БИШКЕКТЕГИ №32 МЕКТЕПТИН ДИРЕКТОРУНА СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 11.01.2018
  • 0

Бишкек шаарындагы №32 жалпы билим берүүчү мектебинин директору Асел Садыковага сөгүш жарыяланды.

Аталган мектептин директорунун орун басарлары А.Шабданбекова менен Н.Мамбеталиевага эскертүү берилди. Директорго сөгүш КР Эмгек кодексинин 146- статьясынын 2-пунктуна (кызматкердин күнөөсүнөн ага жүктөлгөн кызматтык милдеттердин толук аткарылбаганы) ылайык жарыяланды.

Эскерте кетсек, окуу жылынын башталышында 9-класстын окуучусун мектептен кетирүүгө аракет кылышып, ал үч күнгө жоголуп кеткен. Баланын апасы мектептик фондго ай сайын төлөнүүчү акча каражаттарын бере албай жаткандыгына байланыштуу баласын мектептен чыгарып жатышканын билдирген. Ал ошондой эле, баласына психикалык басмырлоо көрсөтүп жатышканын айткан. Ал эми мектептен болсо окуучунун жетишкендиктери начар болгондуктан, кечки мектепке которгулары келгенин айтышкан. Чыр-чатак тараптардын бир бүтүмгө келиши менен чечилип, баланын апасы мектептин директоруна карата жазылган арызын алып, окуучу мектепке кайтарылган. Бирок өз кезегинде, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү окуучунун укугу бузулду деп, мектеп директорун жазалоону талап кылышкан.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер