БОЛОЧОК МУГАЛИМДЕР АЛДЫДА
- 03.11.2023
- 0
Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин студенттери теннис боюнча мелдеште 1-орунга ээ болушту.
2023-2024-окуу жылынын Ж.Баласагын атындагы КУУнун 72-спартакиадасы тууралуу жобосуна ылайык 2-ноябрь күнү стол үстүндөгү теннис боюнча кыздар арасында мелдеш болду.
Оюнга И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту, Юридика институту 1-2, Химия жана химиялык технологиялар факультети, Экономиканын жогорку мектеби институту, Компьютердик технология жана жасалма интеллект институту, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети, Кыргыз-Кытай институту катышып, жалпы сегиз команданын ичинен И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин студенттери 1-орунга ээ болушту.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер