БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК

  • 19.01.2024
  • 0

Нуржамал Исамидинова 15жылдан бери Кытайдагы Синьцзян педагогикалык университетинин Эл аралык маданият алмашуу институтунда кыргыз жана орус тили боюнча педагог болуп эмгектенет. Төрт тилде эркин сүйлөгөн окутуучунун өзгөчөлүгү студентинин улутуна карабай, окууну каалаган тилде түшүндүрүп бере алгандыгында.

БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК

Нуржамал Исамидинова эмгек жолун 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктагандан кийин өз билим уясында иштөөдөн баштаган. Кийин билим деңгээлин жогорулатуу максатында, 2008-жылы Кытайга барып, беш айлык кытай тили курсунда окуган. Ал мезгилде Кыргызстандан Кытайга барып, билим алган студенттер аз болгондугуна карабай окуусун ийгиликтүү аяктаган. Нуржамал Исамидинованын окуудагы мыкты жетишкендиктерин көргөн жамаат мугалим болуп иштөө сунушун киргизген. Мындай сунушту дароо кабыл алып, 2008-жылдын күз айынан тарта университетке окутуучу болуп кабыл алынган.

  • Кытай мамлекети өзүбүз көрүп жүргөндөй, дүйнөлүк рынокто гана эмес, маданият жана билим-илим тармагында да алдыңкы орундарды ээлеген заманбап өлкө. Байыркы доордон бери кытайлар билимге, окууга байланыштуу бардык нерсеге аяр мамиле кылышкан. Ошону менен бирге ушул күнгө чейин Конфуцийдин окуусун жайылтуу менен Кытайдын билим берүү тарыхы жаңы баскычка көтөрүлдү деп айтсак болот. Бүгүнкү күндө бул улуу өлкөнүн өкмөтү жарандары билим алсын деп баарын жасап жатышат, — дейт.

Учурда Синьцзян педагогикалык университетинде чет жерден келген эки гана окутуучу эмгектенет. Анын бири – кыргыз окутуучусу. Ал кыргыз, орус, кытай, англис  тилдерин билгендиктен, студенттерине каалаган тилде түшүндүрүп бере алат. Нуржамал Исамидинованын бүтүрүүчүлөрү    Кыргызстанда да иштеп жатышат. Мисалы, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Конфуций институтунда студенттери окутуучу катары эмгектенүүдө.

БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК

Нуржамал Исамидинованын айтымында, Кытайда чет жерден келген мугалимдерди жумушка кабыл алууда талап жогору. Билимин тастыктаган дипломунан сырткары, сабак өтүү методикасын текшерүү үчүн ачык сабактар байма-бай өткөрүлөт. Ар бир аудиторияда студенттерди жана окутуучуларды тартып турган видео-камералар орнотулган. Видео аркылуу окуу бөлүмү каалаган учурда, каалаган окутуучуну көрүп же уга алат. Эң көп маани бергени — мугалимдин жүрүм-туруму, айланага, дегеле бардык нерсеге жасаган мамилеси.  Ал эми сабак учурунда студенттерге гана эмес, окутуучуларга да уюлдук телефон колдонууга уруксат берилбейт. Ар бир жылы ар кандай конкурстарга, жаңы ыкма менен сабак өтүү, профессионалдык деңгээлин өстүрүү боюнча курстарга катышып, алдыңкы педагогдордун катарында эмгектенип жатканына 15жыл болду.

Көп убакыттан бери Кытайдын билим берүү системасына аралашып келе жаткан Нуржамал Исамидинова ал жердеги өзгөчөлүктөргө токтолду. Мисалы, балдар бакчага эртең менен келгенде, бакчанын доктуру баланы текшерип, ден-соолугун, маанайын карап, дене табын өлчөгөндөн кийин гана бала бакчада калтырылат. Кечинде балдарды ата-энеси алып кетип жатканда, алардын чекесинде кызыл, кичинекей жылдызчаларды байкоого болот. Бул бала бакчада кандай баа алганын көрсөтөт. Балдар бири-бирин көрүп, бир күндүк жетишкендиктерин билет. Бул балага чөн мотивация берет.

БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК

Ал эми орто жана жогорку мектептерде да сабактар бийик деңгээлде өтөт. Мектепте танапис учурунда бардык окуучулардын дене-тарбиясына өзгөчө маани берилет. Окуучулар тизилип алып, денесин чындоо үчүн көнүгүү, көз гимнастикаларын жасайт. Ата-эне мектеп менен дайыма тыгыз байланышта. Балдардын окуусуна ата-энелер абдан терең жана олуттуу маани беришет. Анткени экзамендерден өтпөй калса, кийинки класска көчпөй калат же болбосо жогорку окуу жайына өтпөй, бир кесиптин ээси боло албай калат деп тынчсызданышат. Мектеп окуучулуры окуудан сырткары ар кандай кружокторго, көбүнчө музыкага, спортко жана математика илимин тереңдетип окутуучу курстарга жазылышат. Ошол эле мезгилде бала бакча, мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайдын окутуучулары билим деңгээлин жогорулатууга көп басым жасап, курстарга үзгүлтүксүз барып, экзамен тапшырып турат. Окуу жайларда учурдун суроо-талабына ээ болгон курстар, окуулар тез-тез өткөрүлүп турат.

  • Жогорку окуу жайларда ар бир окутуучу окуу жылы башталар алдында өзүнүн окуу программасын толугу менен чечмелеп жазып, сабакта кайсы китепти колдонорун, контролдук иштердин, экзамендердин суроолорун түзүп, окуу бөлүмүнө тапшырат. Ар бир жумада кайсы тема, кайсы сабак болору белгилүү болот. Сабактардын жүгүртмөсүн которуу же башка күнгө жылдыруу деген такыр жок. Жүгүртмө жылдын башында кандай түзүлсө, окуу жылынын аягына чейин өзгөртүлбөйт.Түзүлгөн программа аркылуу сабактардын өтүлүшү университет тарабынан текшерилип турат. Билим берүүгө өтө чоң маани бергендиктен, сабак өтүү процессинде бардык усулдар, интерактивдик доска, ППТ, сабактын планы жана аудио-видео сабактары милдеттүү түрдө окутуучу тарабынан даярдалып турушу керек. Сабакты бийик деңгээлде өтүүгө ар бир педагог милдеттүү.

БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК

  • Бардык аудиторияларда, коридорлордо камералар орнотулган. Күтүүсүз текшерүүлөр университет тарабынан жүргүзүлүп турат. Негизинен билим берүү жана билим алуу – бул абдан маанилүү. Сабакка кечигүү дегенди окуучу же мугалим тарабынан такыр көргөн жокмун. Мугалимди сыйлоо, урматтоо жогорку деңгээлде, кайсы жерге барба мугалим экендигиңди билсе, өзгөчө сый-урмат менен тосуп, узатышат. Студенттердин сабакты калтырганын да байкаган жокмун. Ооруп же белгилүү себеп болбосо, дегеле студент негизсиз сабакты калтырбайт. Студенттер сабактарга абдан чоң даярдык көрүшөт. Китепканаларда студенттер жыйылып калат. Китептен башын көтөрбөй окуп жатканын көп байкайм. Ошондуктан экзаменден же семестрлардан кулаган студенттер жокко эсе, — дейт Нуржамал Исамидинова.

Ошондой эле ар бир семестр аяктаган сайын сабак кандай өтүлгөнү, окутуучунун мамилеси тууралуу студенттер анонимдүү түрдө баалап, анализ бере алышат. Ошого жараша контракт узартылат. Эгерде тартип бузуп,  сабакты туура эмес өтүп, кечигип, сабак учурунда тиешесиз нерселерди сүйлөсө, баары эске алынат. Ал эми студенттерди баалоодо төрт критерий: студенттин сабакка катышуусу, студенттин активдүүлүгү, үй тапшырма жана контролдук иштерди тапшыруусу, экзамендеги баасы толугу менен эске алынат да атайын программа аркылуу эсептелип, жыйынтык чыгарылат.

БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК

  • Кытай Эл Республикасынын Конфуций институту тарабынан гранттык негизде жыл сайын биздин мамлекетибизден көптөгөн уул-кыздарыбыз окууга кабыл алынат. Биздин кыргыз балдар- кыздардын ай сайын стипендиялары бар, университет тарабынан окууга жана жашоого бардык шарттар түзүлгөн. Экономика, бизнес, юридика жана кытай тили адистигин тандагандар арбын. Жеке тил гана үйрөнбөстөн, кытай тарыхы, салттары боюнча ар кандай кружокторго да катышканга мүмкүнчүлүктөрү бар.Тилекке каршы, көп жаштар окууну аяктагандан кийин жеке бизнеске кызыгып кетишет. Синьцзян педагогикалык университетин аяктаган студенттер Россияда, Казакстанда, кытай компанияларында эмгектенип жүрүшөт. Арасында кесиби боюнча иштеп жаткандар бар, бирок аз санда болгону өкүнүчтүү, — дейт Нуржамал Исамидинова.

Нуржамал Исамидинова өзү мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Педагог илимдеринин доктору, КР Билим берүү тармагына эмгеги сиңген ишмер Искендер Исамидиновдун кызы. Бир туугандарынын ичинен жалгыз гана Нуржамал Исамидинова мугалимдик кесипти тандаган. Чет жерде Кыргызстандын атын даңазалап жүргөн педагог мекениндеги билим берүү тармагында көрүнүктүү өзгөрүүлөр болуп жатканына кубанат. Акырындык менен келечекте билим-илимге умтулган уул-кыздардын көп болоруна терең ишенет.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер