БИР КҮНДӨ БИРИНЧИ КЛАССКА 11 МИҢ 47 БАЛА КАБЫЛ АЛЫНДЫ

  • 11.04.2023
  • 0

Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 11-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 11 миң 47 бала кабыл алынды. Анын ичинен 119 бала – жеңилдик менен, 10 миң 928 бала – жеңилдиксиз.

БИР КҮНДӨ БИРИНЧИ КЛАССКА 11 МИҢ 47 БАЛА КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Бишкек шаарында 2 миң 580 бала кабыл алынды.

Жалал-Абад облусунан – 1 миң 748 бала.

Чүй облусунан – 1 миң 653 бала.

Ош облусунан – 1 миң 529 бала.

Ысык-Көл облусунан –  1 миң 316 бала.

Баткен облусунан – 1 миң 287 бала.

Талас облусунан –  406 бала.

Нарын облусунан – 367 бала.

Ош шаарынан – 161 бала.

Башкача айтканда, катталган жери боюнча мектептин биринчи классына электрондук каттоо мүмкүнчүлүгүн колдонушту:

Бишкек шаарында балдардын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү – 12,46% ,

Ысык-Көл облусунда – 8,9%,

Баткен облусунда – 7,6%,

Талас облусунда –  5,4%,

Чүй облусунда – 5,4%,

Жалал-Абад облусунда – 4,8%,

Нарын облусунда – 4,6%,

Ош облусунда – 3,7%,

Ош шаарынын – 1,4%.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 10-апрелинен тарта баланы мамлекеттик же муниципалдык мектептин 1-классына ата-энесинин юридикалык катталган дареги боюнча, 26-июндан баштап дарегине карабай каалаган мектепте бош орундар бар болсо каттоого болот.

Биринчи класска электрондук каттоо үчүн сайт — https://mektep.edu.gov.kg/

Бөлүшүү

Комментарийлер