БИЛИМ БЕРҮҮ, БИЗНЕС ЖАНА ДИПЛОМАТИЯНЫН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 24.06.2022
  • 0

23-июнда Кыргыз экономикалык университетте “Университеттер – бизнес, билим берүү жана дипломатияны тартуунун жаңы эл аралык борборлору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияга Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз экономикалык университетинин ректору Алмаз Кадыралиев, Чехия- Орто Азия соода-өнөр жай палатасынын президенти Иржи Неставал, “Эл аралык шериктештик” ассоциациясынын башкы директору Татьяна Балабанова жана Россия, Чехиянын билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.

БИЛИМ БЕРҮҮ, БИЗНЕС ЖАНА ДИПЛОМАТИЯНЫН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Расул Абазбек уулу конференциянын катышуучуларына Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бешеналиевдин куттуктоо сөзүн жеткирип, конференция биринчи кезекте бизнестин, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн, окумуштуулардын, эксперттердин, академиялык коомчулуктун өкүлдөрүнүн пикир, идеялар менен алмашуу аянтчасы болушу керек деп белгиледи.

“Ааламдашуу бир жагынан дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде университеттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, кандайдыр бир атаандаштыкка түрткү берет. Ал эми экинчи жагынан рыноктун катышуучуларын өз ара пайдалуу кызматташууга үндөйт.

БИЛИМ БЕРҮҮ, БИЗНЕС ЖАНА ДИПЛОМАТИЯНЫН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Заманбап университеттин концепциясы билим берүү мазмунунан тышкары студенттердин заманбап дүйнөгө ыңгайлашуусу үчүн белгилүү бир көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү да калыптандырууга тийиш. Заманбап дүйнөнүн өзгөчөлүгү күн сайын өзгөрүп турат. Мындай көндүмдөр жумушка орношууга жардам берет. Мектепте, университетте алган нерсең келечекте жардам бере турчу пайдубал болуп калат», — деп билдирди министрдин орун басары.

Ошондой эле Расул Абазбек уулу жогорку окуу жайлардын алдында келечектеги адистерди инновациялык программалары жана окутуунун өзгөчө мазмуну менен даярдоо милдети турат деп кошумчалады.

Конференциянын жүрүшүндө университеттердин ролунун жаңы көз карашы, жогорку билим берүүнүн тенденциялары жана перспективалары, инновацияларды натыйжалуу киргизүү жөнүндө баяндамалар жасалды.

Бөлүшүү

Комментарийлер