БИШКЕКТЕ EXPO-2022 КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТҮП ЖАТАТ

  • 15.09.2022
  • 0

Бүгүн Бишкек мамлекеттик университетинде Ректорлордун дүйнөлүк форумунун алкагында EXPO-2022 эл аралык билим берүү көргөзмөсү өтүп жатат.

Программа «Кыргызстандагы билим берүү жана карьера» деп аталган видеороликтин интерактивдүү демонстрациясы менен башталды. Көргөзмөдө Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетишкендиктери ар кандай тематикалык багыттарда көрсөтүлүүдө. Мисалы, Арт зонада студенттер менен университеттин окутуучуларынын төрт багыт: живопись, графика, скульптура жана керамика боюнча эмгектери коюлду.

Этнозонада боз үйдү улуттук стилде жасалгалоо, булгаарыдан, кийизден сувенирлерди жасоо, ар кандай ыкмаларды колдонуу менен металлды көркөм иштетүү, сөөккө, жыгачка көркөм оюу ыкмалары көрсөтүлүп, аны улуттук аспаптар менен коштолгон чыгармалар кооздоп жатат.

Көргөзмөнүн бизнес бөлүгүндө иш берүүчүлөр, билим берүү мекемелери жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, билим берүү, илимий жана бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда келишимдерге кол коюлат.

«Студенттик стартап» бөлүгүндө болсо  студенттердин колунан жасалган ар кандай архитектуралык объектилердин макеттери, жаңы компьютердик программалар, робототехника жана илимий иштер коюлган.

Көргөзмө Бишкектеги ЖОЖдордун студенттери тарабынан даярдалган “Event-Show” программасы менен аяктайт.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер