БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН КАРЖЫЛОО ИДПнын 7%ын ТҮЗДҮ

  • 29.01.2024
  • 0

Акыркы үч жылда билим берүү тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, билим берүүгө каралган каражаттардын динамикасы өстү.

БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН КАРЖЫЛОО ИДПнын 7%ын ТҮЗДҮ

Алсак, 2021-жыл билим берүү жана илим тармагын каржылоо үчүн 40,7 млрд. сом бөлүнүп, ички дүн продукциянын 5,6 % ын түзгөн. 2022-жылы – 63,2 млрд. сом же ички дүн продукциянын 6,9 % ы, ал эми 2023-жылы – 75,8 млрд. сом же ички дүң продукциянын 7 % ы.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдагы бюджетинин 38,6 млрд сому

мектеп, интернаттар, балдар үйлөрүнө жумшалды.

Ал эми калган багыттар боюнча чыгымдар:

  • Бала бакчаларга  – 7,8 млрд сом;
  • Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына – 2,2 млрд сом;
  • Орто кесиптик билим берүү уюмдарына —  788,3 млн.сом;
  • Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына – 12,9 млрд сом;
  • Илим уюмдарына – 220,4 млн.сом;
  • Башка тармактагы уюмдарга – 3,0 млрд сом.
Бөлүшүү

Комментарийлер