ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕ КҮЧ СЫНАШТЫ

  • 16.03.2023
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин ортосунда спорттун “Волейбол”, “Футбол” жана “Шахмат” түрлөрү боюнча мелдеш өттү.

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕ КҮЧ СЫНАШТЫ

Мелдешке, футбол боюнча 22, волейбол боюнча тогуз командадан 200гө жакын студент катышты. Ар кыл улуттардын башын бириктирип, достугун бекемдөө, студенттерди сергек жашоого жана интеграцияланууга үндөө максатын көздөгөн турнирде Индия, Өзбекстан, Россия ж.б. өлкөлөрдүн жарандары күч сынашты.

Натыйжада, футбол боюнча 1-орунду медицина факультетинин «Күчтүүлөр» командасы, 2-орунду дене тарбия факультетинин «Биримдик» командасы жана 3-орунду дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин «Инфак» командасы багындырды. Мындан тышкары, ар бир командадан мыкты оюнчулар аныкталды.

Волейбол мелдеши балдар жана кыздар ортосунда өзүнчө өткөрүлүп, 1-орунду медицина факультетинин «ДЕН СООЛУК» командасы, 2-орунду эл аралык медицина факультетинин «STAR INDIA» командасы ээлесе, 3-орунду ушул эле факультеттин «TEAM INDIA» командасы алды.  Абубакир уулу Маматиса, Махаражан жана Замиров Абадил-Рахмон, Абдулалиева Азифа ж.б. команда мүчөлөрү “Мыкты оюнчу” номинациясына татыктуу болду.

Эл аралык деңгээлдеги калыс Сатиев Таалай көзөмөлдөгөн шахмат оюнунда 1-орунду эл аралык медицина факультетинин студенти Баласуреш Вишва, 2-орунду медицина факультетинин “Дарылоо иши” адистигинде окуган Бакытбек уулу Талгат, ал эми 3-орунду эл аралык медицина факультетинин студенти Варун Багхел жеңди. Студенттер Умирзакова Лайло, Ауши Сривастава, Садуллаев Жасур мыкты оюнчу аталышты.

 

Жеңүүчү командаларга жана мыкты оюнчуларга дипломдор тапшырылды. Студенттер достук таймашы жаккандыгын баса белгилешип, мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп турууну суранышты. Окуу жай жакынкы күндөрү “Ырдайлы кыргыз ырларын” аталышындагы музыкалык-эстрадалык маанайшат конкурсун өткөрөт.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер