ЧЕТ ӨЛКӨДӨ БИЛИМ АЛГЫСЫ КЕЛГЕНДЕР ҮЧҮН ЖАҢЫ ШАРТТАР КИРГИЗИЛЕТ

  • 30.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги ушул жылдан баштап, чет өлкөдө бекер билим алгысы келгендер үчүн эки жаңы нерсени ишке киргизип жатат. Бул тууралуу өткөн жумада Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова чет өлкөдө окуу программалары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен  болгон маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында быйылкы жылдан тартып чет өлкөдө бекер окуу программаларына катышуу үчүн документтер онлайн  түрүндө кабыл алынат. Бул талапкердин программадан ийгиликтүү өтүп, окууга мүмкүнчүлүк алганда министрлик менен тыгыз байланышта болгонго шарт түзөт.

Ошондой эле чет мамлекетке окууга жибериле турган жарандардын ата-энелери менен министрликтин ортосунда үч тараптуу  келишим түзүлөт. Мында өлкөгө кайра кайтып келүү талабы бар. Андыктан ар бир кыргыз жараны окуу программаларына кирүүнүн алдында макулдугун жазуу түрүндө бериши керек.

-Билим берүү жана илим министрлиги кыргыз жарандарын бир нече өкмөт аралык макулдашуулардын негизинде чет мамлекетке бекер окууга жиберип келет. Бүгүнкү күндө министрликтин 8 өлкө менен келишими бар — деди Мааткеримова.

Алар:

  • Россия Федерациясы жыл сайын 370тен 400гө чейин бюджеттик орундарды бөлөт;
  • Кытай Эл Республикасына эки келишимдин негизинде жыл сайын жаңы окуп жаткан балдар менен саны 70тен ашпашы керек;
  • Венгрия өлкөсүнөн ушул жылдан тарта 150 бюджеттик орун бөлүнөт. Буга чейин 75 орун берилип келген;
  • Казакстан 5;
  • Таджикистан 50;
  • Түркия өлкөсү 80ден 100гө чейин;
  • Беларусь Республикасы 10го чейин;
  • Латвия өлкөсүнө 10%дан кем эмес.

Жогорудагы келишимдердин негизинде учурда 4 миңге жакын кыргызстандык чет өлкөдө билим алып келет.

Нурзат Казыбекова, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер