БИШКЕКТЕГИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН АРАСЫНДА «ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН СЦЕНАРИЙЛЕРИ» СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 15.11.2023
  • 0

БИШКЕКТЕГИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН АРАСЫНДА «ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН СЦЕНАРИЙЛЕРИ» СЫНАГЫ ӨТТҮ

Бишкектеги бала бакчалардын арасында «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сценарийлери» сынагы өттү. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттиги маалымдады.

Муниципалитеттен «Кабар» агенттигине билдиришкендей, сынак Ленин райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан «Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» аттуу үч айлыктын алкагында уюштурулган.

Сынакка 9 бала бакча катышып, жыйынтыгында төмөнкү билим берүү мекемелери байгелүү орундарга ээ болушту:

1-орун – №8 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2-орун – №131 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
3-орун – №26 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;

Ошондой эле №118 жана №43 мектепке чейинки билим берүү мекемеси көңүл жубатуучу сыйлыктарга ээ болушту.

 

Н.М. «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер