БИШКЕКТЕ №8 БАЛДАР БАКЧАСЫ КАПИТАЛДЫК ОҢДООДОН КИЙИН АЧЫЛДЫ

  • 11.01.2023
  • 0

Бишкекте №8 бала бакча капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

БИШКЕКТЕ №8 БАЛДАР БАКЧАСЫ КАПИТАЛДЫК ОҢДООДОН КИЙИН АЧЫЛДЫ

Балдар бакчасынын ачылышына Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев катышты.

БИШКЕКТЕ №8 БАЛДАР БАКЧАСЫ КАПИТАЛДЫК ОҢДООДОН КИЙИН АЧЫЛДЫ
Жер төлөсү бар эки кабаттуу имарат төрт тайпага ылайыкталган. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,38 га, ал эми курулган аянты 640 чарчы метрди түзөт.

Бала бакчага инженердик тышкы тармактар: короо ичиндеги канализация, жылытуу системасы, суу түтүктөрү, бүт имаратка тышкы электр кабели тартылып, имараттын ичи жасалып, фасады жылууланып, (декоративдик шыбак), асма шыптар орнотулду. Ошондой эле полду монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Жылытуу системасы, электр системасы, полдун электр панелдери толугу менен алмаштырылды, сантехника иштери бүткөрүлдү.

Мындан тышкары, резина капталган төрт балдар аянтчасы көрктөндүрүлүп, бала бакчанын аймагына таман таштар төшөлдү. Мекеменин аянты боюнча темир тосмо орнотулуп, жер төлөсүнө желдеткич орнотулуп, жашылдандырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер