БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ: “АЙ КЬЮ” МЕКТЕБИ ЛИЦЕНЗИЯСЫ ЖОК ИШТЕГЕН
- 13.07.2023
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүүчүлөргө жалпы орто билими жөнүндө аттестаттарды берүү боюнча “Ай Кью” окуу-тарбия комплексинин ишмердүүлүгүнүн айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.
“Ай Кью” ОТК жеке менчик формасындагы мекеме болуп эсептелгендиктен, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 56-пунктуна ылайык, билим берүү иши (мектепке чейинки, жалпы баштапкы, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан башка) лицензияланууга тийиш.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, мектепке чейинки, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто жана мектептен тышкаркы билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан тышкары билим берүү уюмдары билим берүү программаларын ишке ашырууну тиешелүү лицензияларды алгандан кийин гана башташат.
Бөлүшүү
Комментарийлер