“БИР ОКУУЧУДАН БИР ДАРАК” АКЦИЯСЫ БАШТАЛАТ

  • 05.04.2022
  • 0

Ушул ишембиден баштап ар бир мектеп директору ишембиликке чыгып, мектептин айланасындагы же болбосо жашаган айылындагы жер тилкесине массалык түрдө дарак отургуза башташы керек” — деди министр А.Бейшеналиев, “Сейтек” балдар борборунда өткөн КР ББИМ менен райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, окуу-усулдук кааналарынын башчылары, баштапкы жана кесиптик билим берүү лицей жетекчилери жана мектепке чейинки билим берүү тармагынын кызматкерлери катышкан жыйында.

Министр өз сөзүндө бардык мектеп директор мындан ары жыл сайын мектептин айланасынан же болбосо айыл аймагынан атайын бөлүштүрүп алган жер тилкесине мектептеги ар бир окуучунун бирден дарак отургузуусун колго алууга тийиш экендигин белгиледи.

“БИР ОКУУЧУДАН БИР ДАРАК” АКЦИЯСЫ БАШТАЛАТ

 

— “Бир окуучудан бир дарак” акциясын уюшкандыкта өткөрүүгө тийишпиз. Бул өнөктүккө мектептеги 1-класстан 11-класска чейинки ар бир окуучу катышат. Ал андан кийин жогорку окуу жайларында окуган мезгилде да жылына бирден дарак отургузса, он беш жылда 15 дарак болот экен. Бул убакыт аралыгында, тагыраак айтканда, 15 жылдын ичинде бир бала кичи мекенине өзүнүн кичинекей бакчасын түптөй алат. Эгерде бул максатты ишке ашырсак, билим берүү тармагы бир жыл ичинде 2,5 млн жакын бак тигет экенбиз, бул төрт жылда 10 млн бак болот, — деди министр мырза.

Алмазбек Бейшеналиев бул акция аркылуу эки максатты ишке ашырууга болоорун, биринчиден, кичи мекенине бак отургузуу аркылуу баланы жашынан жоопкерчиликтүү болууга тарбиялоого, экинчиден, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө салым кошууга болоорун кошумчалады.

Мектеп директорлорунун, район жетекчилеринин эсине: бул демилгени тез арада колдоого алып ишке ашырган райондук билим берүү бөлүм башчыларынын жана мектеп  жетекчилеринин ишине күзүндө баалоо жүргүзүлүп, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылмакчы.

— Биз бир жылда 500 мугалимди Эстонияга квалификациясын жогорулатууга жөнөтүп турмакчыбыз. Эми ушул бак тигүү акциясынын алкагында иши мыкты бааланган 50 жетекчини тандап, аларды да Эстонияга жиберебиз, — деди министр.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер