БИШКЕКТЕГИ МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯЛАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ АРАСЫНДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТӨТ
- 23.03.2022
- 0
Мектеп окуучулары арасында “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук” жылына арналган интеллектуалдык оюн өткөрүлөт. Оюн 25-мартта КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Инновация борборунда болот.
Интеллектуалдык оюн “Кыргызстан жана анын региондору” тематикасында болуп, ага Бишкек шаарындагы №70 ОТК (окуу-тарбиялык комплекс), №13 ОТК, №9 ОТК, №67 ОТК, №12 ОТК, №24 ОТК, №33 ОТК, №65 ОТК мектеп-гимназияларынын окуучулары катышат.
Аталган интеллектуалдык оюн таланттуу жаштарды кийинки республикалык жана эл аралык интеллектуалдык сынактарга, олимпиадаларга катыштыруу үчүн аныктоо, “Жашыл экономика» чөйрөсүндө жаштардын көз карашын жана алардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, өлкөнүн табигый жана тарыхый мурастары менен тааныштыруу максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, бул иш-чара акыркы үч жылдан бери өткөрүлүп келет.
Мектеп окуучулары үчүн Интеллектуалдык оюндарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча бардык суроолор боюнча төмөнкү телефонго кайрылсаңыздар болот: +996702051408 (КЭУнун Жаштар иштери боюнча комитети)
Комментарийлер