БИШКЕКТЕГИ  МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИНИН КОШУМЧА ИМАРАТЫ КУРУЛУП ЖАТАТ

  • 26.11.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин кошумча окуу имаратынын курулушу уланып жатат. Бул тууралуу мектептин директору Муратбек Касымалиев  билдирди.

Директордун берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 375 окуучуга эсептелген билим берүү объектисинин курулушу план боюнча жүргүзүлүп, май айына даяр болуп, жаңы окуу жылына эшигин ачат.

  • Азыркы учурда подрядчы уюм тарабынан бетон плиталарынын түзүлүшү, биринчи кабаттын экинчи бөлүгүнүн жабуулары, имараттардын айланасында сырткы курулушу жана блокторго сырткы штукатуранын башталышы боюнча иштер аткарылган. Ошондой эле металл устундарды куроо жана шыбын жабдуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Учурда окуу жүктөмдөрү көп болуп, окуучуларга орундар жетишпей жаткан мектептерде кошумча имараттарды куруу боюнча системалык иштер улантылып жатат. Бул кошумча имарат Сауд өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен курулууда. Республика боюнча 27 мектеп курулууда, анын ичинен Бишкек шаарынан биздин мектеп-лицей менен №61 лицейде кошумча имарат курулуп жатат. Алардын курулушун аяктоо 2021-жылга пландаштырылган. Эн жакшысы, Сауд өнүктүрүү фонду жөн эле имаратты бүтүрүп койбостон, бардык эмеректери менен жабдып бермекчи болуп атат. Ошондой эле биология, химия лабораториялары дагы керектүү жабдыктар менен жабдылат. Ашкана, кичи футбол аянтчасы да бар, — дейт мектеп жетекчиси.

Мектеп-лицей 1226 балага ылайыкталган, бирок учурда 3178 окуучу окуйт.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер