БИШКЕКТЕ 360 ОКУУЧУГА ЫЛАЙЫКТАЛГАН МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

  • 28.09.2022
  • 0
Бүгүн, 28-сентябрда Бишкектеги №76 орто мектептин ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.
Акылбек Жапаров республика боюнча авариялык абалда турган 245 мектептин экөө Бишкекте жайгашкандыгын билдирди.
“Кечээ салтанаттуу түрдө №75 мектеп-лицейин ачкан болсок, бүгүн имараты 90 жыл мурун курулган №76 мектепке кезек келди. Бул окуучулар жана мугалимдер үчүн гана эмес, биз үчүн да чоң кубаныч. Мындан ары да сиздердин ишиңиздерге ыңгайлуу шарттарды түзүп беребиз”, — деди Министрлер Кабинетинин төрагасы.
Маалымат үчүн: 2018-жылы №76 мектеп пайдаланууга жараксыз деп табылган. Буга байланыштуу билим берүү мекемеси капиталдык ремонттон гана эмес, конструкциялык бекемдөөдөн да өткөрүлгөн. Реконструкциялангандан кийин мектеп 360 окуучуга ылайыкталган. Жер участогунун жалпы аянты – 0,54 га, ал эми имараттын аянты 2341 кв. метрди түзөт. Имаратта 17 окуу бөлмөсү жана аянты 126,6 кв. метр саналган спорт залы бар.
Мектептин бир блогунун жертөлөсү бар. Мектепте ашкана, кампа, спорт зал, кийим алмаштыруучу бөлмө, техникалык бөлмө, санитардык түйүндөр жана лаборатория каралган.
БИШКЕКТЕ 360 ОКУУЧУГА ЫЛАЙЫКТАЛГАН МЕКТЕП АЧЫЛДЫ БИШКЕКТЕ 360 ОКУУЧУГА ЫЛАЙЫКТАЛГАН МЕКТЕП АЧЫЛДЫ БИШКЕКТЕ 360 ОКУУЧУГА ЫЛАЙЫКТАЛГАН МЕКТЕП АЧЫЛДЫ БИШКЕКТЕ 360 ОКУУЧУГА ЫЛАЙЫКТАЛГАН МЕКТЕП АЧЫЛДЫ БИШКЕКТЕ 360 ОКУУЧУГА ЫЛАЙЫКТАЛГАН МЕКТЕП АЧЫЛДЫ БИШКЕКТЕ 360 ОКУУЧУГА ЫЛАЙЫКТАЛГАН МЕКТЕП АЧЫЛДЫ БИШКЕКТЕ 360 ОКУУЧУГА ЫЛАЙЫКТАЛГАН МЕКТЕП АЧЫЛДЫ БИШКЕКТЕ 360 ОКУУЧУГА ЫЛАЙЫКТАЛГАН МЕКТЕП АЧЫЛДЫ БИШКЕКТЕ 360 ОКУУЧУГА ЫЛАЙЫКТАЛГАН МЕКТЕП АЧЫЛДЫ БИШКЕКТЕ 360 ОКУУЧУГА ЫЛАЙЫКТАЛГАН МЕКТЕП АЧЫЛДЫ
Бөлүшүү

Комментарийлер