ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ

  • 14.06.2022
  • 0

Залкар жазуучу, философ, Кыргыз эл баатыры Чыңгыз Айтматовдун каза болгон күнүндө он эки жылдан бери ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет. Бул жолку эскерүү күнүнө карата  Ч.Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун уюштуруусунда Ч.Айтматов атындагы медаль маданият, билим берүү, илим, адабият жана искусство тармагындагы, улуттар менен улуттардын маданиятын жакындаштырып, өз ара байытууда, тынчтыкты жана достукту чыңдоодо, өнүктүрүүдө жетишкен зор ийгиликтери үчүн 60 белгилүү инсанга ыйгарылды. Салтанаттуу азем 10-июнда Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болду.

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ

 

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ

Ч.Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун президенти А.Айтматов ачылыш аземинде: ”Биз өздөрүнүн талыкпай зор эмгеги үчүн суктанууга жана урматтоого татыктуу 60 кыргызстандыктарды чогулттук”, — десе, форумдун катчысы Ассоль Молдокматова өз сөзүндө: “Улуу адамдын улуу эмгектерин эстегени чогулдук, анткени ал баарыбыздын  башыбызды  бириктирип турат”, —  деди.

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жамангулов мындай деди: “Ч.Айтматов — бүтүндөй дүйнө жүзүнүн сыймыгы. Планетардык масштабдагы ойчул, философ, элдик жазуучу. Ч.Айтматовдун феномени — дүйнөлүк масштабдагы проблеманы кыргыздын кичинекей айылынын жашоосуна түшүрүп, ошону дүйнө элине көрсөтүп бергендигинде. Ч.Айтматовду ойлондуруп, түйшөлткөн, уйкусун качырган канткенде адам күнүгө адам боло алат деген чоң мурас таштап кетти. Айтматов бизге Жамиляны, Казангапты, Эдигейди, Бостонду таштап кетти. Ошолордун баардыгы кыргыз коомчулугу үчүн чоң үлгү. Бүгүн кыргыздан чыккан каймактарга Ч.Айтматов атындагы медаль тапшырылып жатат. Сыйлыгыңар кут болсун!”

Сыйлык алгандардын катарында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, п.и.к. Сабийра Челпакова, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы №63 гимназиянын директору Аида Давлетова, КРАОнун ректору Чынара Шакеева жана алыскы Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү, директору Гапыр Мадаминов жогорку сыйлыкка татыктуу болду.

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ

Сыйлыкты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, жазуучунун карындашы Роза Айтматова, уулу Аскар Айтматов, режиссёр, сценарист жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров жана башкалар тапшырды.

Эскерте кетсек, 2008-жылдын 10-июнунда белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюрнберг шаарында дүйнө салган.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер