БИЛИМДИН АЛТЫН УЯСЫ

  • 18.06.2019
  • 0

Өзгөн районуна караштуу Абдулла Таңгатаров атындагы гимназиянын  жыйырма жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү 25-майда мектепте башкалардан өзгөчөлөнгөн майрам өткөрүшүп, окуучуларга пайдалуу иш-чараларды уюштурушту.  Алгач бир күн мурун жогорку класстын окуучуларына кесип тандоо боюнча эки сааттык тренинг-семинар өткөрүшүп, эртеси салтанаттуу линейкадан кийин окуучулар менен воллейбол, теннис, баскетбол ойношуп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктарды беришти. Мектепке болсо кымбат баалуу музыкалык аппарат ыроолошту.

БИЛИМДИН АЛТЫН УЯСЫ

Бул мектепти жыйырма жыл мурун бүткөн окуучулар учурда Кыргызстанда гана эмес чет өлкөлөрдө дагы төбөсү көрүнгөн белгилүү инсандардан болушкан. Мисалы, Жолдошева Элмира ЮСАИДде координатор болсо, Өсөрова Асель Москвадагы Түрк фирмасын жетектейт, Раимбердиев Толкун Оренбургдагы кыргыз диаспорасынын башчысы, Элира Турдубаева болсо белгилүү журналист, окутуучу, илимдин кандидаты, Асан Акматалиев  Ош технологиялык университетинин Өзгөндөгү бөлүмүнүн директору. Мындан башкалары дагы түрдүү кызматтарда. Булар гимназиянын алгачкы карлыгачтары. Башкача айтканда, 1994-жылы гимназия жаңы ачылганда биринчи кабыл алынган окуучулар.

 

Башкалардан өзгөчөлөнгөн билим уясында

БИЛИМДИН АЛТЫН УЯСЫ

Бул мектеп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен атайын инновациялык мектеп болуп ачылып, ага аймактагы эң мыкты окуган окуучулар чогултулган. Гимназиянын башкалардан айырмачылыгы дайыма эртең менен саат 8.00до Гимндин жаңырып тургандыгында жана дайыма эртең менен 10 мүнөттүк гимнастика жасашып, линейканы башкача нукта өткөргөндүгүндө. Мектепте ар бир күн предметтерге бөлүнгөн. Ошого жараша линейкада иш-чаралар болуп турат. Мисалы, биринчи  күн  кыргыз  тили күнү болсо 5-10 мүнөттүк кыргыз тилине арналган иш-чара өткөрүлүп туруп анан  сабактар  башталат. Сабактар мектептегидей 45 мүнөт эмес, жождогудай 90 мүнөттөн. Түштөн  кийин кошумча сабактар жана  ийримдер башталат. Башкача айтканда,  бул мектептин окуучулары башкалардан айырмаланып сабак бүтөрү менен үйлөрүнө кетишпейт, эртеден кечке мектепте болушат. Ал эми бүтүрүүчү класстар сентябрдан баштап майдын он бешине чейин “Секом” окуу борбору тарабынан күнүнө эки сааттан жалпы республикалык тестирлөөгө даярданышат.

  • Гимназияны ачып жаткандагы максаты мыкты окуган балдарды жогорку окуу жайына даярдоо болгон. Артылган ишенимди мектеп толугу менен актады деп айта алам. Себеби  мектеп ачылгандын биринчи эле күнүнөн тартып жакшы окуган балдарды өзүнчө  бөлүп окутуу жакшы натыйжа берерин тастыктай алдык. Алгач жаңы ачылганда физика-математика багытында тереңдетип билим берчүбүз, азыр гимназиянын жобосуна ылайык  гуманитардык багытта тереңдетип окутуп жатабыз. Акыркы  мезгилде  окуучуларды жалпы респуликалык тестирлөөгө даярдоо жагын дагы колго алдык. Соңку 3-4 жылда биздин бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТдан алган баллы орточо эсеп менен 157 баллга чейин жетти. Башкача айтканда, бүтүрүүчүлөрүбүздүн 100% ЖРТдан жогорку балл алып жатат десек болот. Былтыркы жыйынтык боюнча эң  төмөнкү балл 118 болсо, эң жогорку балл 197 болгон. Быйыл эки класста 43 окуучу аяктап жатат. Буюрса, алардын дагы даярдыгы мыкты, жакшы жыйынтыктарды берет деген ишенимдебиз, — дейт мектептин директору Каримова Айчүрөк.

