БИШКЕКТИН МЕКТЕПТЕРИ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРБЫ?

  • 18.08.2022
  • 0

Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачеванын жетекчилиги алдында өткөн жыйында курулуп жаткан мектеп объектилерин ишке киргизүү, билим берүү мекемелерин оңдоо жана окуу жылын баштоого байланышкан маселелер каралды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга район акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, билим берүү башкармалыгынын башчысы, райондук билим берүү борборлорунун жетекчилери, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары ж.б. жооптуу жетекчилер катышты.

Чогулгандар жаңы мектептердин курулушу, алардын материалдык-техникалык базасы, окуу китептери менен камсыздоо маселелерин талкуулап, андан тышкары, №60, 62, 39, 13, 64 орто мектептердеги жана №30 көмөкчү орто мектептеги муниципалдык имараттарды бошотуу маселесин көтөрүштү. Жыйында борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин жанында жайгашкан жол белгилерин жаңылоо маселеси да көңүлдөн сырткары калган жок.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер