БЫЙЫЛ 57 БҮТҮРҮҮЧҮ АЛТЫН СЕРТИФИКАТТЫН ЭЭСИ БОЛДУ

  • 27.06.2022
  • 0
БЫЙЫЛ 57 БҮТҮРҮҮЧҮ АЛТЫН СЕРТИФИКАТТЫН ЭЭСИ БОЛДУ

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку балл алып, Алтын сертификаттын ээси болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Эң жогорку балл  — 235 түзөт, аны Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алды.

235тен 221 баллга чейин упай топтогондордун эң көбү Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү, алардын саны 35ти түзөт, андан кийинки орунда Ош облусу — жети окуучу, андан кийинки орунда Ысык-Көл облусу  беш окуучусу менен турат. Чүй облусунан төрт окуучу, Баткенден үч окуучу, Нарындан эки окуучу, Жалал-Абад облусунан бир окуучу Алтын сертификатка татыды.

24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме дагы толукталышы мүмкүн.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер