БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЛИРА САМЫКБАЕВА МАЛАЙЗИЯ ЖАНА СИНГАПУРДУН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 25.01.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева 2024-жылдын 15-январынан 17-январына чейинки Малайзияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Малайзиянын Билим берүү министрлигинин профессионалдык-техникалык билим берүүсү, окуу пландарынын стандарттары жана жогорку билим берүү саясатын координациялоо ишмердүүлүгү менен таанышты.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЛИРА САМЫКБАЕВА МАЛАЙЗИЯ ЖАНА СИНГАПУРДУН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Аталган жыйында Кыргыз Республикасынын жарандарын Малайзиянын ЖОЖдоруна окууга 10-15 орундук квота бөлүү боюнча эки тарап макулдашты. Лира Самыкбаева Малайзиядагы эң эски Малая университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып жатып, университеттин жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынан студенттерди даярдоо жана биздин өлкөдө кампус куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Ошондой эле, англис тилин окутуу борбору жана билим берүү уюмдарында англис тилин жайылтуу тажрыйбасы менен таанышты. Министрдин орун басары Малайзиядагы Google кеңсесине да барып, мугалимдер жана студенттер үчүн санариптик платформалар жана технологияны билим берүү максатында колдонуу тууралуу маалымат алды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЛИРА САМЫКБАЕВА МАЛАЙЗИЯ ЖАНА СИНГАПУРДУН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Ал эми 18-19-январда Сингапурга болгон жумушчу сапардын алкагында Лира Самыкбаева Маршалл Кавендиштин жетекчилиги менен жаңы муундагы окуу китептерин иштеп чыгуу боюнча кызматташууну талкуулады. Бул басма үйү азыр билим берүү уюмдары үчүн санариптик контенттин провайдери жана мугалимдерди даярдоо борборуна айланган. Сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары Сингапурда окуу жайлар англис тилинде, ал эми Малайзияда STEM предметтери англис тилинде окутулуп жатканына көңүл бурду. Сингапур да, Малайзия да STEM предметтерин окутууга чоң маани беришет. Лира Самыкбаева PISA эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянып, сингапурдук окуучулардын ийгиликтери билим берүү стандарттары менен программаларынын натыйжалуулугун көрсөтүп жатканын белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер