БИЛИМ МИНИСТРИНЕ АЙЫЛДАН ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ

  • 08.06.2020
  • 0

2020-жылдын 8-апрелинен баштап учурдагы кооптуу кырдаалга карабай кыйынчылык болсо дагы ХХI кылымдын технологияларын өздөштүрүүдө Билим берүү жана илим министрлигинин жардамы менен онлайн системасынын программасын иштиктүү ишке ашырууда санарип окутууну өздөштүрүп, медиасабакта үйрөнгөн Рower Point, Google, Word, Kinemaster, Vivavideo, Inshot, Zoom ж.б. жаңы программаларды колдонуп, билимибизди өркүндөттүк.

Урматтуу Каныбек Абдиваситович!

Үйдө олтуруп балдарга заманга шайкеш келген кайтарым байланышта WhatsApp, Zoom программаларында билим берүү менен бирге республикалык, облустук сынактарга заманбап технологияны пайдаланып балдарды катыштыра алдык. Балдардын сынактарга катышуусу азыркы бейпил заманды алып келген ветеран аталарыбыздын согуш мезгилинде жасаган эрдиктеринин тарых барактарын эстеп калууга, кийинки муун болгон балдарыбыз элин коргоп, аны сүйүп, эли-жери үчүн кызмат кылууга, патриоттук сезиминин калыптанышына, мугалимдин, ата-эненин түйшүктүү эмгектерин билүүгө чоң таасирдүү өбөлгө болду. Ата-энелер балдарын онлайн аркылуу сабак окутуп жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан онлайн аркылуу уюштурулган сынактарга катышкандыгына терең ыраазы болуп жатышат.

Урматтуу Каныбек Абдуваситович, Сизге жана сиздин жамаатыңызга Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун жамаатынын жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Аз убакыттын ичинде аралыктан окутууга үйрөнүп, заманбап технологияларды өздөштүрүп алууга чоң жардам бердиңиздер.

БИЛИМ МИНИСТРИНЕ АЙЫЛДАН ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ

Гүлмайрам Атамкулова, Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун директору

Бөлүшүү

Комментарийлер