БИЙИК ТООЛОРДУН КУЧАГЫНДАГЫ ЗАМАНБАП УНИВЕРСИТЕТ

  • 08.02.2019
  • 0

3-февралда Борбордук Азия университетинин Нарындагы кампусунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Ачык эшиктер күнү болуп өттү.

БИЙИК ТООЛОРДУН КУЧАГЫНДАГЫ ЗАМАНБАП УНИВЕРСИТЕТ

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек, Кара-Кол шаарларынын бүтүрүүчү класстарынын окуучулары, ата-энелери бийиктикте бийиктикке умтулган бул университеттин окуу программалары жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен жеринде тааныша алышты.
Маалымат үчүн айтып койсок, Борбордук Азия университети 2000-жылы, казак, кыргыз жана тажик өкмөттөрүнүн Ага-Хан өнүктүрүү уюму ортосундагы макулдашууга ылайык түзүлгөн жана ал коммерциялык максаттарды көздөбөгөн, диний эмес, жеке менчик жогорку окуу жайы болуп эсептелет.
Бул бийик тоолордун кучагында жайгашкан университеттин Хорогдогу (Тажикстан), Нарындагы (Кыргызстан) жана Текелидеги (Казакстан) кампустарынын автору – дүйнөгө белгилүү япон архитектору Арата Исодзаки.
Университеттин жетекчилеринин айтуусунда, Борбордук Азия университети баарынан мурун билим алуучулардын санына эмес, билимдин сапатына көбүрөөк маани беришет. Андыктан азыркы тапта Хорогдогу жана Нарындагы эки кампуста
болгону 214 студент бардыгына таң калбай эле коюңуз. Текелидеги кампус бүткөн соң, коңшулаш үч республикадагы университеттин үч кампусунда 230дан студент болмокчу. Студенттер курамынын 20%ын Афганистан, Пакистан, Гана, Россиядан келген окуучу жаштар түзөт.

БИЙИК ТООЛОРДУН КУЧАГЫНДАГЫ ЗАМАНБАП УНИВЕРСИТЕТ
Борбордук Азия университетинин Нарындагы кампусу 2012-жылы пайдаланууга берилген. Учурда мындагы компьютердик илимдер, коммуникация жана ММК бөлүмдөрүндө 124 студент билим алса, алардын ичинен 51и кыргызстандыктар.
Биз кампустагы имараттардын ички-тышкы жасалгалары өзгөчө бир чебердик менен жасалганын байкадык. Кампусту тоо шартында билим алууга жетиштүү шарттарды түзүп берген билим очогу, студенттер менен окутуучулар жашаган экинчи үйү десек да болот. Мында кышкысын жылуу, жайкысын мээлүүн. Бардык окуу бөлмөлөрүндө күн нурлары тегиз жеткидей чоң айнектүү терезелер бар. Фойелердин үстү жагы да айнектелгени туура болуптур. Бир жагы электр жарыгы ашкере колдонулбайт. Атактуу архитектор Арата Исодзаки башкалар мактагандай эле бар экен. Нарындагы кампусту көргөндөн кийин заманбап окуу жайы, мектеп, бала бакча ушундай нукта долбоорлонуп, билим алуучулардын керектөөлөрүнө, табияттын мыйзам-шарттарына жакын болушу керек экен деген ойдо каласың. Менимче, өз окуу жайын заман талабына жараша өнүктүрүүнү ка-алаган ар бир билим берүү мекемесинин жетекчиси Нарындагы Ага-Хан универси-тетинин кампусуна келип-кетиши керек.
Ачык эшик күнүнө келишкен окуучулар менен ата-энелерди Ага-Хан университетинин ректору, профессор Сохаили Х.Наквижылуу куттуктап, окуу жайы, анын башка университеттерден айырмасы, окуу шарттары тууралуу айтып берди. Анын сөзүнө караганда, Ага Хан университети бул эл аралык, илимий изилдөө иштерин жүргүзүүчү, бүтүндөй Борбор Азияга таандык билим ордосу болуп эсептелет жана университет үчүн ар бир студент баалуу, ар бир студенттин жөндөм-шыктарын ачуу,
аларды андан ары өнүктүрүү – мында иш теген окутуучу-профессорлордун эң башкы милдети.

БИЙИК ТООЛОРДУН КУЧАГЫНДАГЫ ЗАМАНБАП УНИВЕРСИТЕТ

«Бизде алдыңкы окуу жай үчүн зарыл болгондун баары жетиштүү»,  -деди ал. Ата-энелер ректордон Ага-хан университети менен Борбордук Азиядагы Америка университети эмнеси менен айырмаланарына кызыгышты. «Бизде студенттердин
баары жатаканада жашашат. Аларга бир жерде окуп, бир жерде жашаганга бардык шарттар түзүлгөн. Экинчиден, бизде ар бир студент англис тилинен бир жылдык даярдыктан өтүшөт. Биздин окуу жайдын үчүнчү өзгөчөлүгү окуу программаларынын – студенттердин сынчыл ойломун өнүктүрүүгө багытталып түзүлгөнүндө. Биздеги программалардын баары дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттерде иштелип чыгып, андай кийин жергиликтүү шарттар эске алынып, аппробациядан өтүлөт. Дагы
бир айырма – бизде бир окутуучуга 9 студент туура келет. Бул Борбор Азиядагы эң мыкты көрсөткүч! Башка окуу жайларда ЖРТнын жыйынтыктары эске алынса, бизде көптөгөн башка факторлорго, мисалы, англис тилинде жазуу экзаменинин жыйынтыгына, республикалык олимпиадалардагы өзгөчө жетишкендигине, айрыкча Алтын сертификат алгандарга студенттикке кабыл алууда артыкчылык берилет. Мындан тышкары, студенттер үчүн толгон гранттар, жеңилдиктер каралган», — деди ректор.
Окуу жайдын каржылык менеджери Наталья Ставицкая ата-энелерге абитуриенттерди студенттикке кабыл алууда биринчи иретте кабыл алуу экзаменинин жыйынтыгы, республикалык олимпиададагы Алтын сертификат таасир этерин айтып, кабыл алынгандар үчүн ар кандай гранттар, стипендиялар, узак мөөнөттүү займ акчалар каралганын түшүндүрүп берди.
Чогулгандардын алдында окуу жайдын студенттик UCASA уюмунун президенти Озар Айничыгып сүйлөдү. «Үч жыл мурун мен ушул залдагы бүтүрүүчүлөрдөй болуп, кайсыл окуу жайга тапшырсам деп башым катып тургам. 2015-жылы Ага-Хан университети Ысык-Көл жээгинде уюштурган жайкы лагерине катышып калганым жакшы иш болуптур. Анткени ошондо мен Ага-Хан университеттинин башкы идеясын, алардын жогорку уюшкандыгын байкаган болчумун. Ошонум жардам болуп, Ага-Хан университетине шыр тапшырдым. Мында билим алып жатканыма эч качан өкүнбөйм», — деди ал.                                                  Ачык эшиктер күнүндө мында келгендер эки топко бөлүнүп, окуу жайдагы окуу программалары тууралуу кенен маалымат алышты. Мисалы, окуу жайдын доценти Рамзан Али гуманитардык билим берүүнүн өзгөчөлүгүнө, Иэн Канлас, Шабнам Лутафали экономика илиминин адам турмушундагы ордуна, Хамид Шахбазкиа,Евангелия Папоутсаки компьютер илими менен коммуникациянын коомдогу ээлеген зор маанисине, Хамид Хан жана билим берүү боюнча эл аралык эксперт Мырза Каримов Ага-Хан университетиндеги стажировка жана долбоорлорго катышууга байланышкан маселелерге ынанымдуу жоопторду беришти.

БИЙИК ТООЛОРДУН КУЧАГЫНДАГЫ ЗАМАНБАП УНИВЕРСИТЕТ

Ошентип, азыркы жаштарга дүйнөлүк деңгээлде жогорку билим берүүнү көздөгөн бул окуу жайды тандаган бүтүрүүчүлөрдүн саны бул күнү арбын болду. Бир жагы алардын мындай чечимине окуу жайда түзүлгөн эң мыкты шарттар, заман талабына жооп берген окуу программалары таасир этти деп ойлойм. Ага-Хан өнүктүрүү уюму жыл сайын билим берүү жагына эле 925 миллион доллар сарптайт экен. Бул эмне деген каражат! Албетте, мындай шартта билим сапаты эч качан башкалардан төмөн болбошу бышык. Ага-Хан университетинде дүйнөнүн төрт бурчунан келишкен эң мыкты илимпоздор эмгектенишкени да ушундан улам.
Бул күнү ата-энелердин көбү балдарынын Ага-Хан университетинде билим алышын кааларын билдиришти. Алардын корккону эле, студенттер үчүн бөлүнгөн орундун аздыгы. Бирок ошентсе да, үмүт деген үмүт да! Баары март айынын бирине чейин жылдырылган кабыл алуу сынагынан жакшы кабарды күтүшкөндөй. Ата-энелердин бири мага ушундай изги тилеги бардыгын жашырган жок.
– Менин уулум борбор шаарыбыздагы элдин баары билген окуу жайда билим алат. Жылына 60 миңден контракт төлөйбүз.
Анткен менен уулума транспортко болсун, жатакана жагынан болсун эч кандай жардам берилген жок. Окуудан жетишкени да, жетишпегени да бир группада окушат экен. Бул жердеги студенттер үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп, жалаң англис тилинде
жүргүзүлгөн окуу процессине кызыгып, ушул окуу жайды тандадык», — дейт Ачык эшик күнүнө Бишкек шаарынан келген Ибраева Венера.
А. АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
(Бишкек-Нарын-Бишкек)

Бөлүшүү

Комментарийлер