БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМДИН ӨНҮГҮҮСҮНДӨ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИН РОЛУ

  • 10.11.2023
  • 0

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМДИН ӨНҮГҮҮСҮНДӨ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИН РОЛУ

Бүгүн 10-ноябрда Ж.Баласагын атындагы КУУда “Билим берүү жана илимдин өнүгүүсүндө жасалма интеллекттин ролу” аталышындагы республикалык илимий-тажрыйбалык конференциясы болуп өттү.

Аталган конференцияга Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларга мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбеков, Улуттук иимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, университеттин жетекчилиги жана студенттер катышты. Иш-чара студенттердин колу менен жасалган заманбап техникалар, смарт интеллект технологиялардын көргөзмөсү менен башталып катышуучулардын докладдары жана презентациялары көрсөтүлдү. Конференциянын жүрүшүндө Расул Абазбеков илим кызматкерлеринин майрамы менен куттуктап, илимий ачылыштарды ойлоп табуу татаал процесс экенин баса белгиледи.

— Илимий кызматкерлердин айлык акысы абдан актуалдуу маселе. Былтыркы жылдын статистикасына таянсак илимий кызматкерлердин орточо айлык акысы 8000 ден 15000 сомго чейин гана болуп чыкты. Бирок ошого карабастан илимдин фанаты болуп иштеп келе жаткан институттар бар”- деди.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө илимий кызматкерлерге, университеттин мугалимдерине Билим берүү министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары, дипломдор жана медалдар тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер