БЕШ ГРАНТТЫК ОРУН. КАЗАКСТАНДА АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛУУГА ЖАРЫЯЛАНГАН СЫНАК КАЙРАДАН БАШТАЛДЫ

  • 13.05.2020
  • 0

Коронавируска байланыштуу Казакстандын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн токтотулган сынак кайрадан башталды.

Буга чейин Казакстан 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн 5 гранттык орун бөлгөн. Анын үчөө бакалавриат жана экөө магистратура программалары боюнча.

Гранттык орундар аркылуу билим алууну каалагандар Казакстандын мамлекеттик университеттерди жана адистиктерди өзү тандайт.

Сынакка төмөнкү жетишкендиктеги талапкерлер киргизилет:

Бакалавриат программасы – орто баасы «В» же 4төн кем эмес;

Магистратура программасы – орто баллы 3,3 GPAдан кем эмес же анын эквиваленти.

Документтер 2020-жылдан 12-июну, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Азыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги конкурска катышуу үчүн документтерди электрондук түрдө гана кабыл алат. Кагаз түрүндөгү документтерди бул тапта берүүнүн зарылдыгы жок.

Конкурска катышуу үчүн документтерди [email protected] электрондук дарегине (КРнын ББИМинин Эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмү) скандан өткөрүлгөн төмөнкү документтерди камтыган табыштамаларды жөнөтүү зарыл:

  • Арыз (формасын жүктөп алыңыз);
  • Паспортунун көчүрмөсү;
  • Казакстан Республикасындагы жогорку окуу жайларына тапшыруучу талапкердин арызы (формасын жүктөп алыңыз);
  • Буга чейин алган билим деңгээли тууралуу документтин көчүрмөсү, окуудагы жетишүүсүнүн орто баллы (бакалавриат программасы үчүн талапкерлерге) же GPA орто баллы (магистратура программасына талапкерлерге);
  • Чет өлкөгө билим алганы чыгып жаткандар үчүн медициналык аныктама;
  • ВИЧ жоктугу тууралуу медициналык аныктама;
  • Флюорография;
  • Орус же англис тилиндеги мотивациялык эссе (250-500 сөз);
  • Англис же орус тилинде жазылган сунуштама каты;
  • Соттолбогондугу тууралуу аныктама.

Жогорудагы сканерден өткөрүлгөн документтердин сапаты мыкты болуусу талап кылынат.

Толук эмес, ошондой эле сапаты начар, таасын эмес, туура эмес кесилип, маалыматтар көрүнбөй калган документтерди камтыган табыштамалар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Талапкерлерди сынактык тандоо алдын ала 2020-жылдын 23-июнуна белгиленген, бирок күнү өзгөрүлүшү ыктымал.

Конкурстук тандоонун так күнү жана убактысы тууралуу толук маалымат министрликтин расмий сайтына жайгаштырылат. Андыктан маалыматтарды үзгүлтүксүз карап турууну сунуштайбыз.

Суроолор жаралса, [email protected] электрондук дарегине кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Заместителю министра образования и науки Кыргызской Республики Н.К.Омурову

от гражданина КР (Ф.И.О. полностью) дата рождения: проживающего по адресу: тел.:

Заявление

Прошу Вас допустить меня до участия в конкурсном отборе для поступления в вузы Республики Казахстан на 2020-2021 учебный год, в рамках квот, выделяемых по линии Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Казахстан о сотрудничестве в области образования и науки от 4 июля 2006 года.

Выбранный вуз, специальность, уровень (бакалавриат/магистратура):

  1. ____________________________________________________________
  2. ____________________________________________________________

Предыдущий уровень образования, название учебного заведения, дата окончания:

______________________________________________________________

Средняя оценка (для поступающих на программы бакалавриата) либо GPA (для поступающих на программы магистратуры), в соответствии с документом об образовании:

______________________________________________________________

Контактные данные (телефон, e-mail):

______________________________________________________________

Контактные данные родных (Ф.И.О., степень родства, телефон, e-mail):

______________________________________________________________

С правилами участия в конкурсном отборе ознакомлен. Правильность предоставляемых данных подтверждаю.

Дата:___________________

Подпись:________________

 

ЗАЯВЛЕНИЕ

претендента для обучения в высших учебных заведениях Республики Казахстан на 2020-2021 учебный год

Фото

3*4

 

Имя 
Фамилия 
Дата рождения 
ГражданствоПрикрепить копию паспорта (лицевая сторона загранпаспорта)
Страна проживания (постоянный адрес местожительства, e-mail, телефон) 
Документ о предыдущем уровне образования (с транскриптом при наличии)Прикрепить
Рекомендательное письмо на казахском или русском или английском языкахПрикрепить
Медицинская справка о состоянии здоровья (СПИД, флюорография)Прикрепить
Справка о несудимостиПрикрепить
Знание языков (прикрепить сертификат, при наличии)
Языки/уровень владенияУдов.Хор.Отл.
Казахский   
Русский   
Английский   
Другие (уточнить)   
Претендуемый уровень образования:Подготовительные курсы

 

Бакалавриат

 

Магистратура

 

Докторантура

 

Претендуемый ВУЗ 
Образовательная программа (специальность) 
Мотивационное эссе на казахском или русском или английском языках 
Дополнительная информация 

Подпись ___________________Дата___________________

 

Бөлүшүү

Комментарийлер