БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

  • 15.09.2022
  • 0

 Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда жаңы мектеп оз эшигин ачты.Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Маалыматка таянсак, ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

— Бүгүн беш жылдан бери курулушу бүткөрүлбөй келген мектепти ачып жатабыз. Анын курулушуна 136 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Мектеп заманбап технологиялар менен жабдылган жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Тактап айтканда, 40 класска проектор экрандары орнотулуп, жыгач устачылык жана ашпозчулук класстары бар, тигүү жабдыктары орнотулуп, спорт залы жана спорт аянтчасы курулган. Мындан тышкары, стоматологиялык кабинет иштейт. Бул шарттардын баары мурда жеке менчик мектептерде гана болсо, эми мамлекеттик мектептерде да мындай шарттар болот. Көрсөтүлгөн инфраструктура донорлордун эсебинен эмес, бюджеттик каражаттардын эсебинен түзүлдү, — деди шаар мэри.

БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Министрлер кабинетинин башчысы билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, күчтүү кесипкөй кадрлар менен чыңдоо үчүн мектеп директорлорун аттестациялоо жана ротациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров быйыл билим берүү тармагына 47 млрд сом бөлүнгөнүн, келерки жылы мамлекеттик инвестициянын көлөмү 64 млрд сомго чейин көбөйтүлөрүн белгиледи.

БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

— Мектептерди өнүктүрүүгө 5 млрд сом бөлүүнү пландап жатабыз. Министрлер кабинети мектеп окуучуларын ноутбуктар, жаңы электрондук окуу китептери менен камсыз кылуу, дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин тажрыйбасын өздөштүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул мектепке кыргыз элинин залкар жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун ысымы ыйгарылган. Мындан ары мектептерге, бала бакчаларга жана башка социалдык-маданий объектилерге тарыхый инсандардын, улуттук классиктердин ысымдары ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын президенти мамлекеттик саясатты өзгөртүүдө. Мамлекет өнүгүү курсун алды. Бизге элдин колдоосу гана керек, бизге биримдик, тынчтык жана ар тараптуу өнүгүү керек, — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

БИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫБИШКЕК ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Андан соң Акылбек Жапаров менен Эмилбек Абдыкадыров мектепти көрүп чыгып, мектеп окуучулары менен баарлашып, билим берүү мекемесинин аймагын жашылдандыруу иш-чарасына катышты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер