БИШКЕК ШААРЫНДА 1-КЛАССКА КАБЫЛ АЛУУ АВТОМАТТАШТЫРЫЛАТ

  • 23.01.2019
  • 0

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик маалыматтык технология жана байланыш комитети менен бирдикте “Мектепке электрондук каттоо” долбоорун иштеп чыгып, аны 15-февралдан тарта ишке киргизмек болду. Автоматташтырылган маалыматтык системанын негизги максаты болуп балдардын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдарынын биринчи класстарына кирүүдөгү маалыматтарын каттоо, эсепке алуу жана иштеп чыгуу процесстерин автоматташтыруу аркылуу ар бир баланын билим алууга болгон укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо, 1-класска кирүүдөгү коррупциялык схеманы жоюу болуп саналат. Биринчиден болуп “Мектепке электрондук каттоо”  Бишкек шаарында пилоттолот. Жакында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева  Бишкек шаарындагы мектептин директорлоруна “Мектепке электрондук каттоо” долбоордун презентациясын өткөрдү. 

БИШКЕК ШААРЫНДА 1-КЛАССКА КАБЫЛ АЛУУ АВТОМАТТАШТЫРЫЛАТ

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу Самара Умралиеванын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан автоматташтырылган маалыматтык система киргизилип жатат.

  • Бул пилоттук проект Бишкек шаарынан башталат. Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге тиешеси бар. Анткени Бишкек шаарында миграциянын толкуну жылдан жылга күч алып баратат. Ошонун негизинде балдардын агымы да абдан көп. Мисалы, былтыркы окуу жылында айрым статустуу мектептерде 1-класска 40-45тен ашык окуучулар кабыл алынды. Бул долбоор Бишкек шаарындагы мектепке чейинки 6 жаштан 7 жашка чейинки балдардын так эсебин алууну көздөйт, — дейт Самара Умралиева.

Автоматташтырылган маалыматтык системанын дагы бир максаты — Бишкектеги жаңы конуштарда курулган үйлөрдүн көпчүлүгүнүн  каттоосун аныктоо. Анткени көп үй-бүлө каттоодон өткөн эмес. Долбоордун негизинде балдарды так учетко алуу.

  • Көп жылдан бери ата-энелер министрликке кайрылып, “тиги мектеп баламды албай жатат, бул мектеп чоң акча сурап жатат” ж.б.у.с. кайрылуулардын негизинде көп эле буйруктар чыгып жатты, акча чогултууга, тест өткөрүүгө ж.б.у.с. иштерге тыюу салынсын деп. Ушундай көйгөйлөр автоматташтырылган маалыматтык системага өтүүгө түрткү берди, — дейт жетектөөчү адис.

Маалыматка ылайык, каттоо 15-февралдан 15-августка чейин, т.а. эки этап менен жүрөт. 1-этабы 15-февралдан 15-майга чейин.  Мектеп жашындагы баланын ата-энеси  mektep.gov.kg  сайтына кирип, өздөрү жашаган микроучасток боюнча электрондук арыз жазып, сайтта көрсөтүлгөн тиешелүү документтерди, баланын сүрөтү менен тиркейт. Эгерде ата-эне туура эмес толтурса, кандайдыр бир ката кетирсе бала каттоодон өтпөй калат. Ошондуктан мектеп жетекчиси арыз жазган ата-эненин электрондук почтасына дароо жоопторду берет. Анда ата-эне өзүнүн микроучастогуна барып, каттоодон өтөт.

  • Бул жерде 2-3 мектеп бар. Жардамчы (Вспомогательный) программа менен иштеген атайын мектептерге балдар электрондук каттоосуз эле киришет. Анткени ПМКнын чечими болот, — дейт Самара Умралиева.

Долбоордун экинчи этабы 15-майдан 15-августка чейин жүргүзүлүп, ушул учурда микроучастоктон сырткаркы балдар каалаган мектептерге катталат. Микроучастоктон сырткаркы балдар тандаган мектепте орун бар кезде гана кабыл алынат.  Сайтта көрсөтүлгөн керектүү документтердин тизмеси толугу менен болушу керек. Ата-эне дарегин так бериш керек, так бербесе компьютер окубай коет. Окуса да туура эмес маалымат чыгып калышы ыктымал. Ушул учурда мектептин директору катталган баланын ата-энесинин электрондук почтасына дароо эле кат жазат. “Сиз кабыл алынган жоксуз, анткени бул документтериңиз жетишпейт” деп.

Дагы бир маселе, эгерде бала өз учурунда мектепке барбай, 8 же 9 жаштагы болсо, алар түз эле райондук билим берүү борборлоруна барып, ал жерде түзүлгөн комиссияга кайрылышат. Ал жерден ата-энелердин маселелери чечилип берилет. Эгерде кандайдыр бир себептер менен чечилбей калса, анда Билим берүү жана илим министрлигинин алдында уюшулган комиссияга кайрылышат. Негизинен бир дагы бала мектептин сыртында калбайт дешти адистер.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусаинованын берген маалыматына таянсак, 21-январда Билим берүү жана илим министри Бишкек шаарындагы 97 мектептин директорлору менен жолугушуп, автоматташтырылган маалыматтык система тууралуу кеңири айтып берди.

  • Бул жумушчу жолугушууда мектеп директорлору “Мектепке электрондук каттоо” тууралуу министрге көптөгөн суроолор менен кайрылышты. Министр бардыгына түшүндүрмө берди. “Мектепке электрондук каттоону” ишке ашыруу механизмдери, балдарды 1 – класска система аркылуу кабыл алууда мектеп директорлордун, райондук билим берүү борборлорунун жетекчилеринин милдеттери тууралуу айтып берди. Ошондой эле башка маселелер да талкууланды, — дейт А.Кусеинова. – “Мектепке электрондук каттоону”  ишке ашырууда биз менен бирдикте Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы, райондук билим берүү бөлүмдөрү, ар бир участоктогу домкомдор, МТУнун кызматкерлери микроучастокторду тактоо жана мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке тартуу боюнча тыгыз иш алып бара жатышат.

Учурда Бишкек шаарынын тургундар арасында  балдарды 1-класска “Мектепке электрондук каттоо” системасы аркылуу кабыл алынаары тууралуу  маалыматтарды жеткирүү максатында иш жүргүзүлүп башталды. Ал үчүн  ЮНИСЕФ уюму маалыматтык материалдарды чыгарууга колдоо көрсөтүп жатат. Маалыматты тактоого тиешеси бар бардык кызматкерлерге тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн эки тилде материалдар таркатылат.

  • 15-февралда mektep.gov.kg порталы ачылат, анда микроучастордун картасы, мектептер жөнүндө жалпы маалымат берилет. 15-февралдан 15-майга чейин 6-7 жаштагы балдары бар ата-энелер микроучасток  боюнча жайгашкан мектептерге балдарын каттаса болот. Эгер айрым ата-эне баласын микроучастоктон сырткаркы мектепке жайгаштыргысы келсе, анда 16-майдан 15-августка чейин каалаган мектебине катташат. Бирок микроучастоктон тышкаркы балдар ал мектепте орун болсо кабыл алынат. Ошондуктан биринчи порталдан кайсы мектепте орун бар экендигин билип, андан кийин электронддук каттоодон өтсө болот.

Баса белгилеп кетчү нерсе —  “Мектепке электрондук каттоодо” ата-энелер электрондук арызды толтуруп, тиешелүү документтердин көчүрмөсүн тиркеши зарыл. Эгерде электрондук арыз туура толтурулуп, бардык документтер тиркелген болсо, анда администратор ата-эненин электрондук дарегине анын арызы кабыл алынгандыгы тууралуу билдирме жөнөтөт. Ал билдирмени алгандан кийин 15 күндүн ичинде ата-эне мектеп директоруна бардык документтердин нускамасын алып барганда, бала 1-класска кабыл алынган болот.

Эгерде электрондук арыз туура эмес толтурулса, документтер толук тиркелбесе, система электрондук каттоодон өткөрбөйт жана администратор ата-эненин электрондук дарегине анын арызы кабыл алынбагандыгын жана анын себебин көрсөтүп, билдирме жөнөтөт. Ал билдирмени алгандан кийин 14 күндүк мөөнөттө ата-эне бардык документтерди толуктап, кайрадан электрондук каттодон өтөт. Балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, ата-эненин паспроту же жашаган жеринен справкалары жок учурларда кездешет. Ошондуктан ата-энелер азыртадан бардык документтерди топтоп, даярдап коюга милдеттүү, — дейт Айнура Кусеинова.

Жеңилдиктер

Кыргызстанда айрым жарандарга мыйзамда белгиленген жеңилдиктер каралган. Алар балдарын 1-класска кезексиз киргизүүгө укуктары бар:

— аскер кызматында милдетин аткарып жүргөн аскер кызматчыларынын балдары; (сөзсүз иштеген жеринен маалымкат, паспортунун көчүрмөсү, аскер күбөлүктүн көчүрмөсү, сүрөтү);

— Кайрылман статусу бар, Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын балдары (тиешелүү маалымкат тапшыргандан кийин).

Кайсы документтер керек

Баланы 1-класска каттоо үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк (көчүрмөсү сайтка керек тиркөө үчүн, оригиналы каттоодон өткөндөн кийин мектепке тапшырылат);
  2. Ата-энесинин бирөөсүнүн паспортунун көчүрмөсү (көчүрмөсү жана түп нускасы);
  3. Ден соолугу тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы (Ф-26)
  4. Эмдөө алганы тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы (Ф-63);
  5. Мектепке кабыл алуу учурундагы баланын ден соолугу тууралуу маалымкат;
  6. Баланын 3×4 см. көлөмдөгү сүрөтү;
  7. Ата-энесинин жашаган жериндеги маалымкаттын түп нускасы.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер