БИШКЕКТЕ АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕР ЖАНА КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮҮДӨ

  • 26.04.2023
  • 0

Бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаарындагы Эмен паркында артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтүп жатат.

БИШКЕКТЕ АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕР ЖАНА КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮҮДӨ
Фестивалдын максаты — колледж менен лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүн колдоо, бүтүрүүчүлөр арасында артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптер тууралуу маалымат жайылтуу жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу.
Иш-чаранын ачылышында Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу сөз сүйлөп, окуучуларга кесипти туура тандоосуна кеңешин берди.

— Урматтуу фестивалдын катышуучулары жана окуучулар. Бул иш-чара ушуну менен экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Максатыбыз өлкөгө пайдалуу кесип ээлерин даярдап чыгаруу. Андыктан баарыңарга кесипти тандоодо адашпагыла демекчимин. Адам баласы бул жашоодо жок дегенде бир кесиптин ээси болушу керек. Чиновник болсоң же башка иш кылсаң эртең кызматтан түшүп калышың мүмкүн. Ал эми бир кесиптин ээси болсоң ал сени менен өмүр бою болот,-деди.

Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында уюштурулууда. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Бөлүшүү

Комментарийлер