БИЗ, АЙТМАТОВДУН ОКУРМАНДАРЫБЫЗ!

  • 05.01.2024
  • 0

Лейлек районунун Казыев Кожояр атындагы орто мектебинде «Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгына, Ч.Айтматовдун 95, Т.Айтматовдун 120 жылдыгына карата Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, адабий мурастарына аяр мамиле жасоого тарбиялоо жана руханий дүйнөсүн байытуу максатында окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер арасында “Биз, Айтматовдун окурмандарыбыз!” аттуу  Китеп окуу сынагы өткөрүлдү.

БИЗ, АЙТМАТОВДУН ОКУРМАНДАРЫБЫЗ!

Маалыматка ылайык, сынакты кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Жеңишбек Абдиназаров, Айнура Орунбаева, Назира Саматовалар уюштурган. Ар бир класстын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык Ч.Айтматовдун чыгармалары тандалган. Октябрь, ноябрь айларында тандалган чыгармаларды окуучулар Айтматовдун 8 томдугунан окушкан. Декабрь айында атайын комплекстүү тест тапшырган.

 Тандалган чыгармалар:

3-4-класстар “Ак кеме” повестинен Бугу-эне жомогу (окуп түшүнүү);

5-класстар “Атадан калган туяк” аңгемеси;

6-класстар “Биринчи мугалим” повести;

7-класстар “Эрте келген турналар” повести;

8-9-класстар “Саманчынын жолу” повести;

10-класстар “Фудзиямада кадыр түн” драмасы;

11-класстар “Делбирим” повести;

Мугалимдер “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” повести;

Ата-энелер “Бетме-бет” повести.

БИЗ, АЙТМАТОВДУН ОКУРМАНДАРЫБЫЗ!

— Окуучулар бир жолу комплекстүү тест тапшырышкан. Ата-энелер үчүн сынак эки топто өткөрүлгөн. Мамлекеттик мекеме-ишканаларда иштеген ата-энелерден өзүнчө, жалпы ата-энелерден өзүнчө комплекстүү тест алынган. Ал эми мугалимдер “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” повести боюнча комплекстүү тест, жыйынтыктоочу тест катары повесттен алынган курама тексттен турган окуп түшүнүү тестин тапшырышкан. Жеңүүчүлөр Жаңы жылга арналган Балаты майрамында демөөрчүлөр тарабынан берилген баалуу белектер жана мектептин дипломдору, ардак грамоталары менен сыйланышты. Демөөрчү болгон Акимбеков Нурсултанга, Алимбеков Зухридинге, Ташполотов Замирбекке жана Халмурзаев Нурсултанга уюштуруу тобунун атынан терең ыраазычылык билдиребиз, — дейт Ж.Абдиназаров.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер