БМУ АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ERАSMUS+ ДОЛБООРУНА КАТЫШТЫ

  • 11.01.2024
  • 0

Бүгүн 11-январь, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Erasmus+ долбоорунун ачылуу аземи жогорку окуу жайлардын катышуусунда болуп өттү.

БМУ АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ERАSMUS+ ДОЛБООРУНА КАТЫШТЫ

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун жашыл саясатты жүргүзүү жана санариптештирүү моделин түзүү боюнча Erasmus+ программасынын «Жашыл жана санарип университет» долбоорунун концорциумуна Баткен мамлекеттик университети мүчө болуп, өзүнүн 24 жылдык тарыхында биринчи жолу Erasmus+ долбоорлоруна катышууда.

Аталган долбоорго мүчө болуу, БатМУ үчүн чоң жетишкендик. Анткени, бул долбоор аркылуу Баткен мамлекеттик университети Европанын бир канча ЖОЖдорунун жашыл жана санарип тажрыйбалары менен таанышууга, ошол тажрыйбаларды университетте ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жаралат.

БМУ АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ERАSMUS+ ДОЛБООРУНА КАТЫШТЫ

Европа өлкөлөрүнөн Германиянын Гамбург колдонмо илимдер университети жана Литванын Вильнюс университети консорциумдун мүчөсү. Алар үч жыл аралыгында иш алып барат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер