КЫРГЫЗСТАНДЫН БАРДЫК ОБЛАСТТАРЫНДА АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРЛОРУ АЧЫЛДЫ

  • 22.07.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Кыргызстандын бардык областтарында Алдыңкы тажрыйба борборлорун ачты. Алдыңкы тажрыйба борборлору компетенттүүлүк мамиледеги жаңы окуу программаларын апробациялоо жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн орто кесиптик билим берүү системасында пилоттук аянтчалар болуп саналат.

Жумуш ордунда окутууну ишке киргизүүнүн жардамы менен бүтүрүүчүлөр жөн гана теориялык билимдерди албастан, ошондой эле жабдууларда практикалык көндүмдөрдү иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул ишке орношууга өбөлгө түзөт.

Борборлор кийинки колледждердин жана кесиптик лицейлердин базасында түзүлгөн:

  • Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи, Бишкек ш.;
  • ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи, Жалал-Абад ш.;
  • Т.Кулатов атындагы Тоо-техникалык колледжи, Кызыл-Кыя ш.;
  • К.Скрябин атындагы КУАУнун Агро-өнөр жай колледжи, Токмок ш.;
  • С.Нааматов атындагы НМУнун Агро-экономикалык колледжи, Нарын ш.;
  • Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи, Кара-Балта ш.;
  • Индустриалдык-педагогикалык колледж, Балыкчы ш.;
  • №№ 87, 32, 61, 49, 5, 4, 63, 69, 70, 7 кесиптик лицейлери.

Ошондой эле, Борборлордо колледждер жана кесиптик лицейлер үчүн педагогдордун жана мастерлердин квалификациясын жогорулатуунун жаңы ыкмалары апробацияланат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер