БИРИНЧИ МУГАЛИМДИН СЫЙМЫКТУУ СЫЙЛЫГЫ
- 11.10.2018
- 0
Талас районундагы Орто-Арык айылындагы Ш.Нурбаев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими, КР Билим берүүсүнүн отличниги, Гүлнара Скакова быйыл кесиптик майрамын өзгөчө маанайда тосууда. Ал быйыл дүйнө жүзү белгилеп жаткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн “Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы” төш белгиси менен сыйланды.
Агартуу майданында 32 жылдан бери мугалимдик кесиптин түйшүктүү жүгүн аркалап келаткан Гүлнара Скакова 1986-жылы Бишкек шаарындагы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун педагогикалык факультетин аяктаган соң, алгачкы эмгек жолун 1986-жылы Талас районундагы Конезавод орто мектебинде башталгыч класс мугалими болуп иштеп баштаган.1986-1990-жылдар аралыгында Талас районундагы Орто-Арык орто мектебинде мугалим, ушул эле райондогу Бүркүлдөк орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, Талас көмөкчү-мектеп интернатында окуу-тарбия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан кийин А.Султанбеков атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенип, мектептин окутуу жана тарбиялоо ишинин алга жылышына зор салымын кошкон. 2012-жылы Ш.Нурбаев атындагы орто мектебине окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп жүрүп, 2015-жылдан бери кайрадан кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп эмгектенип келүүдө.
Г.Скакова отуз жылдан ашык агартуучулук эмгек жолунда жетекчи болобу, жөнөкөй мугалим болобу, өз милдетине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, көптөгөн алгылыктуу иштерди аткарды. 2012-жылы директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларына «Сабак санжырасы — сабаттуулуктун туткасы» деген темада семинар, ачык сабактарды өтүп, облустук масштабда иш тажрыйбасын жайылтууга жетишти. «Манас — руханий кенч» деген темадагы «Манас таануу» курсунун маанилүү багыттары боюнча уюштурган пресс-конференциялары Талас мамлекеттик телеберүүлөрүндө чагылдырылып, көрөрмандарга тартууланган.1989-жылы КР Билим берүү министрлигинин облустук усулкана борбору “Исаковдун алдыңкы тажрыйба мектебин” уюштуруп, андан республиканын туш тарабынан келген ондогон мугалимдер педагогдук устаттыкты үйрөнүшкөн. Ошол үйрөнгөн мугалимдердин бири — Гулнара Масалбековна. «Бектур агай» жылында сабактын план-конспектисин жазып, үлгү катары китепче болуп чыгарууга берилген. АБРден «Билим берүүнүн экинчи долбоорунун» алкагында «Улуттук куррикулумду иштеп чыгуу жана окутууну баалоо боюнча» Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына жолдомо алып, республикадагы мыкты делген 160 мугалимдин катарына кошулган. Анын бул эмгектери да көз жаздымда калбай, Кыргыз билим берүү академиясынын грамотасы менен сыйланган. Гулнара Скакова илимий-усулдук макалаларды жазып, өз тажрыйбаларынан үйрөтүү максатында десанттык сабактарды өтүп, район, облус ичинде иш-тажрыйбасы жайылтылган. Заманбап окуу китептери менен окуучулардын жан дүйнөсүнө, коом, адам, эл жана дүйнө таануусуна сүңгүп кирип, алардын эр азамат жаран, мыкты атуул болуп калыптапышына зор эмгек сиңирген мугалим. Ал 30 жылдан ашык убакыттан бери сапаттуу жана натыйжалуу окутуу боюнча жан тыным албай мээнеттенген, талбай изденген, бир эмес, ондогон мектеп сыноосунан өтүп, натыйжалуулугу ар дайым далилденип турган анын эмгеги — бул эмгектин жемиши. 4 телетасма, бир телефильм, үч очерк, ондогон макалалары гезит, журнал беттерине жарык көрүп, радио жана телеберүүлөрдө уктурулуп, көрсөтүлгөн. Скакова Гүлнаранын билим берүү тармагындагы зор эмгектери эске алынып, ондонгон сыйлык наамдарга татыктуу болгон. Алсак, аймактын, райондун, облустун Ардак грамоталары менен сыйланган. Андан тышкары, Медиамосттун Ардак грамотасы, “Үлгүлүү кыргыз тили” кароо сынагында баш байгени жана Ардак грамотасын алган.
“Сыйлык – сыймык” демекчи, анын сыйлыктарынын катарында өзгөчө орунду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин “Жылдын мыкты айымы” төш белгиси ээлейт. Скакова Гулнаранын ак эмгеги бааланып, Долоно айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Азыркы учурда мугалим болуп иштөө менен бирге мамлекеттик жана коомдук жумуштарга активдүү катышууда. Алсак, “Манас сармердени” жана “Манас Ордо” деген маданий жана иштерге жакындан катышып, кыргыз улуттук “Манас Ордо” коплексиндеги коомдук Манас академиясынын негиздөөчүлөрү менен бирге иштешип, Манас ата шеринесинин жигердүү катышуучусу. Тажрыйбалуу педагог ар кандай кароо-сынактардан четте калбай, активдүү ка тышууга аракеттенет. Санжарбек Данияровдун коомдук фонду жети жылдан бери уюштуруп келаткан “Биринчи мугалим” сынагына катышып, ар түрдүү темаларда дилбаяндарды жазып, өз билгендери менен башкаларга бөлүшүп, алыс-жакын иштеген кесиптештери менен тажрыйба алмашууну жакшы көрөрүн айтат.
- Менин жеке оюмда, мугалим балдарды эле окуп-үйрөтпөй, өзү да үзгүлтүксүз окуп-үйрөнүп турушу керек. Азыр ар түрдүү технологиялар, интернет ж.б. мобилдүү байланыштардын өнүгүп-өскөн учурунда бул бизге абадай эле керек. Арийне, айыл жергесинде биз үчүн интернет байланышы татаалыраак. Ошого карабай, ар кандай тематикадагы сынактарга катышууга аракеттенебиз. Мен эки-үч жылдан бери Санжарбек Данияровдун коомдук фонду өткөрүп келаткан “Биринчи мугалим” сынагына катышып, өзүмө пайдалуу тажрыйбаларга ээ болуудамын. Сынак жазуу үчүн деле даярданып, ар кандай маалымат булактарына кайрылууга туура келет. Биз чынында эле биринчи мугалимбиз да. Окуткан балдарыбызга билим үрөнүн кандай сепсек, кийин ошого жараша турмуш жолу уланат. Бул жагынан алганда, бизге окшогон башталгыч класстын мугалимдеринде жоопкерчилик күчтүү,-деп ой бөлүштү Гүлнара Масалбековна.
Мугалимдердин кесиптик майрамынын алдында келечек муундарга чарчабай-чаалыкпай таалим-тарбия берип келаткан Гүлнара Масалбековна сыяктуу түйшүктүү жана сыймыктуу кесип ээлерин кесиптик майрамдары менен куттуктайбыз жана иштеринде мыкты жетишкендиктерди каалайбыз.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер