«БИЛИМ» МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ ИШКЕ КИРДИ

  • 22.06.2022
  • 0

 

Маалымат порталын иштеп чыгуу КР Билим берүү жана илим министринин тапшырмасы боюнча министрликтеги «Жаңы китеп» мекемесинин адистери тарабынан жүргүзүлдү. Портал толугу менен акысыз, каржылык чыгымдарсыз иштелип чыккан. Билим берүү уюмдары үчүн порталды колдонуу да бекер. Биз аталган министрликтин “Жаңы китеп” мекемесинин директору Төлөгөн Ааматовго кайрылып, порталдын иштөө принциптери боюнча маалымат алдык.

-Порталды өнүктүрүүнүн максаты — өлкөдөгү бардык билим берүү уюмдары тууралуу маалыматты бир жерге чогултуу. Бул маалымат порталы иштелип чыкканга чейин билим берүү уюмдарынын көбүнүн веб-сайты жок болчу. А тургай алар тууралуу маалыматты интернеттен табуу да мүмкүн эмес эле. Веб-сайтты түзүү үчүн уюмдар өнүктүрүү үчүн адистерди жалдоо, тендер өткөрүү, техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу ж.б.у.с. үчүн финансылык каражаттарды издеп убара тартмак. Ушундан улам министрлик убагында бардык процесстерди талдап чыгып, бирдиктүү маалымат порталын түзүү чечимине келген,- дейт биз менен болгон маегинде Төлөгөн Ааматов.

“Билим” — бул бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын профилдери чогултулган маалымат порталы. Аларга: мектепке чейинки билим берүү уюмдары;  билим берүү уюмдары; университеттер; орто кесиптик окуу жайлары; кесиптик башталгыч билим берүү тармагы; райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү кирет.

Эми «Билим» порталынын өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетели: Аталган  порталда ар бир билим берүү уюмунун өзүнүн жеке баракчасы ачылган. Ар бир уюмдун өзүнүн порталына кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Анда алар уюмдун ишмердүүлүгүн, жаңылыктарын, байланыштарын, ошондой эле учурдагы бош орундар тууралуу маалыматтарды жарыялай алат.

Порталдын эң чоң бөлүмдөрүнүн бири — «Бош оорундар» бөлүмү. Бул бөлүмдө билим берүү уюмдары тарабынан жарыяланган учурдагы бош орундар камтылган. Иш берүүчү үчүн бул жарнакты жайгаштыруу ыңгайлуу жана бекер функция. Ал эми жумуш издөөчүлөр  бош орундарды бир жерден эле таба алат. Бул алар үчүн өтө эле ыңгайлуу.

Ар бир уюмдун бетинде “Аккредитация” бөлүмү бар. Анда каалоочулар уюмдун аккредитациясы жөнүндө маалымат менен тааныша алышат. Бул билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюмда билим сапатынын шайкештигин тастыктоо болуп саналат. Мында мамлекеттик аккредитациялоо үчүн жарыяланган билим берүү программалары, белгиленген аккредитациялык көрсөткүчтөр да жайгашкан.

Ошондой эле, бул портал билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнүн бир түрү болуп саналат. Уюмдардын басылмаларында жазылгандай, кабарга ылайык, рейтинг түзүлүп, билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн деңгээлин жана натыйжалуулугун аныктайт.

Порталдагы бардык маалыматтар эркин, жеткиликтүү. Ар бир адам керектүү окуу жайынын маалыматтары менен тааныша алат.

-Портал интерфейси жөнөкөй жана түшүнүктүү. Бардык билим берүү уюмдары аймактарга, категорияларга жана менчик түрүнө бөлүнүп киргизилген. Фильтр менен ыңгайлуу издөө бар. Андан сиз керектүү уюмду тез таба аласыз. Мындай шарт билим тармагынын бири-бири менен болгон байланышын күчөтүп, иштин сапаттуу жылышына зор көмөк берет деп ойлойбуз, -дейт Төлөгөн Ааматов.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

"БИЛИМ" МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ ИШКЕ КИРДИ“Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер