БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ИШ ЖҮРГҮЗГӨН МЫКТЫ АДИСИ АНЫКТАЛДЫ

  • 01.10.2018
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик тил күнүнө карата ведомствонун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты адис” сынагын өткөрдү.  

Сынак 18-сентябрда башталып, 26-сентябрда жыйынтыкталды. Натыйжада 1-орунду Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын адиси Сыдыбаев Амангелди,  2-орунду Мониторинг жана стрателиялык пландаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мамбетмусаева Назира жана Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Касымова Нурзида алса, 3-орунга үч адис: Укуктук камсыз кылуу жана кадрдык башкаруу башкармалыгынын башкы адиси Ибрагимов Бектур, Лицензиялоо жана аккредитация башкармалыгынын адиси Мусаева Алина жана Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кусеинова Айнура татыктуу болуп, Ардак грамота жана сыйлуу белектер менен сыйланышты. Калган адистертерге кызыктыруучу белектер ыйгарылды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер