БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ МАМЛЕКЕТТИК СЫНАКТАРДЫ ОНЛАЙН РЕЖИМДЕ ӨТКӨРҮҮНҮ КАРАП ЖАТАТ

  • 24.03.2020
  • 0

Мамлекеттик экзамендерди өз мөөнөтүндө онлайн режиминде өткөрүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров өкмөттөгү брифингде айтты.

Анын айтымында, окуу процесси өз мөөнөтүндө аяктайт. Ал үчүн дистанттык билим берүү технологиялары колдонулат.

— Жалпы республикалык тестирлөөнү жокко чыгаруу маселеси каралган эмес, жылдыруу маселеси каралышы керек. Тестирлөө май айында болот. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен иштеп жатабыз. Кийинки жагдайга жараша иштер жүргүзүлөт, — деди Өмүров.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер