ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМ БОЛУУ ОӉОЙБУ?

  • 06.11.2022
  • 0

Кара-Кулжа районунда автордук мектеп ачкан агай, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими Орозали Сайдилканов фейсбуктан азыркы коомдогу түрдүү көрүнүштөр жөнүндө өз ойлорун бөлүшүп турат. Кээде кесиптештерине жана жалпы эле замандаштарына таалим-тарбия, мектеп маселелери боюнча орчундуу суроолорду узатып, айтылган жоопторду атайын топтоштурат. Бүгүн биз агайдын “Мугалим качан баланын сүйүүсүнө ээ болуп, жүрөгүнөн түнөк таап, акыл-эсин бийлеп алат?” деген суроосуна берилген жоопторду жана ушул тема боюнча 1980-1990-жылдары таанылган советтик педагогдор Т.И.Гончаров менен И.Ф.Гончаровдун эмгегинен которуп конспектилеген келкини сиздерге сунуштайбыз.

ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМ БОЛУУ ОӉОЙБУ?

Сүрөттө: Орозали Сайдилканов кыргызстандык агартуучулар менен бирге финдердин тажрыйбасы менен таанышуу үчүн барганда. Хельсинки ш., Маннергеймдин эстелигинин алды

 

Ой ордодо айтылган сөздөр

(Бул талкууга эӊ жигердүү катышып, өз пикирлерин айткандар: Гүлзар Абдимиталипова, Турган Эрмен, Эсенбек Зарипбеков, Кыял Бекболотов, Фатима Коңурбай кызы, Нарынгүл Досматова, Бүсана Шербаева, Дүйшөн Шаматов, Шааркан Кайыпова, Гүлфиза Маметжанова, Чыныгүл Азимбаева, Фатима Бакашева, Сталбек Карасартов, Бекболотова Айшайым, Азат Шерматов, Бегайым Жаңыбаева ж.б.)

 

  • Мугалим психолог болгондо. Башкача айтканда, баланын абалын, дилин, оюн, көз карашын билип, пикирин угуп, чын дилден баарлашып, ичи койнуна кирип, жан дүйнөсүнө жылуулук тартуулап, сырдаш досу, тартынбай, кысынбай, коркпой дилиндегисин айткан эң жакын адамы боло алганда. Ар бир баланы таанып билип, жан дүйнөсүн түшүнүп, психологиялык өзгөчөлүгүнө жараша айырмалап мамиле жасаганда.
  • Мугалим өзүн алып жүрүшү, сүйлөө, кийинүү маданияты, адамдарга, ишке жасаган мамилеси, адамгерчилиги, адеби, интеллект жана сабырдуулугу боюнча, кыскасы, кесипкөйлүк жана адамгерчилик жагынан ар тараптан балдарга өрнөк болгондо.
  • Мугалим өз кесибин сүйүп, берилип, чыгармачылыкта изденип иштегенде, өзүнүн адистик жана кесиптик чеберчилигин тынымсыз өнүктүрүп, жаңылыктар менен дайыма кабардар болуп турганда. Сабакта өтүлүүчү материалды балдарга жеткиликтүү түшүндүрүүнүн усулун, формасын жана технологиясын эң мыкты өздөштүрсө. Сабакта айрым окуучулар менен эле чектелбестен, бардык окуучулар менен иштей билип, бардыгын тең ойлонто, изденте, иштете билсе, балдардын акыл-эсин, оюн, колун тынымсыз өстүрө алса, балдардын билимин акыйкат бааласа, сабагы ар бир балага жеткиликтүү жана түшүнүктүү болсо, балдардын ушул сабак бүтпөсө экен деген тынчсыздануусуна жетишсе.
  • Мугалим мээримдүү, боорукер болуп, балдарды сүйө, түшүнө жана аларга ишене билсе, сезимтал болсо.
  • Сабактын ар бир мүнөтүн текке кетирбей натыйжалуу пайдаланса, балдарды өз алдынча жана чыгармачылык ишке тартса, бош отурууга жол бербесе.
  • Балдардын бардыгына социалдык абалына карабастан бирдей мамиле жасаса, байдын, кедейдин баласы деп бөлүштүрбөсө, балдар каалагандай мугалим болууга умтулса.
  • Мугалимдин өзү окуткан предметтен билими терең болуп, турмуш менен тыгыз байланышта өтүп, ага окуучуларды кызыктыра алса, балдар зарыгып дайыма күткөн сабак болсо.
  • Мугалим ата-эне менен тыгыз байланышта иштесе, алар менен такай кызматташ болсо, бирин-бири сыйласа, балага бирдиктүү талап койсо, ата-эне мугалимди колдоп турса, мугалим окуучунун балалык кылып кетирген каталары боюнча ата-энеге арызданбаса, баланын ордуна өзүн коё билсе.
  • Мугалим мектепте, айрыкча, сабакта өзүн жайдары, куунак алып жүрсө, өзүнүн адистик жана кесиптик чеберчилигине, гумандуу педагогиканын күчүнө ишенсе, балага өзүн жана дүйнөнү ачуу мүмкүнчүлүгүн берсе.
  • Окуучулардын кызыккан суроосуна ачык-айкын, жеткиликтүү жооп берсе, эгер өз убагында жооп берүүгө шарты болбосо, себебин, убакытты так белгилеп, кийин түшүндүрүп турса, бой көтөрбөй, менменсинбей мамиле кылса.
  • Мугалим мекенчил болсо. Мекендин ыйыктыгын, кымбаттыгын өзүнүн өрнөктүү иши менен көрсөтө алса.
  • Мугалимдин сөзү шыктандыруучу күчкө ээ болуп, сөзү менен ишинин биримдиги айкалышып турса, балдар анын сөзүнөн акылынын тунуктугун, дилинин актыгын, оюнун тазалыгын, пейилинин жумшактыгын, сылыктыгын, жөнөкөйлүгүн, рухий байлыгынын молдугун көрүп турса, калп айтпаса.
  • Мугалим өзүнүн сабактагы ишмердүүлүгүн талдай жана баалай билип, азыркы абалды керектүү абалга өзгөртө билсе, тынымсыз өзүн-өзү өркүндөтүп турса.
  • Мугалим ар тараптан өнүккөн, жасалмалуулугу жок, гумандуу, жаңычыл жана артисттик чеберчиликке ээ инсан болууга тийиш. Андан балдар бүтүндүктүн, гармониянын, жан дүйнө байлыгынын молдугун, мээримдин, сүйүүнүн, боорукерликтин, улуулуктун, жаштыгын сактоочунун жана асыл инсандык касиеттердин үлгүсүн көргүлөрү келет.

 

Мугалим бийик ойлорго жетелегенде

 

(Т.И.Гончарова, И.Ф.Гончаров. Когда учитель – властитель дум. М. “Просвещение, 1991. Бул китеп жарык көргөндө эле Орозали Сайдилканов сатып алып, бир топ жерлерин кыргызчага которуп, конспектилеп, негизги идеяларын өзүнүн автордук мектебиндеги кесиптештери менен практикада колдоно баштаган экен. бул жерде келтирилген тезистердин дээрлик ар бирине фейсбуктан айтылган ойлор да кошулган дейт Орозали агай.)

ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМ БОЛУУ ОӉОЙБУ?

Сүрөттө: Орозали агай өзү негиздеген автордук мектептин былтыркы бүтүрүүчүлөрү менен

 

Төмөндөгү сапаттар мугалимдин окуучулардын акыл-эсин бийлеп алганга мүмкүнчүлүк түзөт:

Окутуу, тарбиялоо, агартуу, өркүндөтүү, жакшыртуу жана тажрыйба алмашуу зарылдыгы;

Ички дүйнөсүнүн байлыгы, зээндүүлүгү, оригиналдуулугу, таланттуулугу:

Гумандуулугу;

Жаркын акыл;

Баарлашуу, тил табышуу чеберчилиги;

Жан дүйнөсүнүн бүтүндүгү, тазалыгы;

Көңүлүнүн жаштыгы;

Тил байлыгы.

Мугалим өзүн-өзү тарбиялап, тынымсыз өнүктүрүп туруусу зарыл. Анткени ал бүгүнкү күндүн эмес, келечектин адамын тарбиялайт. Андыктан мугалим окуучуларга “сулуулуктун мыйзамы боюнча” келечектин адамынын турпатын үлгү катары көрсөтүүгө тийиш. Балдар биздин адамдарга, искусствонун чыгармаларына, жаратылышка, курчап турган дүйнөгө мамилебизден, жашоону баалай билгенибизден жагымдуу таасир алат. Эмгек менен адам болууну үйрөнөт. Бакыттын булагы эмгек деп билет.

Мугалимдин өрнөгүнүн тарбиялык мааниси чоң. Анын оң таасирлери ишенимге негиз болот. Адам канчалык маалыматтуу жана акылдуу болсо, ал ынандырууга, далилдөөгө, ишендирүүгө жана жагымдуу таасир калтырганга жөндөмдүү болот. Өрнөк болуп, балдардын ишенимине жетишпеген адам мугалим боло албайт.

Мугалим – чебер, чыгармачыл, жаратуучу жана түзүүчү инсан. Ал гумандуулук, ар тараптуулук, жоопкерчиликтүүлүк, маданияттуулук, тартиптүүлүк, түзүүчүлүк, чыгармачыл жана жаратмандык касиеттерин окуучуларга өткөрүү менен жаңы адамды – эң жогорку чыгармачылык күч-аракеттерге ээ адамды тарбиялайт. Мугалимдин акылы – окуучунун адеп-ахлактык, эстетикалык багытынын жана ден соолугунун негизи. Мугалимде негизги нерсе – жан дүйнөнүн байлыгы жана тазалыгы. Ал аркылуу мугалимде аёо, мээримдүүлүк, боорукерлик жаралат. Гумандуу мугалимдик сапат бир нече сапаттардын ичинен өзгөчөлөнгөн, артыкчылыкка ээ болгон мугалимдеги эң башкы өтө маанилүү сапат болуп саналат. Алар көптөгөн сапаттардын ичинен биринчи орунга адамгерчиликти, мээримдүүлүктү, жакшы сезимдерди, жакшылыкты, боорукерликти, сүйүүнү коюшат. Алардын ички жан дүйнөсү жакшы сезимдерге, мээримге толгон, жакшылык кылуу анын жашоосунун маңызы. Алар үчүн бул сапаттар жогорку педагогикалык баалуулук болуп саналат. Гумандуу мугалим үчүн эң башкысы – окуучунун келечеги, анын турмушта ийгиликтүү жашоо көндүмдөрүнө, инсандык асыл сапаттарга ээ болушу маанилүү. Ал өзүндө педагогикалык ийгиликти жаратуучу кылдат талдоонун, тандоонун, методикалык чеберчиликтин, жаңычылдыктын, акыйкат баалоонун, тынымсыз өнүгүүнүн болуусун зарыл деп эсептейт.

Мугалим кеңири акылга ээ болуусу өтө зарыл. “Кеңири акыл” түшүнүгү илимде сандык түшүнүк катары каралат. Көбүнчө адамдын интеллекти канча обүектилерди өзүнө камтый алаарына көңүл бурулат. Кеңири акылга ээ мугалим окуучунун өзгөчөлүгүн билип, көз карашын, пикирин кабыл алуу жана түшүнүү менен, ой-пикири каршы келсе деле аны менен сүйлөшүп, аны жаатташ кылып алат. Ал баланын инсандык касиетин терең өздөштүрүүгө, жан дүйнөсүн тереӊ билүүгө, түшүнүүгө өзгөчө маани берет. Бул билим мугалимге акыйкат болууга, тарбиялоо ишинин стратегиясын жана тактикасын туура аныктоого жардам берет.

Кеңири акылга ээ мугалим ар бир окуучунун өзүнчөлүгүн, эмоционалдык абалын түшүнүп, этият мамиле жасайт. Кесиптик жогорку чеберчилигин, турмуштук бай тажрыйбасын ийкемдүү пайдалануу менен, балдарды өзүнүн иш-аракетине сергек мамиле жасоого жана баалоого үйрөтөт. Маалыматты баланын эстеп калып кайра айтып бергенине эмес, ал боюнча жеке көз карашын, пикирин айтканына, сынчыл ой жүгүрткөнүнө көңүл бөлөт.

Мугалимдин жаркын акылга ээ болуусу, балдарга дүйнөнү жарык кылып ачып берүүсүнөн көрүнөт. Мугалими жакшынын дүйнөсү жарык деп бекеринен айтылбайт. Мугалим өзүнүн эле бийик максатына жетүүнүн жолун көрүп турбастан, окуучулардын да бийик максатына жетүү жолундагы караңгылыкты жарык кылып, максатына жетүүсүнө жардам берет.

Акылы жаркын мугалим бир эле учурда өзүнүн жана баланын максатын билүү менен, бул эки максатка тең жетишине ишенет, балада да оптимизмдин жарыгын пайда кылат. Турмушта кыйынчылыктар кездешерине, аны жеңип чыгууга болоруна баланын өзүндө акылына ишенимдин жарыгын, отун пайда кылат. Жарык акылга ээ мугалим баладагы оң жана терс сапаттарды көрүп турат. Ал оң сапатынын жарыктануусун күчөтүп, потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү аркылуу терс сапаттарын жоюп турат. Айрыкча басымды баланын рухий өнүгүүсүнө жасайт. Ал баланын адам болуу үчүн күрөшүнүн эң оор кырдаалынан да чыгып кетүүгө күчү жетерине ишенет. Мындай мугалимдин таасири астында бала чын дилинен максат коюп, ага жетүүгө умтулат, жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн чечкиндүү киришет, негизгиси, тынымсыз жакшы болуу үчүн күрөшөт. Бала анын сабагын дайыма зарыгып күтөт.

Акылы бийик мугалимдер турмуш агымында атуулдук активдүү, үлгүлүү иш-аракети, чыгармачылык дараметинин күчтүүлүгү, улуу руху менен башка мугалимдерден өзгөчөлөнүп турат. Ал акылмандыкты турмуштук тажрыйбадан үйрөнөт. Турмуштук тажрыйбадан акылмандыктын улуу жана жоопкерчиликтүү искусствосун өздөштүрөт, айрыкча турмуштук оор жагдайдан чыгуунун жолун жана адамдар менен өз ара мамиле жасоодо жогорку адеп-ахлактык сапаттарды көрсөтүүнүн үлгүсүн окуучуларына үйрөтөт.

Мындай мугалимдер өзгөчө балдар менен баарлашуу чеберчилигине ээ болушат. Мугалимдин турмуштук тажрыйбасы баланын акылмандыгынын булагы болуп саналат. Мугалим өз окуучуларын жакшы билет, алар менен жашап, теңтуштарынын, чоңдордун жана өзүнүн тажрыйбасы менен байытат. Бала мугалимдин сөзүнөн, сылык сыпаа мээримдүү жана боорукер мамилесинен, күйүп-бышып берилип иштөөсүнөн, жүрүш-туруш этикасынан, акылмандык иш-аракетинен, рухий энергиясынын күчтүүлүгүнөн, жалпы маданияттуулугунан таасирленет. Алар мугалимден турмуштагы эңсеген кыялынын жанып турган жарыгын көрүшөт. Жашоонун бийик идеалдарын, максатын ишке ашыруу үчүн күрөштүн өрнөгүн алышат.

Окуучулар мугалимдин индивидуалдуулугун, өзгөчө, башкага окшошпогон, кайталангыс жана чыныгы акыл-эске эгедер сапаттарын жогору баалайт. Сүйүктүү мугалим башкалардай эмес – ал өзгөчө жана оригиналдуу. Мындай мугалимдин башкага окшошпогон дүйнөсү бар. Ал конформизмге, адаттагыдай эле адамдардын бурмалоосуна жол бербейт. Ал жагымсыз жагдайларга каршы туруунун жолун көрүп турат, бийик идеалдар үчүн күрөшкө өзүн-өзү даярдайт, жагымсыз жагдайларга туруштук берет, өзүн-өзү сактайт. Мындай мугалим өзүнүн ишениминен жана тандаган жолунан кайтпайт, карама-каршылыктарды жана кыйынчылыктарды жеңет.

Туруктуулук – анын күчү, ишенимдүүлүк – анын ата-бабаларынын мөөрү. Окуучулар мындай мугалимге эч кылчаңдабай таянарын билишет. Мугалим окуучуларга кыраакылык менен байкоо салып, алардын өзгөчөлүгүнө жогору баа берет жана оригиналдуулугун баалайт. Бул анын өзгөчө акыл-эсинин педагогикалык жагы. Акылман мугалим өзү эркин болуу менен бирге окуучулардын эркиндигинин уюштуруучусу да болот. Эркиндиктин шартында биз окуучулардын өзгөчөлүгүн, бөтөнчө сапаттарын, оригиналдуулугун, чыгармачылык өз алдынчалыгын, өзүн көрсөтө билүү жөндөмүн үйрөнөбүз.

Өзгөчө акылга ээ мугалимдин өз жолу, өзүнүн көздөгөн максаты, тутунган баалуулуктары жана башкаларга окшобогон көз карашы, пикири, багыты болот. Ушул касиеттери менен ал баланын жүрөгүнөн түнөк табат. Баланын сырдаш, пикирлеш эң жакын адамына айланат. Натыйжада, мугалим баланын индивидуалдуулугун терең үйрөнөт, жалпы маданиятын, интеллектисин, таанып билүү жөндөмүн оӊой өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Өз алдынча ойлонуп, акыл калчап, сынчыл ой жүгүртүп чечим чыгарууга, сынчыл ойломго, жолунда кездешкен кыйынчылыктарды туруктуулук менен жеңүүгө көнүктүрөт.

Мугалим чыныгы таалимчил педагог болууга тийиш. Ал балдарга кандай, кантип жашоону үйрөтөт. Педагогдун жолу тегиз эмес, ал бороонго да, ызгаардуу суукка да, музга да дуушар болот. Чыныгы мугалимге эр жүрөктүүлүк, жалтанбастык, кайтпастык, туруктуулук, кармана билүү, өзүнө бекем ишенүүчүлүк таандык. Ал мыкты адам, мыкты атуул жана мыкты философ да болууга тийиш.

Мугалим негизги көңүлдү окуучуларды материалды кабыл алуусуна, билүүсүнө, түшүнүүсүнө, ойлоосуна жана жаратуусуна гана эмес, баланын жан дүйнөсүн ачууга, өзүнүн жан дүйнөсүнүн скульптору болууга бурат. Мугалим – бул адамда болуучу бардык жакшы нерселерди окуучусунда жаратуучусу. Баладагы бардык жакшы нерселер – адеп-ахлактык жана атуулдук сапаттар мугалим аркылуу өтөт. Бала мугалиминен өзү самаган ыйыктыкты көрсө, сөзсүз анын артынан ээрчийт.

Ошентип мугалим өзүндөгү жарык менен башкаларды да жарык кылат. Мугалим үчүн жогорку сыйлык – бул баланын ийгилиги. Мугалимдин инсандык өрнөгү – окуучунун турмуштук мектеби. Эмгекчил мугалим кызматтык милдетин так аткаруунун өрнөгүн көрсөтөт. Ал эч нерсеге алаксыбай эмгектенет. Мындай мугалим эмгектенүүнү бакыт, кубаныч, рахат (жыргал) жана сүйүү деп билет. Чыгармачыл эмгекте дүйнөнү кабыл алууда оптимизм, шыктануу, жеңилденүү жана берилгендик жаралат. Ал дайыма өзүн шайдоот жана көңүлдүү алып жүрөт. Мындай мугалимдерди окуучулар жогору баалайт.

Адеп-ахлактуу, жаратылышы таза мугалимди балдар жакшы көрүшөт. Мугалимдин акылмандыгына, ойчул жана кең пейилине, интеллектуалдык бийиктигине, рухий байлыгынын молдугуна суктанышат. Алар мугалимдин жакшылыгын, боорукерлигин, жакшы сезимдерин биринчи орунга коёт. Боорукердик, адамгерчилик, камкордук, назиктик сапаттарсыз педагог болуу мүмкүн эмес. Жогорудагыдай сапаттарга ээ болгон мугалим окуучулардын жан дүйнөсүнөн түнөк таап, дилин, оюн билип, жабыркаган жан дүйнөсүнүн дабасын таап, керектүү жардамын берип, педагогикалык колдоосун көрсөтөт. Окуучунун жеңилин жерден алат, оорун колдон алат, кайгырса кошо кайгырат, кубанычына ортоктош болот, көңүлү чөксө көтөрөт. Ал балага сөзү менен да, иши менен да, бардык жагынан өрнөк көрсөтөт.

Мугалимдин чыныгы гуманизми – бул сезимталдык менен жоопкерчиликте, боорукерлик менен кең пейилдикте, ак пейилдүүлүк менен жумшактыкта, чыдамдуулук менен сабырдуулукта, кайрымдуулук менен аяй билүүчүлүктө, жекече өзгөчөлөнгөн касиетин сыйлоодо жана чексиз жароокерлигинде, кубаныч менен кайгыда, башка иш түшүп тургандагы ырайымдуулугунан көрүнүүчү сапат. Ушул сапаттарды өзүнө камтыган мугалим бактылуу баланы калыптандырат. Жан дүйнөнүн батылдыгысыз буга жетүү кыйын. Эң негизги жакшы сапаттар: чыдамкайлык, жумшактык, окуучунун индивидуалдык өзгөчөлүгүн урматтоо, анын өзүн көрсөтүүгө жана өзүн-өзү ырастоого болгон чексиз каалоосун канааттандыруу.

Сабырдуулук менен сүйүү таланты – негизинен мугалимге гана таандык талант. Мугалимдин кеңири сүйүүсү бардык баланы камтыйт. Мындай мугалим балдарды үйрөтүп эле тим болбостон, андан үйрөнөт да. Окуучу баланын кызматташы, биргелешкен жаратуучулары жана өнөктөштөрү болуп саналат. Андай мугалимдин шыктандыруучу куралы окуучуну мактоо, мактоо жана да мактоо болуп саналат. Анткени окуучулардын да артисттер сыяктуу, мактаган сайын жан дүйнөсү эргип, шыгына шык кошулат.

Чыныгы мугалим – өз элинин уулу. Ал элдин көп кылымдык бакыт үчүн күрөшүндө топтолгон кебелбес баалуулуктарды өзүнө алып жүрөт. Анда улуттук кулк-мүнөздүн, акыл-эстин, адептүүлүктүн, руханийликтин түсү камтылган. Окуу процессинде окуучуларда калыптанган улуттук мүнөздөрдү мугалимдеги улуттук мүнөздүн белгилеринин көрүнүшү десек болот. Мектеп окуучулары мугалиминен өз элине тиешелүү эң жакшы сапаттарын көрсө, анда алардын адам гана эмес, Мекен жөнүндөгү түшүнүгү кеңири, бай жана мазмундуу болуп калат. Эгерде мугалим өз мекендештеринин ажайып мыкты сапаттарына каныккан болсо, аларды окуучулар байкаса, алардын улуттук сыймыктануу сезими күчөйт. Билим берүү, тарбиялоо жана өнүктүрүү чөйрөсүндө мугалимдин ийгиликтүү таасир этүү мүмкүнчүлүгү, анын улуттук асыл сапаттардын белгилерин алып жүргөндүгү менен түшүндүрүлөт.

Мугалим өзүнүн улуттук кулк-мүнөзүн сезип, аңдап, аны сактап, окуучуларга пайдалуу таасир тийгизиши керек. Кыргыз элине боорукердик, жоомарттык, айкөлдүк, эли – жерин сүйүү, эрдик жана эркиндик үчүн жалтанбай күрөшүү мүнөздүү. Бул мүнөз элибиздин байыркы тарыхынын түпкүрүнөн өсүп чыккан, биздин элибиздин идеалынын жогорку чегин, мекенди сүйүү сезимин мүнөздөйт. Бул сезим төмөндөгүлөрдү: адамдардагы мекенди сактоо үчүн ар-намыстуулукту, абийирдүүлүктү, атуулдук ариетти, чыдамкайлыкты, жан аябастыкты, берилгендикти, кеңири акыл-эсти, күчтүү энергияны, талбас эмгекти, жакшы мүнөздү, талбай изденүүнү, бай руханиятты, интернационализмди камтыйт.

Мугалим балага ушу сезимдерди эстафета катары өткөрүп берүү менен, булардын өнүгүшү жана көбөйүшү үчүн кам көрөт. Жаңы адамды жаратуу – мугалимдин коомдун алдындагы ыйык милдети. Ал өсүп келе жаткан жаш муундарды ар тараптан өстүрүүгө милдеттүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер