БУУ ФОНДУ ЭЛ КАТТОО ҮЧҮН ӨЗДҮК КОРГОНУУ КАРАЖАТТАРЫН САТЫП АЛУУНУ КАРЖЫЛАЙТ

  • 03.11.2020
  • 0

2020-жылы элди дүйнөлүк каттоонун кезектеги раунду жөнүндө БУУнун Резолюциясына ылайык, Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-сентябрында болуп өткөн КМШ мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде, башка катышуучу-мамлекеттер менен максималдуу жакынкы мөөнөттө, 2019-жылдын октябрынан 2020-жылдын октябрына чейинки мезгилде, «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) катышуучу-мамлекеттеринде 2020-жылы эл каттоону өткөрүү жөнүндө» чечими кабыл алынган.

Буга байланыштуу бардык мамлекеттерде, анын ичинде Кыргыз Республикасында да бул жаатта чоң даярдык иштери жүргүзүлүп, 2020-жылдын башына бул жылдагы каттоо иштерин жүргүзүп жаткан өлкөлөрдүн улуттук статистикалык кызматтарынын иштери аяктап калган. Бирок, COVID-19 илдети жайылып КМШ катышуучу-мамлекеттердин көпчүлүгү карантиндик чараларды киргизгенге байланышту, каттоо кампанияларын жүргүзүүгө жана баарынан мурда, алардын өз мөөнөттөрүнө олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди.

Ушуга байланыштуу, Улуттук статистика комитети Саламаттык сактоо министрлиги менен билргеликте Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоосун коронавирустук инфекция таралуу шарттардында өткөрүү жөнүндө алгоритм боюнча буйрук даярдалып чыккан.

Калк жааты тармагында БУУ Фонду менен өткөн суйлөшүлөр натыйжасында коронавирус инфекция таралуу шарттарында келе жаткан Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фонун каттоосун өткөрүү үчүн алгоритимде көрсөтүлүп бекитилген шарттар менен убактылуу каттоо персоналына өздүк коргонуу каражаттарын (бир жолу колдонуучу бет кап, чөнтөк антисептик, котактсыз термоментр) сатып алууну каржылоо макулдашуусуна жетишти.

Эскерте кетсек, Улутстатком тарабынан эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүү мөөнөтүн 2021-жылга жылдыруу тууралуу чечим кабыл алынды.

 

 

 

 

 

 

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер