БИШКЕКТИН КАТАРДАГЫ МЕКТЕБИНИН ЭКИ ОКУУЧУСУ КЕМБРИДЖ СЕРТИФИКАТЫНА ЭЭ БОЛУШТУ

  • 23.06.2022
  • 0

 

 

БИШКЕКТИН КАТАРДАГЫ МЕКТЕБИНИН ЭКИ ОКУУЧУСУ КЕМБРИДЖ СЕРТИФИКАТЫНА ЭЭ БОЛУШТУБИШКЕКТИН КАТАРДАГЫ МЕКТЕБИНИН ЭКИ ОКУУЧУСУ КЕМБРИДЖ СЕРТИФИКАТЫНА ЭЭ БОЛУШТУ

 

Жакында Англиянын Кембридж университетинен жагымдуу кабар келди. Анда Бишкек шаарынын Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын 7-“Б” жана “К”  класстарынын  окуучулары Алыбаева Акмарал жана Абдусайитова Элимай эл аралык Кембридждик сертификатка ээ болушканы кабарланган. Алар англис тилинен Евростандарттагы YLE Flyers-А2 деңгээлиндеги татаал экзаменди ийгиликтүү тапшырышкан.

-Мындай ийгиликке  катардагы эмес, элиталык мектептер да жеткен эмес. Анткени, жөнөкөй тил менен түшүндүрсөк,  жеңүүчүлөрдүн тастыкталган билими Англия, Германия, Япония, Швеция, Норвегия өңдүү өнүккөн өлкөлөрүнүн алдыңкы окуучулары менен бирдей деңгээлде турат. Кыргызстандагы  белгилүү университеттин  1-курсунун студенттеринен  тест алганда, алардын 82% орус тилин А1 деңгээлинен төмөн билгенин аныктаган. Демек, жогорудагы окуучулардын орус эмес, англис тилин билүү деңгээли аталган студенттерден бир баскычка жогору турат  дегендикке жатат, -дейт “Англис тили 7 айда”  китебинин автору Шайлообек Назаралиев бизге маалымат берип жатып.

Анын ою боюнча эл аралык  Евростандарттагы билим берүү маселеси көп айтылганы менен ал практика жүзүндө жакшы ордунан жыла элек. Анткени, андай билим кымбат турат жана узак убакытты талап кылат. Атап айтсак, Москвада мындай экзаменге даярдоонун бир сааты 2000 рубль турса, чет өлкөдө андан да кымбат. Экзаменге даярдануучу китептердин суммасы эле 1000 доллардан ашат. Ал эмес, өзүбүздүн Бишкек шаарындагы англис тилинин бир сааттык жеке сабагы 500-700 сомдун тегерегинде турат.  Ошон үчүн, биз эмес, бай өлкөлөрдө да Евростандартагы экзаменге  колунда бар, бардар үй-бүлөнүн  мыкты мектепте окуган балдары даярдалат. Ушул себептен, Кыргызстандагы 2000ден ашуун катардагы эмес, жылына 2000-4000 доллар алган элиталык мектептер да эл аралык экзаменге даярданбай келе жатканын Ш. Назаралиев  өз сөзүндө баса белгиледи.

 

БИШКЕКТИН КАТАРДАГЫ МЕКТЕБИНИН ЭКИ ОКУУЧУСУ КЕМБРИДЖ СЕРТИФИКАТЫНА ЭЭ БОЛУШТУ-Окуучуларды Кыргыз Экономикалык университетинин  студенти, Кембридждик В1 сертификаттынын ээси Бекболот Назаралиев даярдады. Бул жыйынтык биздин балдар да туура методика жана колдоо болсо, эл аралык билимди багындыра алышына мүмкүнчүлүгү бар экенин аныктап турат.  Эгерде жаңы муун ушул жол менен кетсе, өлкөнү каптаган жумушсуздук, миграция жана аз маяна өңдүү терс көрүнүштөрдү жеңип кетмек. Анткени, Евростандарттагы сертификат дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө таанылуу менен бирге  ал жактарда окуп, иштөөгө жол ачат, -дейт Ш.Назаралиев.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер