ЧЫНЫГЫ ОКУТУУ КАЙСЫ?
- 27.10.2023
- 0
ЧЫНЫГЫ ОКУТУУ КАЙСЫ? Же маалыматтардын суммасын окутуудан окуучунун рухий, акыл-эс мүмкүнчүлүктөрүн ачууга карай кандай өбөлгөлөр зарыл
Билимдин «дандарын» окуучу «өз тиши» менен чайнап, «аш кылуусу» парз
Педагог ар бир жеткинчектен, ар бир кулунчактан Толубай сынчы сыяктанып, күлүктүн потенциалын туя билип, ар баланы ачыла элек талант, кенч катары санап, эл макалы менен айтканда, бүгүн жерде жаткан жумуртка, эртең асмандап учкан куш болоруна, азыркы “туяк” эртеңки тулпар экенине терең ишенип, өзүнүн педагогикалык миссиясын “жаш чырпыктардагы” ошо табият тартуулаган талантты, жөндөмдү ачуудан, таптоодон, күлүккө саяпкер болуудан көрсө.
Жаңыча, окутууга көчүүгө негиз болчу бир шарт бар. Бул – мугалимдин окутуу процессинде бала өз мүмкүнчүлүгүн өзү ачат, өзүнүн тулкусунда катылып жаткан «күлүктүн» потенциалын өз күч-аракети менен кыймылга келтирет. Мында мугалимдин мен бул процессте ага көмөкчүмүн, себепчимин, кеңешчимин, шыктандыруучумун деген педагогикалык философиясы болушу парз. Тагыраак айтканда, педагогдун окуучу окутуунун мурдагыдай пассивдүү обьектиси эмес, тескерисинче, активдүү субьектиси, окутуу мугалим менен баланын өз ара чырмалышкан чыгармачылык кызматташтыгынан турганда гана, «куштун» эки канаты тең шилтенгенде гана класста чыныгы педагогикалык процесс жаралып, түшүм берет. Мындай дидактикалык концепцияны туу кылган мугалим инсанга багытталган окутуу технологиясын ишке чегүүнүн зарылдыгына биринчилерден болуп ынанып чыга келет. Мугалимдин инсанга багытталган окутуу усулунун баалуулугу — окуучунун индивидуалдуулугун эсепке алууга, анын жөндөм-мүмкүнчүлүгүн ойготууга жана инсанды өнүктүрүүгө багытталгандыгында. Демек, мындан ары педагог окутууга өксүтүүчү эмес, өнүктүрүүчү функцияны жүктөйт. Мунун өзү мугалимдин аң сезиминде болуп өткөн дидактикалык изденүүнүн, идеялык-руханий бурулуштун натыйжасы.
Эми окутууга мамиле кескин өзгөрөт. Өйдөтө окуучу өз мүмкүнчүлүгүн өзү ачат дебедикпи. Эми сабактын уюштурулуш формасы, анын бүткүл методикалык арсеналы ушуга – окуучунун субъективдүү активдүүлүгүн арттырууга багытталат. Баягы жаагын жанган жалгыз монолог эми диалогго өтөт. Мугалим окуучуну «мойнунан байлап», окуу материалына карай зордоп жетелебейт, педагог үчүн азыр баланын окуу акциясына өзүнүн «каалайм» деген ички ыкласы аркылуу катышуусу маанилүү. Бул жерде адам тышкы таасирлердин жардамы менен гана эмес, өзүнүн ички керектөөлөрү, муктаждыктары, каалоолору, жеке субъективдүү тажрыйбасы аркылуу да өнүгөт деген позиция абдан керек. Тышкы диктат, аргасыздандыруу окуучуда психологиялык каршылыкты жаратат. Ички муктаждыкка, ыкласка, ички «моторго» таянуу жүз эсе эффективдүү. Класста чындыкты мугалимдин даяр кылып, ачып бериши маанилүү эмес, мугалимдин кылдат жетектөөчүлүгүнүн жана шыктандыруучулугунун шарапаты астында окуучунун өз акылы, өз күч-аракети менен татаал формуланын жообун издегени, кыйналып-кысталып табышмактын жообун тапканы, чеке тердетип маселенин түйүнүн чечкени кымбат. Сабакта баланын баш катырып, акыл талытканы, мээ чарчаткан мээнети, интеллектуалдык гимнастикасы, көбүрүп-жабырган эмоционалдык толгонуулары, руханий түйшүгү, жан дүйнө азабы, өз колу менен бир нерселерди жасашы, тажрыйба, эксперимент жүргүзүшү, сынчыл ойлоосу, талдоосу маанилүү. Ошон үчүн белгилүү новатор мугалим Е.К.Ильин: «Жаттап келип алган семиз «5» ке караганда, өз күчү менен мээсин кыймылдатуу аркылуу алган арык «3» мен үчүн эки эсе артык» — деп айтып жатат да. Мугалимдин, окуу китептеринин сунгандарын окуучу өз ой «тегирменине» салып, акыл «жарчылыгына» тартып, жүрөгүнөн өткөрүп түшүнүп-туюнганы аба менен суудай зарыл. Личность ушундай жол менен түзүлөт. Тыш жактан окуучуга сунулган нерсе анын личносту катышмайын, ички ой-сезимдери катышмайын бойго сиңбейт. Дагы айталы, окуучунун эсине (память), механикалык жаттоосуна гана таянып иш кылуу — бул түшүмсүз жол. Ой жүгүртүү катышпай эске сакталган “билим” — окуучунун башындагы өлүү жүк. Жаттатып, кайталатып “кулагына кумдай куйдум”, мээсине «кыт куйгандай» орноттум деген билимиң окуучунун өз эрки жана ички кумар-сезимдери катышпастан «өздөштүрүлгөн», өзүнө органикалык түрдө мүнөздүү эмес тышкы маалымат болуп калып жатпайбы.
Жаңыча ойлонгон мугалим окуучунун индивидалдуу «жаргылчагынан» жанчылып, ички жүрөк-жүлүнүн аралап өтүп, ишенимге айланган билим гана, баланын жеке МЕНинин «мөөр-тамгасы» басылган билим гана эстен чыккыс боло алат, ушундай учурда гана дидактикадагы окутуунун аң сезимдүүлүгү, билимдин бекемдиги принциптери реалдуулукка айланат, ушундай болгондо гана окуучу өз билимин жаңы турмуштук кырдаалдарга карата колдонууга жөндөмдүү болот, ушинтип билимдин «дандарын», «өз тиши» менен чайнап «аш кылуу» аркылуу гана ал компетенттүүлүккө жетише алат деген ынанымда сабагын алып барат, тарбиясын жүргүзөт.
Мугалим менен окуучунун диалог гана эмес, окуучунун өзү менен өзү сүйлөшүүсү да маанилүү
Мугалим үчүн окуучу менен диалогго өтүү гана маанилүү эмес, окуучунун өз ичинен өзү менен өзү сүйлөшүүсү да маанилүү. Ошого стимул берүү улуу чебердик. Окуучуда өзү менен өзү сүйлөшүү өнөрү, ички диалог жаралмайын анын личность катары түзүлүшү кыйын. Бир сөз менен айтканда, жаш адамдын ич жактан тутанып «от алышына», дүйнө кубулуштарын таанып-билүүгө ич жактан куштарланышына, өзүн өзү изилдөөгө, өзүн өзү таанууга, өзүн өзү тарбиялоого, өзүн өзү ачууга, өнүктүрүүгө, өзүн өзү реализациялоого, турмушка өз алдынча чыгармачылык менен мамиле жасоого, талдагыч, сынчыл ой жүгүртүүгө козгоп-козуткан, шыктандырган, сүрөө болгон окутуу — бул чыныгы педагогикалык асыл нарк, сөздүн нагыз маанисиндеги инсанчыл билим берүү, бийик гуманисттик акция. Мына ушундай балага канат бүтүргөн гуманисттик, инсанчыл, адамгөй личность түзүүчү педагогика – реалдуу, иштиктүү, күжүрмөн аракетте турганда коомдо өз алдынча ой жүгүртүүсү жок, жекече жүзү, индивидуалдуу позициясы жок догматиктердин пайда болушу кыйын, тескерисинче, эркин ойлонгон, Толубай сынчынын «күлүктөрү» жаралып, өсүп чыгат. Адамды куштай, күлүктөй таптаган педагогикалык «мүнүшкөрлүк», «саяпкерлик» бүгүн өтө зарыл болуп турат. Анан калса, педагогикага карата азыркы коомдун социалдык тапшырыгы да өзгөрбөдүбү. Бүгүнкү коомго тыштан башкарылган баягыдай «тетик» (винтик) эмес, турмуш фактыларынын, дүйнө кубулуштарынын «ичеги-кардын» сыдырып, «тогуз катын» аңтарып, өз ишенимдерин өзүнүн жекече акыл жүгүртүүлөрүнүн жана ой толгоолорунун процесси менен түзүп чыккан, өзүнүн индивидуалдуу МЕНи, менчик позициясы бар, өзүн өзү башкарган, өзүн өзү ичтен жөнгө салган, тышкы авторитардык үстөмдүктү, ойду жана рухту тушаган ар кандай догмаларды моюнга албаган, өзүн өзү кожоюн, эркин ойлонгон суверендүү, ошону менен бирге ыймандуу, абийирдүү, уяттуу, жоопкерчиликтүү, ар намыстуу, этномаданий менталитети жогору инсан зарыл. Биздин педагогиканын ушундай инсанды жаратуунун «киндик энеси» болуп беришине эгемендүү өлкөбүз кардар болуп турат.
Бирөөлөрдүн оюн оңой кабылдаш,
Бирок аның өз дөөлөтүң боло албас.
Өз пикириң өзөгүңө тамырлаш,
Өзүңкүндөй кымбат нерсе табылбас.
Ич жагыңдан мотор сындуу айланып,
Өтө керек өз ой менен жалындаш.
Бөтөн ойду балдак кылып таянбай,
Өз күчүнө ишенгендер жаңылбас.
Этнопедагогиканын насыйкаты
Чындыкты ой жүгүртүп, өз акылы менен издөө маселеси жагынан жогоруда айтылгандай, кыргыздын элдик педагогикасынын казынасынан да эң сонун нускоолорду өрнөк катары алууга болот. Бирөөдөн жасалма түрдө үйрөнгөн акыл тетирисинче кишиге тушоо болорун элдик педагогика бизге макалдатып айтып турат. «Киши акылы кишен менен – тушоо, өз акылың өзүң менен – тамыр» – дейт эл акылмандыгы. Демек, элдик педагогика өзүңдүн өзөгүңө сиңип, тамырлаган нерсе гана сенин чындыгың, ишенимиң боло алат. Кыргыз ичиндеги акындардын, кыз-жигиттин айтыштары, чечендердин алым-сабак жарыштары жогорудагы Сократтын диалогдорун элестетип кетет. Мисалы, Тоголок Молдонун чыгармасындагы айтылуу Талым кыз менен Көбөктүн айтышынан бир үзүндүгө көңүл буруп көрөлү.
ТАЛЫМ КЫЗ:
Жер сиңип кеткен жети атаң,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал эмне Көбөк чоң?
Желини сүттүү куу инген,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жез буйлалуу нар тайлак.
Ал эмне Көбөк чоң?
Оргочордон от күйөт,
Ал эмне Көбөк чоң?
Ысык-Көлдөн ит үрөт,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жаң бүткөндүн баарынан,
Каргыш алган ким болот?
Түйүлгөндүн түйүнүн,
Чечип турган ким болот?
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган ким болот?
КӨБӨК:
— Жер сиңип кеткен жети атаң –
Жети атабыз эмеспи!
Жерди жемире баскан чал буура —
Түп атабыз эмеспи!
Желини сүттүү куу инген –
Өз энебиз эмеспи!
Жез буйлалуу нар тайлак –
Карындашым эмеспи!
Оргочордон от күйсө —
Эки көзүң жайнаган,
Ысык-Көлдөн ит үрсө,
Бака болот чардаган.
Жан бүткөндүн баарынан,
Каргыш алган карышкыр.
Түйүлгөндүн түйүнүн
Чечип турган чечендер.
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган бала дейт.
Караңыз, бу сөз таймашындагы Талым кыздын чукулунан берген суроолору Көбөктү ошо замат баш катырып, чагылгандай тездик менен ойлонууга, жооп издөөдө чукугандай тапкыч, билгич болууга, бүткүл ички рухий күч-кубатын мобилизациялоого аргасыз кылып жатат. Айтыш – бул инсандын ой жүгүртүүсүн жогорку даражада активдештире турган, ой-пикирди чегине жеткизе чыңалтып, курчута турган диалог, акыл-эс эрөөлү, интеллектуалдык турнир.Тоголок Молдо өзүнүн таалим-тарбияга арналган чыгармаларында элдик педагогиканын ушундай ыкмасын пайдаланган.
Кыскасы, инсанда өз алдынча ойлонуу, чындыкты чырылдап издөөнү тарбиялоодо элдик акылмандык колдонгон мындай таасирдүү форманын өрнөгүнөн жана Сократтын жогорудагы диалог, маек аркылуу окуучунун аң сезимин машыктыруу өнөрүнөн эмне үчүн биз бүгүн таалим алууга тийиш эмеспиз? Эмне үчүн Талым кыз Көбөктү тердетип ойлондургандай, Сократ маектешип козгоп толгондургандай, жаш Манастын активдүүлүгүндөй биз дагы окуучуну ойлонто, толгонто албайт экенбиз? Окуучу проблемага, карама-каршылыкка, ойлордун түйшү¬гүнө кабылгандай кылып, окуу процессин методикалык ыкчылык, усулдук айлакерлик менен кызыктуу түзүү кажет. Окуучунун билимге, чындыкка карата жекече жолун (собственный путь) жаратуу эң башкы милдет болуп отурат.
Советбек БАЙГАЗИЕВ, Кыргыз эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери
Комментарийлер