 

Райондун мыкты окуучулары билим алышат

Бүгүнкү күндө мектепте 470 бала акысыз окуйт. Окуучуларды 5-класстан баштап Өзгөн, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондорунан, Ош шаарынан тандап алышат. Мурда атайын тестирлөөнүн негизинде  кабыл алынып келсе, быйыл Ош шаарындагы Билимди баалоо, талдоо, анализдөө борбору аркылуу  атайын тесттин негизинде 140 окуучунун ичинен  эң жогорку балл алган  50 баланы  тандап алышкан.

Гимназия мурдакы Ленин мектебинин базасында түзүлгөндүктөн,  60 окуучуга ылайыкталган  жатаканасы сакталып калган. 2016-жылы ал толук капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Учурда 60 бала жатып окуйт. Жатакананын   биринчи кабатында жалаң балдар, экинчи кабатында кыздар жашашат. Алардын тамак-ашын жергиликтүү бийлик каржылайт, ата-энелер дагы  жардам беришет. Кошумча чарба үчүн айыл өкмөтүнөн 1 га жер бөлүнгөн, бирок кеткен чыгым акталбай жаткандыктан аны иштетишпейт. Мектептин өзүнүн формасы, эмблемасы, парламенти, мыйзамы бар. Тартип болсо катуу.

Мектеп инвестиция тартуу жагын дагы колго алган. Американын Тынчтык корпусу менен көп иштешип, чакан долбоорлорду колдоо бөлүмү тарабынан мектептин көп иштерин бүтүрүп алышкан. “Арис” программасы менен мектептин дааратканасын, жуунчу жайларын оңдотуп, эмеректерин жаңыртып алышкан.

 

Күнүгө сабактар  ачык сабактай өтөт

Материалдык-техникалык базасы дагы талапка жооп берет. Компьютерлердин бардыгы интернетке туташылган, дайыма иштеп турат. Ар бир мугалимдин компьютери, ноутбуктары бар. Алар сабактарды  интерактивдүү доска, проектор аркылуу жаңыча ыкма менен өтүшөт.

Мектеп инновациялык борбор катары да иш алып барат. Анткени мугалимдеринин  дээрлик баардыгы  убагында “Сорос-Кыргызстан” фондунан окушуп, тренер деген статуска ээ болушкан. Алар райондун мектептеринде мугалимдерди  “Сынчыл ойлом” программасы менен окутуп, тажрыйбалары менен бөлүшүп турушат. Бул программанын алкагында мектептин  лабораториясы да ачылган. Гимназияга жаңы келген мугалимдердин бардыгы ошол лабораториядан окуудан өтүшөт.

  • Биздин мектепте атайын даярдалган ачык сабак деген болбойт. Күнүгө өткөн сабагыбыз ачык сабактай. Мугалимдер дагы ошого көнүшкөн. Качан текшерүү келбесин дайыма даяр. Же болбосо кандайдыр бир иш-чаралар үчүн гана ачык сабак өткөргөн бизде жок, — дейт мектептин мурунку орус тили, адабияты мугалими Кахарова Айшакан.

 

 

Мектеп жаңы идеялардын булагы

Райондогу мектептердин ичинен биринчилерден болуп гимназияда смс күндөлүк  киргизилген. Окуучунун күндө  алган баасы атайын оператор тарабынан ата-энесине смс аркылуу жиберилип турат. Анын акысын  мектеп өзү  төлөйт.

  • Бул ата-энелер үчүн жакшы экен. Качан да болсо баласынын билим сапаты тууралуу маалымат алып турушат. Бул программа аркылуу баласынын мектепке келген келбегенин дагы билип койсо болот. Себеби бизде бир окуучу бир күндө сөзсүз бир же бир нече баа алышы керек. Муну ата-энелер дагы билишет. Эгерде баласынын кандай баа алганы жөнүндө маалымат барбай калса, ата-энеси дароо бизге байланышка чыгат, — дейт Каримова Айчүрөк.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер