кадам. Бирок азырынча жетиштүү эффективдүүлүк тууралуу айтуу эртерээк. Изилдөө белгилүү илимий журналда каралып жатат. Макала кабыл алынгандан кийин кошумча пикирлер болушу мүмкүн», – деди.

Окумуштуу Гросвельд антитело вирустун жугушун токтото турганын айткан. Ал COVID-19 коронавирусуна каршы дары даярдоодо колдонулушу мүмкүн. Ошол эле учурда изилдөөчүлөр фармацевтикалык компанияларды дары-дармектерди көп өлчөмдө өндүрүүгө чакырып жатышат. Алар бул каражатты бейтап кабыл алса, инфекция токтойт деген пикирде.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер