БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ӨТМҮШҮ, УЧУРДАГЫ АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ
- 02.07.2025
- 0
КМУнун дин таануу факультети өнөктөштөрү менен биргеликте өткөргөн «Борбордук Азиядагы диний билим берүүнүн өтмүшү, учурдагы абалы жана келечеги» эл аралык ИПК жыйынтыкталды
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин дин таануу факультети тарабынан биргеликте уюштурулган «Борбордук Азиядагы диний билим берүүнүн өтмүшү, учурдагы абалы жана келечеги» эл аралык илимий-практикалык конференция КР Президентинин “Ала-Арча” резиденциясында өттү.
Конференцияга КР мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигиин төрагасы Азамат Маматов, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын азирети муфтийи Абдулазиз Закиров, КР мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, КР УИА мамлекет жана укук институтунун директору, профессор Токон Мамытовдор катышты.
Эл аралык илимий практикалык конференция гибриддик форматта кыргыз, орус, англис тилдеринде өттү.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ №412 Жарлыгын жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын аткаруу максатында И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинин 2024-2025-окуу жылына илимий иштер, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча иш планына ылайык КМУнун 80 жылдыгына арналган.
Конференциянын максаты: Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн тажрыйбасын алуу жана жаңыча идеяларды, илимий прогресстерди ачуу; Кыргыз Республикасынын диний билим берүү процессинде жаңыча профилдерди ачуу аркылуу трансформациялоодогу идеялар менен бөлүшүү жана тез өзгөрүп жаткан дүйнө шартында маселелерди чечүүгө педагогикалык жана илимий кадрларды сапаттуу даярдоо боюнча илимий-педагогикалык талкууларды өткөрүү.
Конференцияда төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүлдү:
1. Борбордук Азиядагы диний билим берүүдөгү тажрыйбалар;
2. Кыргызстандагы диний билим берүү системасы жана Кыргыз Республикасынын Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты;
3. Теология жана дин таануу багыттарында кесипкөй педагогдорду жана илимпоздорду даярдоо;
4. Кыргызстанда диний билим берүү системасында жаңы багыттар жана жаңы методдор.
Иш-чаранын катышуучуларына И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева кайрылып, өтүп жаткан ири эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Борбордук Азиядагы дин таануу жана диний билим берүү процессинде жаңыча профилдерди ачуу аркылуу трансформациялоодогу идеяларды, илимий прогресстерди ачууда ийгиликтерди каалап кетти.
Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Татарстан, Түркия, Малайзия, Россия Федерациясынын университеттеринин ректорлору, изилдөөчүлөр, ошондой эле жергиликтүү теологдор, дин таануучулар, Дипломатиялык корпустун жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, профессордук-окуутуучулук курам, диний жана коомдук ишмерлер катышууда.
Конференциянын пленардык жыйынында Өзбекстан мусулмандар башкармалыгынын төрагасынын орун басары, Ташкент ислам институтунун ректору, профессор Мухаммадолим Мухаммадсидиков — “Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан диний жана билим берүү тармагындагы реформалардын өзгөчөлүктөрү”, Туркиянын Анкара социалдык билимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыжан — “Диний билим берүүдө жаны багыттар жана методдор (теология факультеттеринин мисалында)”, Россия Ислам Университетинин ректору, академик Рафик Мухаметшин — “Постсоветтик мейкиндикте ислам билиминин көйгөйлөрү жана келечеги: Россиянын тажрыйбасы”, Казакстандын Нур Мубарак Египет ислам маданият университетинин проректору, PhD доктор Ершат Агыбай уулу Оңгар — “Борбор Азияда исламдык билим берүү: салттуу жана иновациялык”, Ош мамлекеттик университетинин Арашан гуманитардык институту доценти, PhD доктор Сайфулла Базаркулов — “Кыргызстанда теологиялык билим берүүнүн интеграцияланышы: абалы жана өнүгүү келечеги”, И.Арабаев атындагы КМУнун теология факультетинин доценти, PhD доктор, КМДБнын муфтийинин биринчи орун басары, Самаган Мырзаибраимов — “Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына караштуу диний окуу жайларды реформалоонун учурдагы абалы жана перспективасы”, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мамлекет жана укук институтунун директору, профессор Токон Мамытов — “Диний билим берүүдө чакырыктар жана көйгөйлөр” баяндамалары угулду.
Конференция КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана И.Арабаев атындагы КМУнун дин таануу факультети тарабынан биргеликте уюштурулуп, гибриддик форматта кыргыз, орус, англис тилдеринде өттү.
«Борбордук Азиядагы диний билим берүүнүн өтмүшү, учурдагы абалы жана келечеги» эл аралык илимий-практикалык конференцияда резолюция кабыл алынып, иш-чаранын материалдары жыйнакта жарыяланмакчы.
Комментарийлер