C.ДАНИЯРОВДУН МУЗЕЙ БУРЧУ АЧЫЛДЫ

  • 22.01.2020
  • 0

Мындан ары кесиптик чеберчилигин жогорулатууга келишкен ак халатчан дарыгерлерге С.Данияров атындагы Кыргыз квалификациясын жогорулатуу жана дипломдон кийинки даярдоо институтунда (ККЖДКДИ) ачылган академиктин музей бурчу жардам бермекчи.

2018-жылы КР УИА академиги, окумуштуу жана педагог Санжарбек Бакирович Данияровдун 90 жылдык юбилейине карата дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу институтуна анын ысмы ыйгарылган эле. Атайын окуудан өтүүгө келишкен дарыгерлер жана жалпы эле медициналык кызматкерлер үчүн ачылган китепканада С.Б.Данияровго арналган музей бурчун академиктин кызы Асель Санжарбековна Даниярова үй-бүлөсү, бир туугандары менен биргеликте түзгөн.

— Биздин фонд ал музей үчүн материалдарды даярдап, жасалгалады. Китепкананын чакан бурчунда Санжарбек Бакировичтин ишмердүүлүгүнүн бардык аспектилерин батыруу оңойго турган жок, себеби ал окумуштуу физиолог, тоолуу өлкөнүн радиобиологиялык багытында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн башатында турган окумуштуу катары, жаш окумуштуулардын жакын жолдошу жана устаты жана кыйла жылдар биздин республикабыздын бардык аймактары үчүн дарыгерлерди даярдоодо ийгиликтүү жетекчилик кылган педагог катары көп иштерди аткарган. Албетте, бул материалдарда биз анын өзүнүн устаттарын өтө кадырлаган инсан катары, өзүнүн шакирттери, жолун жолдоочулары  тарабынан билимдүү, жылдыздуу, адамгерчиликтүү, абдан чынчыл, принципиалдуу, керек болсо, харизмасы бар адам катары терең урмат-сыйга арзыган инсан болгондугун көргөзгүбүз келди-дейт, С.Данияровдун коомдук фондунун директору Асель Даниярова.

А.Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер