Ч.АЙТМАТОВ  БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ 

  • 27.11.2023
  • 0

Планетардык масштабдагы алп жазуучу  Ч.Айтматовдун  95  жылдыгын утурлап, “Кыргыз тили  жана Айтматов ааламы” аттуу  мамлекеттик тилдин  үч айлыгын  жүзөгө ашырууда  Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек”  улуттук борбору “Ч.Айтматов  балдар дүйнөсүндө”  республикалык театралдык  фестиваль-сынагынын республикалык турун үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында баштап. 29-ноябрда жыйынтыктайт.

Ч.АЙТМАТОВ  БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ 

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек”  улуттук борборунун директору Ира Балтабаеванын айтымында, улуу жазуучу  Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата республикадагы  театралдык  студиялардын арасында  улуу жазуучунун чыгармалары боюнча  фестиваль-сынак  жарыяланган.

— Дүйнөлүк адабияттын классиги болуп саналган, кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөө жана анын эмгектерин унутпоо жана аларды келечек муундарга жайылтуу, балдардын жана жаштардын активдүү инсандык көз карашын, улуттун жүзү болгон Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы  кыргыздын  улуу салтынын негизинде  жаш муунду тарбиялоо, улуттук асыл-нарк  баалуулуктарга  сугарылган  муунду өстүрүү,  окуу маданиятын  калыптандыруу, ошондой эле балдарды китеп окууга кызыктыруу иретинде республикадагы  билим  берүү тармагындагы окуучулардын  өнөрүн  мындан  ары өнүгүшүнө шарт түзүү максатында, республиканын театр  студияларынын арасында  фестиваль-сынак уюштурулду. Райондук, шаардык, республикалык турдан  өтүп, жеңүүчүлөр “Сейтек” борборуна келишет. Республиканын  ичинен  жети коллектив  таймашка чыгып, эки коллектив онлайн таймашат. Бул иш-чара  28-ноябрында “Сейтек” борборунун залында, келген коллективдердин чучукулак кармалат. Ошол иретте театралдык  студиялар  алып келген спектаклдер менен  башталат, — дейт борбордун жетекчиси.

Ч.АЙТМАТОВ  БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ 

Бул  фестиваль-сынактын калыстар тобунда театр искусствосунда  иштеген белгилүү инсандар,  режиссерлор,  эл артисттери, мугалимдер кара кылды как жарып, калыстык кылышат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер