ЧЕК АРАДАГЫ АЙРЫМ  МЕКТЕПТЕР ОНЛАЙН ФОРМАТТА ОКУП ЖАТЫШАТ

  • 12.10.2022
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чыр-чатагынан жабыр тарткан Баткен жана Лейлек райондорунун айрым мектептеринде  капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жатат. Андыктан ал жерде окутуу онлайн форматында жүрүүдө.

ЧЕК АРАДАГЫ АЙРЫМ  МЕКТЕПТЕР ОНЛАЙН ФОРМАТТА ОКУП ЖАТЫШАТ

Лейлек району

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улугбек Жээмуратовдун берген маалыматына таянсак, райондо 66 мамлекеттик, 1 жеке менчик мектеп бар. Учурда жеке менчик мектепти кошкондо 65 билим уясында окутуу офлайн режиминде иштеп жатат.

— Максат мектебинде окутуу онлайн режиминде жүрүп жатат. Себеби бул мектеп тажик агрессорлордун айынан бир каана, коридор күйүп, жараксыз абалга келген. Ошондой эле мектептин эшиктери талкаланган. Азыр бул жерде капиталдык ремонт жүрүп жатат, андыктан балдар онлайн форматта окушууда. Төрт-беш эле  окуучу сабакка катышып жатат деген маалымат жалган. Мектепте  230 окуучу окуйт. Учурда онлайн окууга 133 окуучу катышып жатат.  Ал эми 82ге  жакын окуучу башка мектептерде окушууда. Себеби тажик агрессорлор миномёт менен аткылаганда айылдын тургундары жакын жерде жайгашкан айылдарга качып, үйлөрүнөн чыгып кетишкен.  Алар туугандарына үйүнө барып, баш калкалаган. Ошондуктан көп балдарды ошол айылдагы мектептерге убактылуу тартканбыз. Учурда болбой эле эл арасында толкундоо бар. Максат айылына келип иштегени менен элдин 50% кечке жуук коңшу айылдагы туугандарыныкына кетип жатышат, — дейт бөлүм башчы.

Максат мектебинин директорунун милдетин аткаруучу, башталгыч класстын мугалими Чынара Салимбекованын билдирүүсүнө караганда башталгыч менен даярдоо класстарын кошкондо 109 бала онлайн окуп жатат.

— Башка айылда жүргөн, Максат айылына кайтып келген окуучуларды 3-октябрдан тарта онлайн окута баштадык. Мен WhatsApp аркылуу сабак өтүп жатам. Балдар жакшы катышып, кайтарым байланышка чыгышат. Ошондой эле телесабактарды көрүшүүдө. Ал эми ZOOMдан сабак өткөнгө ата-энелер кире албай жатышат.

Чек ара чырында тажик тарап биздин мектепти аябай талкалап, тоноп,  мектептин ичиндеги жасалгаларды кескилеп кетишкен. Өзүмдүн, баламдын, дагы эки мугалимдин үйүн өрттөп кетишкен. Мектепти 2-чейрекке чейин толук ремонттон өтөт деген кабар бар. Буюрса, 2-чейректе кайра билим уябызга келип, окуйбуз деген үмүтүбүз чоң, — дейт мугалим.

ЧЕК АРАДАГЫ АЙРЫМ  МЕКТЕПТЕР ОНЛАЙН ФОРМАТТА ОКУП ЖАТЫШАТ ЧЕК АРАДАГЫ АЙРЫМ  МЕКТЕПТЕР ОНЛАЙН ФОРМАТТА ОКУП ЖАТЫШАТ

Таң атпай тынч уктап жаткан элге кол салган агрессорлордун айынан көп балдар, ата-энелер корккондуктан катуу стресс алышкан. Маалыматка таянсак, жерине психологдор барып,  балдар менен үч күн бою иштешкен. Өзгөчө Кулунду айыл өкмөтүндөгү, Жаңы-Жер айылындагы жана Максат мектебиндеги айрым мугалимдер, ата-энелер менен дагы психологдор кеп-кеңешип айтып, кесиптик деңгээлде чоң иш жүргүзүштү.

Баткен району

Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Султан Жолдошовдун берген маалыматы боюнча, райондо 54 мектеп өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.  Анын ичинен 12 мектеп кырдаалга байланыштуу онлайн форматта окушууда.

— Учурда бул мектептерде дагы оңдоо-түзөө иштери жүрүп жатат. Анткени агрессорлордун айынан ок тийгенден терезелери сынып, жараксыз ахывалга келген. Буюрса, эки-үч күндө ремонт аяктаса, окуучулар кадимкидей офлайн режимине өтөт, — дейт адис.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер