БИШКЕКТЕ ОКУУЧУЛАРДЫ ЖАНА ЖАШТАРДЫ КЕСИПКЕ БАГЫТТОО ЖААТЫНДАГЫ СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮКТҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 16.03.2020
  • 0

Эң негизги жыйынтык — кесипке багыт берүү программасынын беш тепкичтүү моделинин календардык-техникалык планынын бекитилиши болду.

Билим берүү академиясы бекиткен 34 сааттык программа сегиз пилоттук аймактагы 4274 окуучуну камтыды. Бул моделге ылайык, иш менен камсыздоо башкармалыктары жана жалпы билим берүү мектептери кесипке багыт берүүдө негизги жоопкерчиликти өзүнө алат, процесске ишканаларды тартууну аныкташат.

Пилоттук мектептерде окуучуларга ар кайсы кесиптер, билим алуунун кийинки жолдору, эмгек рыногундагы абал тууралуу кенен маалыматтар берилет. Өспүрүмдөр «Кыргызмебель”, “Шоро”, “Таш Темир”, “Деревообрабатывающий завод”, “Кока-Кола Бишкек-Боттлерс” ишканаларында, «Хаятт Ридженси Бишкек” меймананасында кесип менен практика жүзүндө таныша алышат.

«Программа КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан таанылганына абдан кубанычтабыз. Кесипке багыт берүү сабактары балдарга да, мугалимдерге да кызыктуу. Өспүрүмдөр болочок кесибин акыл калчап тандашына өбөлгө болуудабыз«,  — дешет пилоттук мектептердин мугалимдери.

Талкууга катышкан бардык катышуучулар программаны жакшыртуу, 2020-жылга иш чаралардын планын бекитүү боюнча өз сунуштарын беришти. Ага ылайык:

  • университеттер менен кесиптик лицейлер кесиптердин жарманкесин бат-баттан өткөрүп турат,
  • ишканалар окуучуларга экскурсияларды өткөрөт, иш менен камсыздоо кызматы пилоттук мектептерде кесипке багыт берүү иш чаралын уюштуруп, тестирлөө жасайт,
  • Бишкектин иш менен камсыздоо башкармалыгы Сокулуктагы кесиптештерин окутат, кийин бул райондогу мектептердин бири долбоорго кошулат.

Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга жардамдашуу»  программасы социалдык өнөктөштөргө кесипке багыт берүү жана кеп-кеңеш системасын түзүүгө колдоо көрсөтөт. Программанын алкагындагы иш-чаралардын максаты пилоттук аймактардын кесипке багыт берүү жаатында социалдык-өнөктөштүк кооперацияларын түзүүсүнө багытталган.

Бишкек шаары — биз кызматташып жаткан пилоттук сегиз аймактын бири. Калаадагы №68, 69, 13, 24-мектеп-гимназиялары жана Эмгек, социалдык өнүгүү министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте кесипке багыт берүү боюнча программасын киргизип жатат. Бишкек шаарындагы социалдык өнөктөштөр кесипке багыт берүү жаатындагы кызматташуусун Меморандумга кол коюу аркылуу бекемдешкен. Мунун алкагында окуучуларды, жаштарды кесипти туура тандоого түрткөн иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер