Чолпон-Ата шаарында скутер 3 эс алуучуну сүзүп кетти
- 25.07.2023
- 0
23-июлда Ысык-Кел облусунун Чолпон-Ата шаарында скутер 3 эс алуучуну сүзүп кетти. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Кел районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна шилтеме беруу менен тастыктады.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук Жалпы дарыгерлик практика борборуна 2 кыз жана 1 бала жеткирилген. Алар болжол менен 19-23 жашта. 24-июлда жаш жигит менен бир кыз каза болгон. Экинчи кызга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал башынан жаракат алган, абалы турукту деп бааланууда.
Бөлүшүү
Комментарийлер