«БИЗ ТОО АРАСЫНДА ЖАНА ӨРӨӨНДҮҮ ТООЛОРДО ЖАШАЙБЫЗ. БИЗДИН АТА-ЖУРТУБУЗ – АЛА-ТОО…»

  • 17.08.2018
  • 0

 

Сабактын идеясы 2018-жыл – Ч.Айтматов жана Аймактарды өнүктүрүү жылы болгондуктан, окуучуларды Мекенди сүйүүгө, Мекен алдындагы жоопкерчилигин сезүүгө, атуулдук позицияларын өнүктүрүүгө багытталган тексттерге басым жасалды.

Ч.Айтматовдун “Республикага Ода” очерки, «Менин Мекеним», М.Шахановдун, А.Акматалиевдин, Б.Асаналиевдин Ала-Тоо, Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекеним – Кыргызстан тууралуу тексттерден талдоо сунушталды.

Сабак окуучунун ишмердигине арналып, мугалим тексттеги тапшырмалар боюнча кызуу талкууну жаратып, багыттоочу катары өз алдынча изденүүгө, окуучулардын бири-биринин көз карашын, чечимдерин топтордо биргелешип талдоого, кырдаалга баа берүү аркылуу окуп-үйрөнүүгө багытталды.

Эскертүү: Мугалимдер окуучулардын жаш курагына, деңгээлине (5-6; 7-8-класстардын өзгөчөлүктөрүнө) жана өз материалдарына, чыгармачылыктарына ылайык сабактын болжолдуу үлгү-иштелмесин жана тексттерди жөнөкөйлөтүп же байытып, өзгөртүп кээ бир иш кадамдарды алып таштап өтө беришет.

Жалпы билим берүүчү орто мектептердин 5-8-класстарында 2018-2019-окуу жылынын 1-сентябрында билим күнүндө өтүлүүчү сабактын болжолдуу планынын үлгүсү

 САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ

 

Максаттар: Окуучулар…Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалардын көрсөткүчтөрү (индикатору)
Билим берүүчүлүк: Ата Журт, Ала-Тоо, Ата конуш, Эне тил, Ата-бабаларыбыздын каада-салттары, Ата Мекен деген түйүндүү сөздөрдү чечмелеп, түшүнүшөт.

Ч.Айтматовдун “Республикага ода” очерки жана М.Шахановдун”Төрт эне үчүн болгон күрөш –күрөштөрдүн улуусу!” ырынын мазмуну менен таанышышат.

Эгерде окуучулар сабактын аягында:

Тексттердин негизги идеялык мазмунун кыскача айтып беришсе;

Кичи Мекен, Ата Мекен деген сөздөрдүн маанисин, масштабын, чегин айырмалай алышса;

Текст боюнча суроолорго жооп беришсе;

Өнүктүрүүчүлүк: Тексттердин негизги идеялык маанисин аныкташат.

Сабактын темасына тексттердин мазмунун салыштыра билүүгө көнүгүшөт.

Тексттердин маанилерин салыштырып, негизги идеясын аныкташса;

текстке өз оюн кошумчалашса;

тапшырма боюнча топ менен биргелешип, оозеки жана графикалык формада презентациялап, жакташса;

Тарбия берүүчүлүк: Ч.Айтматовдун “Республикага ода” жана Мекен тууралуу тексттерге таасирленип, Мекен алдындагы жоопкерчилигин билишет.

Кыргызстанга жана Өлкөнүн көрүнүктүү адамдарына урмат-сый көрсөтүү керектигин түшүнүшөт.

Өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошууга мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип иштеп, аныктоого машыгышат.

топ менен иштөө аркылуу жазуучу үчүн маанилүү болгон тексттеги адамдык баалуулуктардын негизин аныктаса;

Мекен тууралуу чыгармаларга таасирленип (сүрөттөп, кыялданып) айтып бере алышса;

Мекен алдындагы атуулдук жоопкерчилик, аны көздүн карегиндей сактоонун баалуулугун биргелешип талкуулап, өз оюн кошумчалап айта алышса;

"БИЗ ТОО АРАСЫНДА ЖАНА ӨРӨӨНДҮҮ ТООЛОРДО ЖАШАЙБЫЗ. БИЗДИН АТА-ЖУРТУБУЗ – АЛА-ТОО…"

Сабактын формасы: өз алдынча, кичи топтордо иштөө; Текстти окуп-түшүнүүнүн формалары: өз алдынча купуя окуу, биргелешип окуу;

Сабактын тиби: Билимдерин жалпылоо жана системалаштыруу

Сабакта колдонулган окутуунун интерактивдүү методдору, ыкмалар: «Акыл чабуулу», «Бүгүн мен үчүн жакшы күн, анткени…», «Кластер», көрсөтмөлүүлүк, түйүндүү сөздөр

Сабактын жабдылышы: КРнын Мамлекеттик Гимни, таркатма материалдар (тексттер №1,2,3, 4, 5; 1-тиркеме), флипчарт-ватман, фломастер, 2 түстөгү стикерлер, Кыргызстандын кооз жаратылышы жөнүндө сүрөттөр же слайддар, «Ааламга жол айылдан башталат» деп аталган Айтматовдун портрети (№ 3 тиркеме), таяныч сөздөр, тексттер жазылган карточкалар топтому (Ата Журтум Ала-Тоо, Туулган жер, Эне тил, Ата конуш, Менин Республикам),

 

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ

 

Сабактын

этаптары

УбактысыМугалимдин иш-аракетиОкуучунун иш-аракети
Уюштуруу/

Шыктандыруу

2 мүнөтСаламатсыңарбы балдар! 2018-2019-жаңы окуу жылыңардын башталышы менен куттуктайм! Сабагыбызды биз үчүн ыйык болгон Кыргыз Республикасынын Гимни менен баштайлы!

Бүгүн баарыбыз үчүн жакшы күн, анткени жайкы каникулдан жакшы эс алып, билим күнүндө кубанычта жолугушуп жаткандыгыбыз үчүн!

Бири-бирибизди карап жылмаюу тартуулап коёлу. Биздин жылмаюуга жана пикир алышууларыбыз кубаныч тартуулайт деген ойдомун.

Окуучулар жана мугалим орундарынан туруп, оң колун жүрөгүнүн тушуна коюп, видеонун коштоосунда чогуу ырдашат.

Жагымдуу маанай

Окуучулар жанында олтурган окуучуга бурулуп, бири-бирине жылмайышат, андан кийин баары мугалимге жылмайышат.

Окуучулардын билимин актуалдаштыруу3 мүнөтАнда эмесе, тактада жазылган (же слайддагы) Менин Республикам, Ала-Тоом, Ата Конушум, Ата Журтум, туулган жер – деген түйүндүү сөздөрдү айтканда силер эмнени элестетесиңер?

Кандай ойлойсуңар, бул сөздөрдүн өз ара байланышы барбы? Бул сөздөрдү бириктирген негизги ой эмне?

Бул сөздөрдү жалпылап, бириктирип бир сөз менен айтып көргүлөчү. (Мекен)

Менин Республикам, Ала-Тоом, Ата Конушум, Ата Журтум, туулган жер – деген түйүндүү сөздөрдү үн чыгарып окушат.

Жупта биргелешип талкуулап, өз көз караштарын, ойлорун кыскача айтышат

Сабактын темасын, максатын жана күтүлүүчү натыйжалар2 мүнөт— Демек, балдар, биз бүгүнкү сабакта Мекен жөнүндө сүйлөшөбүз.

Бүгүнкү сабактын темасын жалпы үн чыгарып окуйлу: «Биз тоолордо жана тоолор арасындагы өрөөндө жашайбыз – бул Ала-Тоо…»

Сабактын максаты жана кутүлүүчү натыйжалар менен таанышышат.

Бул темага киришерден мурда, 1,2,3,4,5 ке чейин санап, 5 топко бөлүнөбүз.

Сабактын максатын жана күтүлүүчү натыйжаларды талкуулашат.
Жаңы материалды түшүндүрүү.

Тексттер менен иштөө

22 мүнөтАр бир топ ватман, маркерлерди жана даярдалган тиркемедеги (№1,2,3,4,5) тексттерден алышат.

Текстти өз алдынча окуп чыгышат.

Тексттин мазмунун топто талкуулап, биргелешип чыгармачылыктары менен презентация даярдашат. (сүрөт, графикалык формада, долбоор ж.б.) . Даярдаган иштерин топтон 1ден окуучу

же жалпы топ класска жарыялашат (презентациялашат),

Топтор суроо берип, кошумчалашат.

Резюме-жыйынтыктоо

Мугалим: Демек, балдар, биздин ата-бабаларыбыздын жери – Ала-Тоо, кыргыз элинин бешиги. Кайда барбагын, ак мөңгүлүү Ала-Тоолорду көрөсүң. Шаркырап аккан көк кашка сууларга, карагайлуу токойлорго бай. Гүлгө оронгон жайлоолору сансыз малга толуп, жашыл өрөөнүндө түнкүсүн жылдыздан көп оттор жанган кыштак, шаарлар. Бул биздин Мекенибиз, бул биздин тарыхыбыз жана маданиятыбыз, улуттук баалуулуктарыбыз.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов үчүн да кыргыз жеринин ар бир кокту-колоту көрктүү, көк шиберлүү жайлоосу, түркүн түстүү гүлдөрү, шаркырап аккан мөлтүр кашкар суусу, түбөлүк жаткан мөңгүлөрү, керемет үн салган куштары, жайкалып өскөн эгин талаасы – баары, баары өтө ыйык, сыймык. Ч.Айтматов жан дүйнөсүндө сезимтал, боорукер, гумандуу болгондуктан, бул сезимдер анын чыгармаларында кеңири орун алган,

«Ар бир улуу (чоң) жол кичине жолдон башталат, ал эми Ааламга кеткен жол айылдан б.а. кичи мекенден башталат» – деген учкул сөзү бекеринен айтылбаса керек.

 

 

 

 

 

Текст менен иштөө

12 мүнөт

 

 

 

Презентацияга ар бир топко 2 мүнөт

Бышыктоо10 мүнөтБалдар, кичи мекен дегенди кандай түшүнөсүнөр?

Кичи мекениңер жөнүндө ой бөлүшкүлө. Топто талкуулап, кластер түзүп, ойлорун айтып беришет.

Мугалим: «Ата Мекен» дегенде биз ата конуш, туулуп-өскөн жер, Ата Журт сыяктуу түшүнүктөрдү билебиз. Ал – эзелден ата-бабабыз жашап өткөн жерди туюндурат.

Мамлекет үй-бүлөдөн куралган сымал, Ата Журт да ар бир адамдын туулуп-өскөн жеринен, башкача айтканда, кичи ата мекенинен түзүлөт. Кичи мекен – бул биз төрөлгөн, биздин ата-энелерибиз жашаган жана ата-бабаларыбыз жашап өткөн жер. Балалыгыбыздан бул жерде бизди курчап турган дүйнө, үй-бүлө, досторубуз, жакындарыбыз баары тааныш.

 

Эске түшүрүп көрөлүчү: Ч.Айтматовдун «Өлкө куру чакырыктарга, калп сүйүүгө жана жасалма патриотизмге муктаж эмес» деген жакшы сөзү бар.

Ойлонуп көргүлөчү, куру чакырыктар, калп сүйүү, жасалма патриотизм деп эмнени айтып жатат?

 

Ата Мекенин сүйүү деген эмне?

Ата Мекен менен патриоттуулуктун кандай байланышы бар?

Силердин Мекенге болгон сүйүүңөрдү эмнеден билсек болот?

Өлкөбүздүн гүлдөп өсүшү үчүн биз эмне кылышыбыз керек?

Резюме-жыйынтыктоо

Демек, Мекенге болгон сүйүү ата-энесин сүйүү, үйүн, үй-бүлөсүн, мектебин сүйүүдөн башталат.

Адамда бир гана Ата Мекени бар, Аны көз карегиндей ыйык сактап, даңазасын арттыруу – ар бирибиздин парзыбыз.

Мекенибиз – бүткүл кооздуктун, сулуулуктун өлкөсү – Кыргызстан;

Топто иштөө. «Кичи мекен» кластер түзүү. Топто талкуулоо (2 мүн)

Окуучулардын болжолдуу жооптору:

Кайсыл жерде жашасам, ошол – менин Мекеним! Менин тилимде сүйлөгөн жер – менин Мекеним! Менин үйүм – менин Мекеним!

Жакындарым, досторум жашаган, ата-бабаларымдын жашаган жер – менин Мекеним!

Менин кичи мекеним –Бишкек, мен ал жерде төрөлгөм. ж.б.

 

 

 

 

Окуучулар ойлорун айтышат

Кайтарым байланыш

 

Сабакты жыйынтыктоо

4 мүнөт— Бул сабактан кандай жаңы маалымат алдыңар жана эмне маанилүү болду?

Сабактын башында коюлган максатты жана күтүлүүчү натыйжалардын көрсөткүчтөрүн окуп талкуулашат.

2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жана Чынгыз Айтматов жылы! Залкар жазуучубуз айткандай, «Адамзатка эң кыйын нерсе – күн сайын Адам болуу. Күн сайын Адам бойдон калуу!» Адамдык сапатты бийик тутсак гана биз Ата Журтубуздун татыктуу жараны болобуз! Ошондо гана биз Ата Журтубузду сүйүп, анын биримдигин сактап калабыз, ошондо гана ата мурастарыбызды туу тутуп, сыймыктанган болобуз. АКШнын 35-президенти Джон Кеннединин: «Өлкө мен үчүн эмне жасай алат деп сурабастан, мен өл өлкөм үчүн эмне жасай алам деп сура» – деген учкул сөзү бар.

 

Окуучулар ойлорун, көз караштарын айтышат

 

Үйгө тапшырма2 мүнөтҮйгө тапшырма.

Төмөнкүдөй темалардын бирин тандап эссе жазып келиш:

1. Өлкөмдүн өнүгүшүнө кандай салым кошо алам?

2. Кыргызстандын келечегин кандай элестетем?

Ушуну менен, балдар, 1-сентябрь билим күнүнө карата «Биз тоо арасында жана өрөөндүү тоолордо жашайбыз. Биздин ата-журтубуз – Ала-Тоо…» аттуу сабагыбызды аяктайбыз.

Саламатта болгула! Жаңы башталган окуу жылыңар силерге билим-илим жана тарбиядагы жаңы ийгиликтерди берсин!

 

 

1-ТИРКЕМЕ: №1,2,3,4,5 ТОПТОРГО ТАРКАТЫП БЕРИЛҮҮЧҮ ТЕКСТТЕР

 

№1-топ. Республикага ода (мактоо ыры)

«Биз тоо арасында жана өрөөндүү тоолордо жашайбыз. Биздин ата-журтубуз – Ала-Тоо…»

Кыргыздардын акындык поэзия салтында ушул күнгө чейин эл сүйгөн, жалпыга белгилүү одалык ыр жанры – мактоо орун алып келет…

Кыргыз акындары: «Улууну көрүп кичи өсөт, кечээкиден бүгүнкү өзөктөнөт, бүгүнкүдөн эртеңки көрөңгөлөнөт» деп кайталаганды жакшы көрүшөт. Ошондуктан, акындардын … өз эли-жерин даңктап ырдашы мага укумдан тукумга берилүүчү, накта элдик акыйкат-чындыктын өзүнөн бизге жеткен татыктуу иш катары сезилет.

Ошентип, мен бүгүн акынмын, мен өз жерим жөнүндө ырдайм…

«Биз тоо арасында жана өрөөндүү тоолордо жашайбыз. Биздин ата-журтубуз – Ала-Тоо…»

Бул биздин ата-бабаларыбыздын жери – Ала-Тоо, кыргыз элинин бешиги. Бул жер бизге тарых тарабынан ыйгарылган, бул жерди, жашоо мейкиндигин, биздин ата-бабаларыбыз басып келген душмандардын мизин кайтарып, кандуу согуштарда коргоп калышкан. Бул биздин ата-бабаларыбыздын жери – Ала-Тоо…

Мекен… тагдыр… Мекенимдин тагдыры… Бул сөздөрдү укканда жүрөк кантип толкундана какпасын, жан дүйнө кантип гана өз элин жараткан тууган жерге карата ыраазычылык сезимге жана баланын энеге байланышындай аруу сезимге толбосун… Республикамды … даңктоону эмнеден баштасам?

… Биздин улуттук образ-символубуз, биздин рухубуз – ачык көк асман алдындагы алп аппак чокулар.

…Кыргызстан – тоолордун өлкөсү. Бирок адам мурда эң бийик чокудан курчап турган гана табиятты көрө алчу. Бүгүн ал бүт дүйнөнү көрө алат, анткени ал чыгып турган чоку – элдин руху менен кайрат, эрдигинин чокусу…

Биз тоо арасында жана өрөөндүү тоолордо жашайбыз…

Ч.Айтматов

 

№2-топ. Менин мекеним

Ар бир адамдын өз мекени бар. «Мекен» деген сөз кыргызда ата-бабанын жери, туулуп-өскөн жер дегенди билдирет. Ал, албетте, бүт эле гүлбакча эмес. Азыр мен силерге абдан сагындырып, бир көрүугө куштарланткан Талас жергемди баяндап берсем. Шекер – менин туулуп-өскөн жерим, бул жерде менин ата-бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, турмуш тааныгам, өз тагдырымды тапкам. Ата Журт деп аталган туулуп-өскөн жердин тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, абасы – бүткүл турпаты адамдын адам болуп калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенем.

Биздин айылдын абышкалары ар бир баладан: «Кана, жети атаңды айт!» — деп катуу талап менен сурашар эле. Элдин акыл-эс мурасы да, муундардын байланышы да мына ушуга негизделген.

Бул жөнөкөй элдик философияны мен бала кезде уккан шекерлик абышкалардын насаат сөздөрүнөн алгам.

Мен шекерликмин, ошон үчүн бул жакшы кааданы алигиче урматтайм. Бул өзүбүздөн мурда жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын кадыр-баркын төмөндөтпөөгө бизди, кийинки муундарды, милдеттендирет.

Ошону менен бирге, биз Манас-Ата деп аталган улуу тоону терең урматтайбыз. Эртең менен Манас тоосунун көлөкөсү Шекердин өңүрүнө жетип турат. Мына ушунун өзү ар бир адамга тириликтин түбөлүктүүлүгүнүн элесин, дүйнө өз ордунда экен деген кебелбес канаттануу сезимин берет. Талас кырка тоолорунун мына ушул бийик чокусунан улуу бабабыз Манас өз жеринин кыйырларына дүрбү салып, кайсы жактан душман көрүнөт деп, изин чалып турчу экен.

Ч.Айтматов

 

№3-топ. Төрт эне үчүн болгон күрөш – күрөштөрдүн улуусу!

 

Төрт эне үчүн болгон күрөш – күрөштөрдүн улуусу!

Ар адамда өз энеден бөлөк да,

Өмүрүнө таяныч да, жөлөк да,

Ар бири үчүн алар жаны өрттөнө,

Болуу керек кудуреттүү төрт эне:

ТУУГАН ЖЕРИ – түркүгү, түп казыгы,

ТУУГАН ТИЛИ – сыйлыгы, гүл азыгы,

ЖАН БАЙЛЫГЫ, САЛТ-САНААСЫ – тиреги.

Эртеңине шоола чачып кирери.

Жана ТУУГАН ТАРЫХЫ.

Эске алууга бул сага,

Канча оор, муң-кайгылуу болсо да,

Кудурет жок төрт энеге тең келер,

Ансыз жаның камгак окшоп сенделер.

Өзгө эненин улуулугун түшүнбөс,

Өз энесин сүйө албаган пенделер.

Төрт энеге канат жалгай албаган

Тамырсыздын башы кайда калбаган?!

Төрт энесин коргобогон калктын,

Эч убакта бак жылдызы жанбаган.

Касиеттүү бул төрт эне – тагдырыңдын сулуусу,

Төрт эне үчүн болгон күрөш – күрөштөрдүн улуусу!

 

 

М.Шаханов

№4-топ. «Ала-Тоо – Ата Журтубуз»

 

«Ата Журт» дегенде биз ата конуш, туулуп-өскөн жер, Ата Мекен сыяктуу түшүнүктөрдү билебиз. Ал – эзелден ата-бабабыз жашап өткөн жерди туюндурат.

Мамлекет үй-бүлөдөн куралган сымал, Ата Журт да ар бир адамдын туулуп-өскөн жеринен, башкача айтканда, кичи ата мекенинен түзүлөт.

«Ата конуш» аталганы – сенин атаң да ошол жерден агарып-көгөргөн. Ата жолун баласы улантат, ошентип муундардын өз ара байланышы үзүлбөйт

Кыргыздарды Орто Азиядагы эң байыркы элдерден деп жүрүшөт. Аны тарыхтагы маалыматтар, далилдер ырастап келет. Ошол байыркы баатыр кыргыз элинин ыйык журту – асман тиреген касиеттүү Ала-Тоо!

Ак мөңгүлүү Ала-Тообуз көзгө сүйкүм, жүрөккө кымбат. Эзелтеден эле Ала-Тоого көз арткан душман көп болгон. Бирок баатыр Манас бабабыз баш болуп, көптөгөн баатырларыбыз, жоокер кыргыз эли өз Ата Журту үчүн жан аябай салгылашып, сандаган жоонун күлүн көккө сапырган. Ата Журтун көздүн карегиндей сактап келишкен.

Душмандардын баскынчылык согуштарынын кесепетинен ар кандай тагдырга дуушар болгон кыргыз эли Эгемендүү эркин өлкө катары өз алдынча түтүн булата баштады.

Адамда бир гана Ата Мекени бар! Аны көз карегиндей ыйык сактап, сүйүп, даңазасын арттыруу – ар бирибиздин парзыбыз.

Ата Журтубуз эмне себептен Ала-Тоо аталып калган?

Кыргызстандын аймагынын көп бөлүгүн тоолор ээлеп турат. Бөксө тоолор жана улуу тоолор, башынан мөңгү кетпеген бийик тоо кыркалары алда кайдан шаңкайып көзгө көрүнөт. Айрым тоо чокулары жай мезгилинде күңгөй жагынан кары эригендиктен, ала-телек тартып калат. Бир жери ак, бир жери кара. Ошол себептүү Ала-Тоо деп аталып калган.

 

Б.Асаналиев

 

 

№5-топ. Ата Конуш

 

Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен деген синоним сөздөр негизинен бир эле түшүнүк, аң-сезимде биригип кеткен. Сөздүн бирдигинде бирдей эле мааниде түшүндүрүлөт.

Көбүнчө алардын мааниси контекстке байланыштуу болот. Ата-бабалардын жерин жердеп, ошол жерде киндик каны тамып, төрөлүп, өсүп-чоңоюп, коломтосун өчүрбөй сактап, коргоп, калыптанган жерди Ата-Конуш десе болот. «Туулган жердин топурагы алтын» эмеспи! Андан мааниси да, географиялык ченеми да кененирээк – Ата-Журт болсо керек. Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен cөздөрдүн тар жана кең маанисинде колдоно берсек болот. Жерибизде көп улуттар жана элдер жашайт. Алардын тили, дини, үрп-адаты, каада-салты, маданияты, көз карашы айырмаланып тургандыгына карабастан, Мекени – Кыргызстан.

…Айтматов үчүн кыргыздын ар бир берешен жери, суусу, токою, аска-зоосу ж.б. баары ыйык, керемет. Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен дегенде атуулдук, улуттук сезими ойгонот. Ошол себептен улам дүйнөлүк интеллектуалдарды чогулткан жыйынга да «Ысык-Көл форуму» деген ат берип, Ысык-Көлдү ааламга таанытып отурат. Айрым чыгармаларын да Ысык-Көлгө барып эс алып, жазган учурлары да болгон. Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен, бир укум, алакандай жерден башталат эмеспи!

…Ч.Айтматов өзү да Шекер айылына сапар тартканда чыдамсыздык менен эртерээк жетип, эң алды зор теректерге барып, өткөн-кеткендерди эскерет, ойго батат, күч-кубат алат. Ошол себептен уламбы «кош терекке ийилип салам берип, кулагымдын моокуму канып алардын күүлөнгөн үнүн уксам деп дайым дегдеймин», – деп жазат.

 

А. Акматалиев

 

2-ТИРКЕМЕ.

Адабияттар:

Окуучуларды көп маданияттулукка тарбиялоонун алкагындагы сабактардын жана сабактан тышкаркы иш чаралардын усулдук иштелмелер жыйнагы. Келечек үчүн диалог. Шульгина. Бишкек-2008

 

Түзгөндөр: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Филологиялык билим берүү кафедрасынын профессору, п.и.к. Эсеналиева К., ага окутуучу Батыркулова А.Б.

 

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин

квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо

институту

Бөлүшүү

Комментарийлер